Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 17-апрелиндеги № 258 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
|
| Тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 28-майындагы № 273 токтому менен бекитилди) |
Мамлекеттик жана муниципалдык мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын жетекчилерин конкурстук тандап алууну өткөрүүнүн тартиби жөнүндө ЖОБО
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 13-сентябрындагы №568, 2025-жылдын 8-сентябрындагы № 570 токтомдорунун редакциясына ылайык)
1-глава. Жалпы жоболор
1. Бул мамлекеттик жана муниципалдык мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын жетекчилерин конкурстук тандап алууну өткөрүүнүн тартиби жөнүндө жобо (мындан ары - Жобо) мамлекеттик жана муниципалдык мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын жетекчилеринин (мындан ары - жетекчи) бош кызмат орундарын ээлөөгө конкурстук тандоонун (мындан ары - конкурс) максатын, милдеттерин жана тартибин аныктайт.
2. Жетекчинин бош кызмат ордун ээлөөгө конкурс билим берүү системасында кадрларды тандоо жана жайгаштыруу боюнча иштин алкагында талапкерлердин кесиптик компетенцияларына жана жеке сапаттарына, алардын кызматтык милдеттерге ылайык келүүсүнө баа берүүгө негизделет.
3. Конкурсту уюштуруу жана өткөрүү Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигине караштуу Билим берүүнүн сапатын өнүктүрүү департаменти (мындан ары - Департамент) тарабынан ишке ашырылат.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 13-сентябрындагы № 568 токтомунун редакциясына ылайык)
4. Жободо төмөнкүдөй түшүнүктөр колдонулат:
1) сыноо мөөнөтү - иш берүүчү жетекчини анын ишти аткарууга жарактуулугун жана кесиптик сапаттарын текшерген убакыт аралыгы;
2) талапкер - жетекчинин бош кызмат ордун ээлөөгө конкурска катышууга каалоосун жазуу жүзүндө билдирген жеке жак;
3) квалификациялык талаптар - кесиптик билими деңгээлине, адистигине, адистиги боюнча иш тажрыйбасына, кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон кесиптик билимине жана көндүмүнө карата талаптар;
4) квалификациялык тестирлөө (компьютердик тестирлөө) - талапкердин кесиптик компетенттүүлүгүнүн деңгээлин жана анын квалификациялык талаптарга ылайык келишин аныктоого багытталган калыс жана ачык-айкын тестирлөө жол-жобосу;
5) талапкердин компетенциялары - талапкердин белгилүү бир кесиптик маселелерди чечүүгө мүмкүндүк берүүчү билиминин, тажрыйбасынын, көндүмдөрүнүн жана инсандык сапаттарынын жыйындысы;
6) конкурс - талапкерлердин компетенцияларын жана алар тарабынан берилген документтердин ушул Жобонун талаптарына шайкештигин баалоо жол-жобосу;
7) тест - талапкерлердин кесиптик билиминин, көндүмдөрүнүн жана компетенттүүлүгүнүн деңгээлин аныктоого арналган стандартташтырылган тапшырмалар;