Загрузка документа…
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 7-июнундагы № 297 токтомуна)
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу академик Мирсаид Миррахимов атындагы Улуттук кардиология жана терапия борбору жөнүндө ЖОБО
1-глава. Жалпы жоболор
1. Ушул Жобо Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин карамагында болгон академик Мирсаид Миррахимов атындагы Улуттук кардиология жана терапия борборунун (мындан ары - Борбор) ишинин тартибин аныктайт.
2. Борбор мекеменин уюштуруу-укуктук формасындагы юридикалык жак болуп саналат, финансы-чарбалык жана укуктук оз алдынчалыкка ээ, обочолонгон мүлкү, өз алдынча балансы, финансы-кредиттик мекемелерде алыш-бериш жана башка эсептери, мамлекеттик жана расмий тилдерде өзүнүн аталышы жазылган тегерек мөөрү жана штампы бар жана тиешелүү чөйрөдө илимий, илимий-техникалык жана илимий-инновациялык ишти жүзөгө ашырат.
3. Борбор Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган жарандык-укуктук бүтүмдөрдү жүзөгө ашырат, сотто доогер жана жоопкер катары чыгат, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген укуктарга жана милдеттерге ээ.
4. Борбор өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, "Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө", "Илим жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарын, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомдорун жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин жана Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин буйруктарын, ошондой эле ушул Жобону жетекчиликке алат.
5. Борбордун уюштуруучусу болуп Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети эсептелет.
6. Борбордун иши Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо жана илим чөйрөсүндөгү мыйзамдарында аныкталган учурларда жана тартипте мамлекеттик аттестациядан/аккредитациядан өтүүгө тийиш.
7. Борбордун юридикалык дареги: 720040, Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Тоголок Молдо көчөсү, 3.
8. Борбордун расмий аталышы:
- мамлекеттик тилде: "Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу академик Мирсаид Миррахимов атындагы Улуттук кардиология жана терапия борбору";
- расмий тилде: "Национальный центр кардиологии и терапии имени академика Мирсаида Миррахимова при Министерстве здравоохранения Кыргызской Республики".
Кыскартылган аталышы:
- мамлекеттик тилде: "КР ССМ УКжТБ";
- расмий тилде: "НЦКиТ МЗ КР".
2-глава. Борбордун максаты жана милдеттери
9. Борбордун ишинин максаты калкка жеткиликтүү, сапаттуу жана коопсуз медициналык-алдын алуу жардамдарын көрсөтүү, ошондой эле Борбордун профили боюнча илимий-изилдөө ишин, өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө олуттуу салым кошууга жөндөмдүү инновациялык продукцияны иштеп чыгуу болуп саналат.
10. Борбордун милдеттери:
1) кардиология, ички оорулар, тоо медицинасы, молекулярдык биология жана жүрөк-кан тамыр хирургиясы жаатында фундаменталдык жана колдонмо илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү;
2) калкка кардиология, ички оорулар, тоо медицинасы, молекулярдык биология жүрөк-кан тамыр хирургиясы жаатында жогорку адистештирилген, жогорку квалификациялуу жана жогорку технологиялуу медициналык жардам көрсөтүү;
3) фундаменталдык жана колдонмо изилдөөлөр жаатында инновациялык технологияларды түзүү;
4) илимий-изилдөө иштерде жеке сектордун (бизнес-түзүмдөрдүн) инновациялык потенциалын жана натыйжалуулугун пайдалануу;
5) инфраструктуралык объекттерди жана/же инфраструктуралык кызмат көрсөтүүлөрдү түзүү жана/же модернизациялоо, эксплуатациялоо жана күтүү боюнча долбоорлорду иштеп чыгуу жана ишке ашыруу максатында мамлекеттик жана жеке өнөктөштөрдүн ортосундагы кызматташтык;
6) жогорку квалификациялуу илимий жана илимий-педагогикалык кадрларды даярдоо;
7) жүрөк-кан тамыр ооруларын алгачкы жана экинчи жолу алдын алуунун натыйжалуу системасын түзүүдө жана сапаттуу медициналык жардам көрсөтүүдө илимий-практикалык жардам көрсөтүү;
8) кардиологиялык, терапиялык, кардиохирургиялык профилдеги оорулардын, ошондой эле бийик тоолуу шарттардын таасиринен келип чыккан оорулардын алдын алуунун, диагностикалоонун, дарылоонун жана реабилитациялоонун жаңы, жогорку натыйжалуу жана жогорку технологиялуу, анын ичинде медикаментоздук эмес методдорун иштеп чыгуу жана киргизүү;
9) республикада кардиология, ички жана тоо медицинасы, молекулярдык биология жана жүрөк-кан тамыр хирургиясы боюнча жүргүзүлүүчү изилдөөлөрдү координациялоо;
11. Борбордун функциялары:
1) Кыргыз Республикасынын калкынын жүрөк-кан тамыр ооруларына чалдыгуусун, каза болуусун жана майып болушун азайтууга багытталган саламаттык сактоону өнүктүрүү жана реформалоо программаларын тоо шарттарын эске алуу менен ишке ашырууну уюштурат;
2) жүрөк-кан тамыр системасынын ооруларын диагностикалоонун инвазивдүү эмес жана инвазивдүү методдорун жүргүзөт, калкка жогорку адистештирилген, жогорку квалификациялуу жана жогорку технологиялуу кардиологиялык жардам, ошондой эле кечиктирилгис кардиологиялык жардам көрсөтөт;
3) кардиология, ички жана тоо медицинасы, молекулярдык биология жана жүрөк-кан тамыр хирургиясы жаатындагы программаларды жана изилдөөлөрдүн натыйжаларын баалоо боюнча эксперттик комиссиялардын ишине катышат;
4) Борбордун профили боюнча жогорку квалификациялуу илимий-практикалык кадрларды даярдоону жүргүзөт;
5) басма ишин жүзөгө ашырат;
6) калктын ден соолугун коргоо боюнча мамлекеттик программаларга ылайык келишимдик негизде заказдарды аткарат;
7) кардиология, ички жана тоо медицинасы, молекулярдык биология жана жүрөк-кан тамыр хирургиясы боюнча илимий изилдөөлөрдүн аткарылышын жана координацияланышын камсыз кылат;
8) бюджеттик жана акы төлөнүүчү негизде, адистиги боюнча иштөө укугуна сертификаттарды берүү менен кардиология, ички жана тоо медицинасы, молекулярдык биология жана жүрөк-кан тамыр хирургиясы боюнча адистерди окутууну, анын ичинде дипломдон кийинки окутууну жүргүзөт;
9) Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине Борбордун материалдык базасын өркүндөтүү жана анын кадрларынын даярдыгынын деңгээлин жогорулатуу боюнча сунуштарды киргизет;
10) кошо аткаруучу мекемелерге илимий-методикалык жардам көрсөтөт, аларды маанилүү илимий-изилдөө иштерин аткарууга тартат;
11) оорулууларды окутуунун жаңы түрлөрүн (астма-клуб, коронардык оорулуулардын клубу, кан басымы жогорулардын клубу, ж.б.) иштеп чыгат жана ишке киргизет;
12) Борбордун максаттарын жана милдеттерин аткаруу үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген иштин башка түрлөрүн аткарат.