Редакцияот 25.07.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

2024-жылдын 25-июлу № 424

Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин Күжүрмөн туусу жана символика белгиси жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерин "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик символдору жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык келтирүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

 

1. Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин Күжүрмөн туусу жана символика белгиси жөнүндө тиркелген жобо бекитилсин.

2. Ушул токтомду ишке ашыруу Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги үчүн тиешелүү жылга жана кийинки жылдарга республикалык бюджетте каралган каражаттардын чегинде жүзөгө ашырылат деп белгиленсин.

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 30-августундагы № 650 "Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин Күжүрмөн туусу жана символика белгиси жөнүндө" токтому күчүн жоготту деп таанылсын.

4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2024-жылдын 30-июлундагы № 57 (3611) саны менен жарыяланды.

 

 

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

 

А.У. Жапаров