Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 12-июлу № 382
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-июнундагы № 355 "Кыргыз Республикасынын жогорку жана кесиптик орто билим берүү чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актыларын бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Жогорку кесиптик билим берүү жаатындагы ченемдик укуктук актыларды өркүндөтүү максатында, "Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-июнундагы № 355 "Кыргыз Республикасынын жогорку жана кесиптик орто билим берүү чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актыларын бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 1-пунктта:
- экинчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- Кыргыз Республикасынын жогорку кесиптик билим берүү уюмдарына кабыл алуу тартиби 1-тиркемеге ылайык;";
- төмөнкүдөй мазмундагы 1-1-пункт менен толукталсын:
"1-1. Бул токтомду аткаруу менен байланышкан бардык чыгымдар тиешелүү жылга республикалык бюджетте каралган тиешелүү министрликтердин жана ведомстволордун каражаттарынын чегинде жана жогорку жана орто кесиптик билим берүү уюмдарынын өздүк каражаттарынын эсебинен жүргүзүлөт.";
2) жогоруда аталган токтомдун 1-тиркемеси ушул токтомдун тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын;
3) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Абитуриенттерди жалпы республикалык тестирлөө жөнүндө жободо:
- 1-3-пункттар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Бул Жобо "Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31, 32-беренелерине ылайык иштелип чыккан жана жалпы орто билимдин базасында Кыргыз Республикасынын жогорку жана орто кесиптик билим берүү уюмдарына (мындан ары - ЖКБ жана ОКБ билим берүү уюмдары) окууга тапшырууну каалаган адамдарды (мындан ары -абитуриенттер) жалпы республикалык тестирлөөдөн (мындан ары - тестирлөө) өткөрүү тартибин белгилейт.
2. Тестирлөө ЖКБ жана ОКБ билим берүү уюмдарында окууга кыйла жөндөмдүү жана даяр абитуриенттерди аныктоо максатында жүргүзүлөт.
3. ЖКБ билим берүү уюмдарына тапшыруу үчүн тестирлөөгө жалпы орто, кесиптик башталгыч (жалпы орто билими жөнүндө документи болсо) же кесиптик орто билими бар, ошондой эле каттоо учурда жалпы билим берүү уюмдарында 11-класста жана кесиптик орто жана башталгыч билим берүү уюмдарынын бүтүрүү курстарында окуп жаткан Кыргыз Республикасынын жарандары катыша алат. Тестирлөөгө каттоо учурунда ЖКБ билим берүү уюмдарында окуп жаткан жарандарга тестирлөөгө катышууга жол берилбейт.
ОКБ билим берүү уюмдарына тапшыруу үчүн тестирлөөгө жалпы орто же кесиптик башталгыч билими бар (жалпы орто билими тууралуу документ болсо), ошондой эле каттоо учурда жалпы билим берүү уюмдарында 11-класста жана кесиптик башталгыч билим берүү уюмдарынын бүтүрүү курстарында окуп жаткан Кыргыз Республикасынын жарандары катыша алат. ОКБ билим берүү уюмдарында тапшыруу үчүн тестирлөөгө каттоо учурунда ОКБ билим берүү уюмдарында окуп жаткан жарандарга тестирлөөгө катышууга жол берилбейт.
Чет өлкөлүк жарандар тестирлөөгө катыша алат жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерге ылайык мамлекеттик билим берүү грантына талапкер боло алат.";
- 5-пункт "мамлекеттик эмес" деген сөздөрдөн кийин "коммерциялык эмес" деген сөздөр менен толукталсын;
- 10-пунктта "ЖОЖдун" деген сөздөр "ЖКБ жана ОКБ билим берүү уюмдарынын" деген сөздөргө алмаштырылсын;
-11, 12, 14-пункттарда түрдүү жөндөмөдөгү "жогорку окуу жайы", "ЖОЖ" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөдө "ЖКБ жана ОКБ билим берүү уюмдары" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 28-пункттун биринчи сүйлөмү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"28. Жалпы орто, кесиптик башталгыч же кесиптик орто билими бар, ЖКБ билим берүү уюмдарына тапшыруу үчүн тестирлөөнүн жыйынтыгы боюнча ушул жылы эң жогорку балл алган 50 абитуриентке КТК тарабынан артыкчылыктуу сертификат берилет.".
2. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
1) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 21-ноябрындагы № 654 "Мамлекеттик жогорку окуу жайларга өзгөчө статус берүү боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомунун 5-пункту;
2) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-ноябрындагы № 665 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-июнундагы № 355 "Кыргыз Республикасынын жогорку жана кесиптик орто билим берүү чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актыларын бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому;
3) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 28-февралындагы № 106 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомунун 2-пункту.
3. Бул токтом 2025-жылдын 1-сентябрынан тартып күчүнө кирүүчү ушул токтомдун 1-пунктунун 3-пунктчасын кошпогондо, расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2024-жылдын 19-июлундагы № 54 (3608) саны менен жарыяланды.