Редакцияот 18.09.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТАМЧЫ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Жергиликтүү депутаттарынын XXVIII чакырылышынын Тамчы айылдык кеңешинин кезексиз XI сессиясы

2023-жылдын 18-сентябры № 42

Тамчы айыл аймагынын жергиликтүү жамааттарынын өкүлчүлүктүү жыйындарын өткөрүүнү уюштуруу жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-августундагы “Элдик Курултайды өткөрүү жөнүндө” ПЖ №215 Жарлыгынын жана Ысык-Көл райондук мамлекеттик администрациясынын “Элдик Курултайды өткөрүү жөнүндө” 2023-жылдын 18-августундагы №266-Т тескемесинин негизинде Тамчы айылдык Кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.  Тамчы айыл аймагында жергиликтүү жамааттарынын өкүлчүлүктүү жыйындарын өткөрүүдө уюштуруучулук-техникалык маселелерди чечүүгө көмөк көрсөтүү боюнча уюштуруу комитетинин курамы 11 адамдан бекитилсин( №1 тиркеме).

2.  Тамчы айыл аймагынан жергиликтүү жамааттарынын өкүлчүлүктүү жыйындарына катышуучулардын саны калктын санына ылайык 50 өкүлдөн турары белгиленсин (№2 тиркеме).

3.  Тамчы айыл аймагында жергиликтүү жамааттарынын өкүлчүлүктүү делегаттарын шайлоо боюнча жыйындарды өткөрүү 2023- жылдын 19- октябрынан 25- октябрына чейин белгиленсин ( № 3 тиркеме).

4.  Элдик курултайдын делегаттарын шайлоо боюнча жергиликтүү жамааттарынын өкүлчүлүктүү жыйындарын өткөрүү 2023- жылдын 18-ноябрына чакырылсын (№4 тиркеме).

5.  Ар бир айылдан шайланган жергиликтүү кеңештин депутаттарына, айыл башчыларга жана уюштуруу комитетине жергиликтүү жамааттарынын өкүлчүлүктүү делегаттарын шайлоо боюнча жыйындарды өткөрүү жана уюштуруу жагы милдеттендирилсин.

6.  Токтом массалык маалымат каражаттарына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн облусттук Юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.

7.  Токтомдун аткарылышын көзөмөл кылуу айылдык Кеңештин туруктуу комиссия курамына тапшырылсын.

 

Төрага

Э.А.Мамбетов

 

 

№1 тиркеме

 

 

БЕКИТИЛДИ

Жергиликтүү депутаттарынын

XXVIII чакырылышынын кезексиз

XI сессиясынын 2023- жылдын

18- сентябрындагы №42 токтому

 

Тамчы айыл аймагында жергиликтүү жамааттарынын өкүлчүлүктүү жыйындарын

өткөрүүдө уюштуруучулук-техникалык маселелерди чечүүгө көмөк көрсөтүү

боюнча уюштуруу комитетинин курамы :

 

№

Ф.А.А

кызматы

Жумушчу тобунун ролу

Айылга жооптуу

1.

Мамбетов Элнар Асангазиевич

 Айылдык Кеңештин төрагасы

 төрага

Чырпыкты

Кош-Көл

Тамчы

2.

Рысалиева Гульзат Рымбековна

 Айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы

 катчы

Чырпыкты

Кош-Көл

Тамчы

3.

Искаков Рысбек Тургунаалыевич

Айыл Өкмөтүнүн кызматкери

мүчөсү

Тамчы

Кош-Көл

Чырпыкты

4.

Самат уулу Арзымат

айылдык Кеңештин депутаты

мүчөсү

Тамчы

5.

Сейдакматов. Усупбек Сагалиевич

айылдык Кеңештин депутаты

мүчөсү

Тамчы

6.

Сукенова Назгул Мелисовна

айылдык Кеңештин депутаты

мүчөсү

Чырпкты

7.

Жылкыбек уулу Улукбек

айылдык Кеңештин депутаты

мүчөсү

Чырпыкты

8.

Рыспай уулу Нурсултан

айылдык Кеңештин депутаты

мүчөсү

Кош-Көл

9.

Молдалиева Медергүл Тологоновна

 Айылдык Кеңештин депутаты

мүчөсү

Чырпыкты

10.

Акеев Кубанычбек Белекович

 Аксакалдар Сотунун төрагасы

мүчөсү

Тамчы

11.

Эгеев Жолдошбек Абышович

 Аксакалдар Сотунун төрагасы

мүчөсү

Чырпыкты

Тамчы айыл

Өкмөтүнүн

жооптуу катчысы :

 

 

Г.Р. Рысалиева

 

№2 тиркеме

 

БЕКИТИЛДИ

Жергиликтүү депутаттарынын

XXVIII чакырылышынын кезексиз

XI сессиясынын 2023- жылдын

18- сентябрындагы №42 токтому

Тамчы айыл аймагынын жергиликтүү жамааттарынын өкүлчүлүктүү

жыйындарына катышуучулардын саны жана квотасы:

№

Айылдардын аталышы

Калкынын саны

Квотага тийиштүү калктын саны

Берилүүчү квотанын саны

Гендердик баланс 30% ( аял)

1.

Тамчы

2438

 

19

 14 эркек,

 5 аял

2.

Чырпыкты

2657

 

21

16 эркек,

 5 аял

3.

Кош-Көл

610

 

10

7 эркек,

3 аял

Жалпысы

5705

 

50

37 эркек

13 аял

Тамчы айыл

Өкмөтүнүн

жооптуу катчысы :

 

 

Г.Р. Рысалиева

 

№3 тиркеме

 

БЕКИТИЛДИ

Жергиликтүү депутаттарынын

XXVIII чакырылышынын кезексиз

XI сессиясынын 2023- жылдын

18- сентябрындагы №42 токтому

Тамчы айыл аймагында 2023-жылдын 19-октябрынан 25-октябрына

чейин жергиликтүү жамааттарынын өкүлчүлүктүү делегаттарын

шайлоо боюнча жыйындарын өткөрүү

№

Ф.А.А

Чогулуш өтүүчү жер

Убактысы

Уюштуруучулар

 

1.

 

Тамчы

 

Тамчы маданият үйү

 

19.10.2023-ж

саат 13:00

Айылдык Кеңеш,жергиликтүү жамааттарынын өкүлчүлүктүү жыйындарын өткөрүү уюштуруу комитетинин курамы

 

 

2.

 

Чырпыкты

 

Чырпыкты маданият үйү

 

25.10.2023-ж

саат 13:00

Айылдык Кеңеш,жергиликтүү жамааттарынын өкүлчүлүктүү жыйындарын өткөрүү уюштуруу комитетинин курамы

 

 

3.

 

Кош-Көл

 

Кош-Көл айылынын ФАП

 

25.10.20223ж

саат 10:00

Айылдык Кеңеш,жергиликтүү жамааттарынын өкүлчүлүктүү жыйындарын өткөрүү уюштуруу комитетинин курамы

 

Тамчы айыл

Өкмөтүнүн

жооптуу катчысы :

 

 

Г.Р. Рысалиева

 

№4 тиркеме