Загрузка документа…
2-тиркеме
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 31-июлундагы № 462-т тескемесине)
Авиациялык коопсуздук, абада ташууларда формалдуулуктарды жөнөкөйлөтүү, учуулардын коопсуздугу боюнча ведомстволор аралык комитет жөнүндө ЖОБО
1-глава. Жалпы жоболор
1. Авиациялык коопсуздук, абада ташууларда формалдуулуктарды жөнөкөйлөтүү, учуулардын коопсуздугу боюнча ведомстволор аралык комитет (мындан ары - ведомстволор аралык комитет) - Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, мамлекеттик комитеттеринин жана администрациялык ведомстволорунун авиациялык коопсуздук чараларын камсыздоо, абада ташууларда формалдуулуктарды жөнөкөйлөтүү жана учуулардын коопсуздугун башкаруу боюнча ишин координациялоо үчүн дайындалган коллегиялуу орган болуп саналат.
2. Ведомстволор аралык комитет өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын Аба кодексин жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын, Кыргыз Республикасынын министрликтеринин жана ведомстволорунун жетекчилеринин биргелешкен буйруктарын, Кыргыз Республикасынын Авиация эрежелерин жана ушул Жобону жетекчиликке алат.
2-глава. Ведомстволор аралык комитеттин курамы
3. Ведомстволор аралык комитет ведомстволор аралык комитеттин төрагасынан, төрагасынын орун басарынан жана мүчөлөрүнөн турат.
4. Ведомстволор аралык комитеттин төрагасы болуп Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын жарандык авиация маселелерин тейлеген орун басары эсептелет. Ведомстволор аралык комитеттин төрагасы жок учурда анын функцияларын төраганын орун басары аткарат.
5. Ведомстволор аралык комитеттин төрагасынын орун басары болуп Кыргыз Республикасынын жарандык авиация органынын жетекчиси эсептелет.
6. Ведомстволор аралык комитеттин мүчөлөрү болуп ушул тескеменин 1-тиркемесине ылайык Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана ведомстволорунун жетекчилери эсептелет.
7. Ведомстволор аралык комитеттин катчысы болуп Кыргыз Республикасынын жарандык авиация органынын жетекчисинин орун басары эсептелет.
3-глава. Ведомстволор аралык комитеттин функциялары
8. Ведомстволор аралык комитеттин функциялары болуп төмөнкүлөр саналат:
1) Кыргыз Республикасында авиациялык коопсуздук чараларын камсыздоо жана жарандык авиацияны мыйзамсыз кийлигишүү актыларынан коргоо маселелерин кароо;
2) аэропорттордун контролдонбогон зоналарында коопсуздук чараларын камсыздоо маселелерин кароо;
3) жарандык авиациянын коркунучтарын нейтралдаштыруу үчүн зарыл болгон авиациялык коопсуздук жаатында консультациялык жардам көрсөтүү;
4) эл аралык аба ташууларына карата колдонулуучу чек ара жана башка формалдуулуктар жаатындагы маселелерди кароо;
5) министрликтер, ведомстволор, жарандык авиация уюмдары жана башка жактар тарабынан авиациялык коопсуздук, абада ташууларда формалдуулуктарды жөнөкөйлөтүү чөйрөсүндөгү ченемдик актыларды аткаруу жана координациялоо боюнча макулдашылган чараларды иштеп чыгуу;
6) министрликтер, ведомстволор, жарандык авиация уюмдары жана башка жактар тарабынан авиациялык коопсуздук, формалдуулуктарды жөнөкөйлөтүү боюнча мамлекеттик программаларды/жоболорду жана аларды ишке ашыруу пландарын ишке ашыруу боюнча сунуштарды иштеп чыгуу, макулдашуу;
