Загрузка документа…
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 24-июнундагы № 331 токтомуна)
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу академик Мамбет Мамакеев атындагы Улуттук хирургия борбору жөнүндө ЖОБО
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 3- февралындагы № 54 токтомунун редакциясына ылайык)
1-глава. Жалпы жоболор
1. Ушул Жобо Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу академик Мамбет Мамакеев атындагы Улуттук хирургия борборунун (мындан ары - Борбор) ишинин тартибин аныктайт. Борбор жогорку технологиялык жабдууларды, алдынкы илимий жетишкендиктерди пайдалануу, жогорку квалификациялуу медициналык кадрларды тартуу менен гепатопанкреатобилиардык, гастроэнтерологиялык, ириң-септикалык, эндоскопиялык жана шашылыш хирургия жаатында адистештирилген медициналык-санитардык жардам көрсөтүүчү үчүнчү деңгээлдеги саламаттык сактоонун мамлекеттик дарылоо-профилактикалык, илим-изилдөө уюму болуп саналат.
2. Борбор мекеменин уюштуруу-укуктук формасындагы, финансылык-чарбалык жана укуктук өз алдынчалыкка, обочолонгон мүлккө, өз алдынча баланска, финансы-кредиттик мекемелерде алыш-бериш жана башка эсептерге, мамлекеттик жана расмий тилдерде өзүнүн аталышы жазылган тегерек мөөргө жана штампка ээ болгон юридикалык жак болуп саналат.
3. Борбор мыйзамдарда каралган жарандык-укуктук бүтүмдөрдү ишке ашырат, сотто доогер жана жоопкер катары чыгат, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген укуктарга жана милдеттерге ээ.
4. Борбор өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, "Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө", "Илим жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарын, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомдорун, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин буйруктарын, ошондой эле ушул Жобону жетекчиликке алат.
5. Борбордун уюштуруучусу болуп Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети эсептелет.
6. Борбордун иши Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо жана илим чөйрөсүндөгү мыйзамдарында аныкталган учурда жана тартипте мамлекеттик аттестациялоодон/аккредитациялоодон өтүүгө тийиш.
7. Борбордун юридикалык дареги: 720044, Бишкек шаары, 3-линия көчөсү, 25.
8. Борбордун расмий аталышы:
- мамлекеттик тилде: "Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу академик Мамбет Мамакеев атындагы Улуттук хирургия борбору";
- расмий тилде: "Национальный хирургический центр имени академика Мамбета Мамакеева при Министерстве здравоохранения Кыргызской Республики".
Кыскартылган фирмалык аталышы:
- мамлекеттик тилде: "КРССМ АММ УХБ";
- расмий тилде: "НХЦ АММ МЗ КР".
2-глава. Борбордун максаты жана милдеттери
9. Борбордун ишинин максаты калкка сапаттуу дарылоо-профилактикалык жардам көрсөтүү, оорулууларды диагностикалоонун жана хирургиялык дарылоонун натыйжалуулугун жогорулатуу, хирургиялык кадрларды даярдоону жана кайра даярдоону өркүндөтүү, илимий-изилдөө иштерин оптималдаштыруу, ошондой эле дарылоо-консультациялык жардамды, теориялык жана клиникалык хирургия жаатындагы окуу-методикалык иштерди жана илимий изилдөөлөрдү координациялоо, Кыргызстандын хирургдарын дүйнөлүк хирургиялык коомчулукка интеграциялоо болуп саналат.
10. Борбордун милдеттери:
1) заманбап иштөө формаларын жана методдорун колдонуу менен хирургиялык илимди өнүктүрүү;
2) хирургиялык оорулары бар бейтаптарды диагностикалоонун жана дарылоонун жаңы, натыйжалуу ыкмаларын иштеп чыгуу;
3) хирургияны гармониялуу жана ар тараптуу өнүктүрүү жана калыптандыруу үчүн хирург-илимпоздордун жетишкендиктерин жана интеллектуалдык потенциалын колдонуу;
4) ата мекендик илимдин жана билим берүүнүн маанилүү көйгөйлөрүн чечүү, биргелешкен илимий-медициналык жана илимий-билим берүү программаларын жана долбоорлорун түзүү жана аткаруу үчүн Кыргызстандын жана башка өлкөлөрдүн окумуштуу-хирургдарынын күч-аракеттерин бириктирүү;
5) фундаменталдык изилдөөлөрдү өнүктүрүү жана аларды хирургиялык илимдин артыкчылыктуу багыттары боюнча координациялоо;
6) ата мекендик хирургиянын жана дүйнөлүк илимдин маанилүү жетишкендиктерин талдоо жана жалпылоо жана аларды практикага киргизүүгө көмөк көрсөтүү;
7) ар кандай хирургиялык жамааттардын, кафедралардын жана клиникалардын илимий изилдөөлөрүн интеграциялоо боюнча чараларды иштеп чыгуу;
8) клиникалык жана эксперименталдык хирургия маселелеринин кеңири чөйрөсү боюнча илимий-практикалык, методикалык жардам көрсөтүү;
9) изилдөөчүлөр үчүн жумуш орундарын түзүү жана жогорку квалификациялуу илимий-педагогикалык кадрларды даярдоо;
10) инфратүзүмдүк объекттерди жана/же инфратүзүмдүк кызмат көрсөтүүлөрдү түзүү жана/же модернизациялоо, эксплуатациялоо жана күтүү боюнча долбоорлорду иштеп чыгуу жана ишке ашыруу максатында мамлекеттик жана жеке өнөктөштөрдүн ортосундагы кызматташтык;
11) Борбордун багыты боюнча жогорку квалификациялуу илимий жана илимий-педагогикалык кадрларды даярдоо.