Редакцияот 10.11.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРА-БАЛТА ШААРДЫ КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

2023-жылдын 10-ноябрь № 02

 

Кара-Балта шаарында өткөрүлө турган административдик-аймактык реформа боюнча

Кыргыз Республикасынын “Административдик аймактык түзүлүш” мыйзамынын 6, 12-беренелерине ылайык, Кара-Балта шаарында административдик-аймактык реформа өткөрүү максатында, Кара-Балта шаардык кеңешинин кезексиз сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Жайыл районунун Красный-Восток айыл аймагынын Калинин айылын, Гидропартия жана Индом жер участокторун Кара-Балта шаарына кошуу маселеси колдоого алынсын.

2. Кара-Балта шаарынын аталышы өзгөртүүсүз калтырылсын.

3. Административдик борбору Кара-Балта шаары болуп эсептелсин.

4. Кара-Балта шаардык кеңешинин депутаттардын курамы жана ыйгарым укуктары өзгөрүүсүз калат.

5. Жайыл районунун Красный-Восток айылдык кеңешинин депутаттардын курамы жана ыйгарым укуктары өзгөрүүсүз калсын.

6. Кара-Балта шаары областтык маанидеги шаар категориясына киргизилсин.

7. “Кара-Балта шаарынын чек арасын өзгөртүү жөнүндө” Кара – Балта шаардык кеңешинин 2023-жылдын 30-октябрындагы № 01 Токтому күчүн жоготту деп табылсын.

8. Ушул токтом Ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Чүй - Бишкек шаардык юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.

9. Ушул токтомдун аткарылыш көзөмөлүн өзүмө калтырам.

 

 

Кеңештин төрагасы

 

М. Дуйшеналиев