Загрузка документа…
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 6-июнундагы № 295 токтомуна)
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Адамдын репродукциясы кыргыз илимий борбору жөнүндө ЖОБО
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 3- февралындагы № 54 токтомунун редакциясына ылайык)
1-глава. Жалпы жоболор
1. Бул Жобо Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин карамагында турган Адамдын репродукциясы кыргыз илимий борборунун (мындан ары - Борбор) ишинин тартибин аныктайт. Борбор жогорку технологиялык жабдууларды, алдынкы илимий жетишкендиктерди колдонуу, жогорку квалификациялуу медициналык кадрларды тартуу менен адамдын репродукциясы жаатында адистештирилген медициналык-санитардык жардам көрсөтүүчү жана медицина жаатында дарылоо-профилактикалык ишти, медицина жаатындагы илимий, фундаменталдык жана колдонмо изилдөөлөрдү жүргүзүүчү саламаттык сактоонун үчүнчүлүк деңгээлиндеги мамлекеттик дарылоо-профилактикалык, илимий-изилдөө уюму болуп саналат.
2. Борбор мекеме уюштуруу-укуктук формасындагы юридикалык жак болуп саналат, ал финансы-чарбалык жана укуктук өз алдынчалыкка, обочолонгон мүлккө, өз алдынча баланска, финансы-кредиттик мекемелерде алыш-бериш жана башка эсептерге ээ, мамлекеттик жана расмий тилдерде өзүнүн аталышы менен тегерек мөөрү, штампы жана фирмалык бланктары бар.
3. Борбор Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган жарандык-укуктук бүтүмдөрдү жүзөгө ашырат, сотто доогер жана жоопкер катары чыгат, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген укуктарга жана милдеттерге ээ.
4. Борбор өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, "Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө", "Илим жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарын, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомдорун жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин буйруктарын, ошондой эле ушул Жобону жетекчиликке алат.
5. Борбордун уюштуруучусу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети болуп саналат.
6. Борбордун иши илим чөйрөсүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган учурларда жана тартипте мамлекеттик аттестацияланууга/аккредитацияланууга тийиш.
7. Борбордун юридикалык дареги: 720028, Бишкек шаары, 7-кичи район, үй 14/1.
8. Борбордун расмий аталышы:
- мамлекеттик тилде - "Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Адамдын репродукциясы кыргыз илимий борбору";
- расмий тилде - "Кыргызский научный центр репродукции человека при Министерстве здравоохранения Кыргызской Республики";
Кыскартылган аталышы:
- мамлекеттик тилде - "КР ССМ АРКИБ";
- расмий тилде - "КНЦРЧ МЗ КР".
2-глава. Борбордун максаттары жана милдеттери
9. Борбордун ишинин максаты калктын репродуктивдүү саламаттыгын сактоо, аларга сапаттуу дарылоо-профилактикалык жардам көрсөтүү жана акушерлик, гинекология, перинатология, медициналык генетика жана көмөкчү репродуктивдүү технологиялар жаатында ушул Жобого ылайык илимий-изилдөө ишин жүзөгө ашыруу жана өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө олуттуу салым кошууга жөндөмдүү инновациялык продукцияны иштеп чыгуу болуп саналат.
10. Борбордун милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
1) илимдин багыттары боюнча фундаменталдык жана колдонмо изилдөөлөрдү жүргүзүү;
2) фундаменталдык жана колдонмо изилдөөлөр жаатында инновациялык технологияларды түзүү;
3) илимий-изилдөө жана тажрыйба-конструктордук иштерде жеке сектордун (бизнес-түзүмдөрдүн) инновациялык потенциалын жана натыйжалуулугун пайдалануу;
4) инфраструктуралык объекттерди жана/же инфраструктуралык кызмат көрсөтүүлөрдү түзүү жана/же модернизациялоо, эксплуатациялоо жана күтүү боюнча долбоорлорду иштеп чыгуу жана ишке ашыруу максатында мамлекеттик жана жеке өнөктөштөрдүн ортосундагы кызматташтык;
5) жогорку квалификациялуу илимий жана илимий-педагогикалык кадрларды даярдоо.
6) калкка адистештирилген медициналык жардамды, анын ичинде акушерлик, гинекология, перинатология, медициналык генетика жана көмөкчү репродуктивдүү технологиялар жаатында жогорку технологиялык медициналык жардамды уюштуруу жана көрсөтүү;
7) калктын репродуктивдүү саламаттыгын сактоо, анын ичинде акушерлик, гинекология, перинатология, медициналык генетика жана репродуктология жаатында илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү;
8) акушерлик, гинекология, перинатология, медициналык генетика жана көмөкчү репродуктивдүү технологиялар жаатында инновациялык медициналык технологияларды, оорулууларды диагностикалоонун жана дарылоонун жаңы методдорун, медициналык багыттагы буюмдарды, медициналык техниканы иштеп чыгуу жана колдонуу боюнча ишти уюштуруу;
9) Борбордун иши чөйрөсүндө консультациялык, консультативдик-методикалык (анын ичинде телемедициналык), маалыматтык кызматтарды көрсөтүү, маалыматтарды берүү (анын ичинде Интернет аркылуу), аны көчүрүү жана көбөйтүү;
10) медициналык кызматкерлерди даярдоо, кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу боюнча клиникалык база катары ишин жүзөгө ашыруу;
11) Борбордун ишинин негизги жыйынтыктарын камтыган басма продукцияны басып чыгаруу жана жайылтуу.
11. Борбор жүктөлгөн милдеттерге ылайык төмөнкү функцияларды аткарат:
1) калкка жогорку адистештирилген, жогорку квалификациялуу жана жогорку технологиялык жардам көрсөтөт;
2) репродуктология жаатындагы программаларды жана изилдөөлөрдүн натыйжаларын баалоо боюнча эксперттик комиссиялардын ишине катышат;
3) Борбордун профили боюнча жогорку квалификациялуу илимий-практикалык кадрларды даярдоону жүргүзөт;
4) изилдөөлөрдүн багыттары жана практикалык иштер боюнча региондук генетикалык маалыматтар банктарын түзөт;
5) мамлекеттик калктын саламаттыгын сактоонун программаларына ылайык келишимдик негизде тапшырыктарды аткарат;
6) адамдын репродуктивдүү функциялары боюнча фундаменталдык жана колдонмо илимий изилдөөлөрдү координациялайт;
7) репродуктологиянын актуалдуу маселелери боюнча тематикалык, илимий-практикалык конференцияларды жана семинарларды уюштурат жана өткөрөт;
8) мыйзамдарда белгиленген тартипте саламаттык сактоо практикасына киргизүү мүмкүндүгү тууралуу расмий корутунду берүү менен дары каражаттарына клиникалык изилдөөлөрдү (келишимдик негизде) жүргүзөт.