7) министрликтер, ведомстволор, жарандык авиация уюмдары жана башка жактар тарабынан авиациялык коопсуздук чөйрөсүндөгү Глобалдык планды ишке ашыруу боюнча жол картасын иштеп чыгуу жана ишке ашыруу;
8) аэродромдордун аймагындагы жандуу жаратылышты жөнгө салуу, аба кемелеринин канаттуулар жана жапайы жаныбарлар менен кагылышуу коркунучун азайтуу, аэродромдордун аймагына жаныбарларды жана канаттууларды тартууга өбөлгө болуучу коркунучтуу шарттарды жоюу жаатындагы маселелерди кароо;
9) жарандык авиация чөйрөсүндөгү жерди пайдалануу, экологиялык талаптардын ортосундагы чыр-чатактарды жөнгө салуу жаатындагы маселелерди кароо;
10) авиациялык коопсуздук, формалдуулуктарды жөнөкөйлөтүү, учуулардын коопсуздугу боюнча жумушчу топтор киргизүүчү маселелерди кароо;
11) авиациялык коопсуздук, формалдуулуктарды жөнөкөйлөтүү, учуулардын коопсуздугу боюнча аэропорттук комитеттер киргизген маселелерди кароо;
12) натыйжалуу Учуулардын коопсуздугу өкмөттүк программасын киргизүү жана башкаруу;
13) Учуулардын коопсуздугу мамлекеттик саясатын калыптандыруу жана аны илгерилетүү;
14) жарандык авиациянын ишине таасир этиши мүмкүн болгон болжолдонгон өзгөрүүлөрдү жана келип чыккан тобокелдиктерди кароо жана учуулардын коопсуздугун натыйжалуу башкарууну камсыз кылуу;
15) Учуулардын коопсуздугу өкмөттүк программасына катышкан учуулардын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча мекемелердин ишин жана милдеттерин координациялоо;
16) Кыргыз Республикасынын авиатранспорт системасынын учууларынын коопсуздугунун жалпы көрсөткүчтөрүнө мониторинг жүргүзүү;
17) учуулардын коопсуздугунун алгылыктуу деңгээлине жана Учуулардын коопсуздугу өкмөттүк максаттарына мониторинг жүргүзүү жана жетишүү;
18) Учуулардын коопсуздугу өкмөттүк программасын аткаруу боюнча макулдашылган чараларды иштеп чыгуу;
19) Учуулардын коопсуздугу боюнча мамлекеттик программасын жана Учуулардын коопсуздугу боюнча улуттук программасын ишке ашыруу боюнча сунуштарды иштеп чыгуу жана макулдашуу;
20) учуулардын коопсуздугу жөнүндө талданган маалыматтардын жана Учуулардын коопсуздугу улуттук өкмөттүк негизинде жарандык авиация органы берген маалыматтардын негизинде чечимдерди кабыл алуу;
21) Учуулардын коопсуздугу өкмөттүк программасын ишке ашыруу үчүн Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана ведомстволорунун жетекчилеринин биргелешкен буйруктарын иштеп чыгуу жана макулдашуу, алардын аткарылышын контролдоону жана талдоону жүзөгө ашыруу;
22) учуулардын коопсуздугун башкаруу маселелери боюнча ведомстволор аралык комитет кабыл алган чечимдерди (сунуштамалардын) жана башка жетишилген макулдашууларды ишке ашыруунун натыйжаларын кароо (жыйынтыктарын талкуулоо);
23) башка өлкөлөрдүн иш тажрыйбасын үйрөнүү, зарыл болгон учурда эл аралык кызматташтыкты уюштуруу жөнүндө сунуш киргизүү.
9. Ведомстволор аралык комитеттин чечимдери протокол түрүндө ишке ашырылат жана бардык министрликтер, ведомстволор, жарандык авиация уюмдары, ошондой эле өз ишин жарандык авиация объекттеринде жүзөгө ашыруучу же иши жарандык авиациянын ишине тиешеси бар башка жактар (юридикалык, жеке жактар) тарабынан жүзөгө ашырылат.