Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ
ТОКТОМ
2024-жылдын 7-июну № 69
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен катталган талапкерлерди чыгаруу жана бош калган мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө Кара-Көл, Токтогул, Аксы, Чаткал жана Жайыл аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдери келип түштү.
«Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесинин 1-пунктунун жана «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-пунктунун негизинде, депутаттар депутаттык ыйгарым укуктарын тапшыруу жөнүндө арыз бергендигине байланыштуу жергиликтүү кеңештеринин депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө:
- Кара-Көл аймактык шайлоо комиссиясынын 31.05.2024-ж. № 13, № 15, № 17 - Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаардык кеңеши боюнча;
- Токтогул аймактык шайлоо комиссиясынын 04.06.2024-ж. № 14 - Жалал-Абад облусунун Токтогул районундагы Токтогул шаардык кеңеши боюнча;
- Аксы аймактык шайлоо комиссиясынын 03.06.2024-ж. № 11 - Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы Кербен шаардык кеңеши боюнча;
- Жайыл аймактык шайлоо комиссиясынын 05.06.2024-ж. № 14 - Чүй облусунун Жайыл районундагы Ак-Башат айылдык кеңеши боюнча.
Жеке арыздардын негизинде депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен катталган талапкерлерди чыгаруу жөнүндө:
- Аксы аймактык шайлоо комиссиясынын 03.06.2024-ж. № 11 - Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы Кербен шаардык кеңеши боюнча;
- Чаткал аймактык шайлоо комиссиясынын 04.06.2024-ж. № 4 - Жалал-Абад облусунун Чаткал районундагы Чаткал айылдык кеңеши боюнча.
«Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесинин 1-бөлүгүнүн 3-пунктунун жана 1-1-бөлүгүнүн негизинде, бош калган мандаттарды саясий партиянын тизмесинде шайланган депутаттардан кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө:
- Кара-Көл аймактык шайлоо комиссиясынын 31.05.2024-ж. № 14, № 16, № 18 - Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаардык кеңеши боюнча;
- Токтогул аймактык шайлоо комиссиясынын 04.06.2024-ж. № 14 - Жалал-Абад облусунун Токтогул районундагы Токтогул шаардык кеңеши боюнча;
- Аксы аймактык шайлоо комиссиясынын 03.06.2024-ж. № 11 - Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы Кербен шаардык кеңеши боюнча.
«Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1-пунктунун негизинде, бош калган мандаттарды тиешелүү бир мандаттуу шайлоо округ боюнча добуш берүүгө катышкан шайлоочулардын добуштарынын көбүн алган шайланган депутаттан кийинки талапкерге өткөрүп берүү жөнүндө:
- Чаткал аймактык шайлоо комиссиясынын 04.06.2024-ж. № 4 - Жалал-Абад облусунун Чаткал районундагы Чаткал айылдык кеңеши боюнча;
- Жайыл аймактык шайлоо комиссиясынын 05.06.2024-ж. № 15 - Чүй облусунун Жайыл районундагы Ак-Башат айылдык кеңеши боюнча.
Аймактык шайлоо комиссияларынын кабыл алынган чечимдери «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 20-беренесинин, «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесинин жана «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесинин талаптарына ылайык келет.
«Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4-беренесинин 1-бөлүгүнүн 28-пунктуна ылайык, «Борбордук шайлоо комиссиясы жергиликтүү кеңештин депутатынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө, жергиликтүү кеңештин депутатынын бош калган мандатын өткөрүп берүү жөнүндө, жергиликтүү кеңештин депутаттыгына талапкерлерди катталган тизмеден чыгаруу жөнүндө аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитет».
Аймактык шайлоо комиссияларынын бекитүүгө келип түшкөн чечимдеринин «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесинин жана «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3, 5-беренелеринин талаптарына ылайыктуулугун карап чыгып, «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3, 4, 8-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Көл, Токтогул, Аксы жана Жайыл аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештердин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө чечимдери 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Аксы жана Чаткал аймактык шайлоо комиссияларынын депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен катталган талапкерлерди чыгаруу боюнча чечими 2-тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Кара-Көл, Токтогул, Аксы, Чаткал жана Жайыл аймактык шайлоо комиссияларынын бош калган мандаттарды талапкерлерге жана саясий партиялардын талапкерлеринин катталган тизмесиндеги талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдери 3-тиркемеге ылайык бекитилсин.
4. Жергиликтүү кеңештердин 1-тиркемеде көрсөтүлгөн депутаттарынын күбөлүктөрү ушул токтом жарыяланган күндөн тартып, анык эмес деп таанылсын.
5. Кара-Көл, Токтогул, Аксы, Чаткал жана Жайыл аймактык шайлоо комиссиялары жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттарын 3-тиркемеге ылайык каттасын жана аларга белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөрдү жана төш белгилерди тапшырсын.
6. Бул токтом «Эркин-Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
«Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин 2024-жылдын 11-июнундагы № 44 (3597) саны менен жарыяланды
7. Бул токтомдун көчүрмөсү тиешелүү аймактык шайлоо комиссияларына жана жергиликтүү кеңештерге жөнөтүлсүн.
8. Бул токтомдун аткарылышын контролдо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Т.У.Шайназаровго жүктөлсүн.
Төрага | Н. Шайлдабекова |
| Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2024-жылдын 7-июнундагы № 69 токтомунун 1-тиркемеси |
Ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган
жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын тизмеси
№ | Жергиликтүү кеңештердин аталыштары | Ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын Ф.А.А. | Депутаттын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу боюнча АШКнын чечиминин № жана датасы жана чечимге негиз |
Жалал-Абад облусу | |||
Кара-Көл шаары | |||
1. | Кара-Көл шаардык | Мамытканова Тамара Акимжановна (3) «Замандаш» депутаттык фракциясы | Кара-Көл АШК, № 13, 31.05.2024-ж. (06.05.2024-ж. өз арызы) |
2. | Бердимуратова Гулжан Калпакбаевна (6) «Замандаш» депутаттык фракциясы | Кара-Көл АШК, № 15, 31.05.2024-ж. (06.05.2024-ж. өз арызы) | |
3. | Томошов Талгат Жакутбекович (7) «Мекен-Ынтымагы» депутаттык фракциясы | Кара-Көл АШК, № 17, 31.05.2024-ж. (28.05.2024-ж. өз арызы) | |
Токтогул району | |||
4. | Токтогул шаардык | Коконбаев Кенжебек Коконбаевич (5) «Бирге- Вместе» депутаттык фракциясы | Токтогул АШК, № 14, 04.06.2024-ж. (30.05.2024-ж. өз арызы) |
Аксы району | |||
5. | Кербен шаардык | Апсаламов Фархад Насырович «Ишеним» депутаттык фракциясы | Аксы АШК, № 11, 03.06.2024-ж. (31.05.2024-ж. өз арызы) |
Чүй облусу | |||
Жайыл району | |||
6. | Ак-Башат айылдык (№ 2 Ново-Николаевка шайлоо округу) | Айтеков Калыбек Бейшенбекович | Жайыл АШК, № 14, 05.06.2024-ж. (23.05.2024-ж. өз арызы) |