Загрузка документа…
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 31-июлундагы № 437 токтомуна)
Кыргыз Республикасынын аймагында жашап турууга уруксатты тариздөө жана берүү тартиби жөнүндө ЖОБО
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 7-апрелиндеги № 181 токтомунун редакциясына ылайык)
1-глава. Жалпы жоболор
1. Бул Жобо калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын жана анын ведомстволук мекеменин Кыргыз Республикасында жашап турууга уруксатка арыздарды кабыл алууну уюштуруу, тариздөө, берүү жана жокко чыгаруу боюнча ишинин тартибин бекитүү максатында "Тышкы миграция жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 15-статьясына ылайык иштелип чыкты.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 7-апрелиндеги № 181 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Бул Жободо төмөнкүдөй түшүнүктөр колдонулат:
1) арыз - адамдын кандайдыр бир аракеттерди жасоо жөнүндө өтүнүчүн камтуучу, электрондук түрдө таризделүүчү кайрылуу;
2) иммигрант - Кыргыз Республикасына туруктуу жашоо максатында мыйзамдуу негиздерде кирген чет өлкөлүк жаран же жарандыгы жок болуп саналган адам;
3) чет өлкөлүк жаран - Кыргыз Республикасынын жараны болуп саналбаган жана өзүнүн кайсы бир чет мамлекеттин жарандыгына таандык экендигине далили бар адам;
4) аймактык бөлүм - калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын ведомстволук мекеменин жашап турууга уруксаттарды кабыл алууну, тариздөөнү жана берүүнү жүзөгө ашыруучу аймактык бөлүмдөрү;
5) жарандыгы жок адамдын күбөлүгү - жарандыгы жок адамдын Кыргыз Республикасынын аймагында жана анын чегинен тышкары ким экендигин күбөлөндүрүүчү документи;
6) калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган - калкты каттоо жаатында мамлекеттик саясатты ишке ашыруучу мамлекеттик орган;
7) ведомстволук мекеме - калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын калкты мамлекеттик каттоо, жарандык абалдын актыларын каттоо, Кыргыз Республикасынын жарандыгын алуу жана андан чыгуу маселелери боюнча документтерди кабыл алуу жана тариздөө, жарандарга жекелештирилген, идентификациялоочу жана башка мамлекеттик маанидеги документтерди берүү жаатындагы ишти жүзөгө ашыруучу ведомстволук мекемеси;
8) факсимилдик кол тамга (факсимиле) - ден соолугунун абалына байланыштуу (көрүүсүнүн начарлашы, колу-бутунун жоктугу, кыймылдын координациясынын бузулушу, шал оорусу) өз алдынча өзүнүн кол тамгасын коюу мүмкүнчүлүгү болбогон ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын өзүнүн кол тамгасын алмаштыруучу атайын даярдалган штамп (клише);
9) Кыргыз Республикасында тышкы миграцияны эсепке алуунун бирдиктүү системасы (мындан ары - ТМЭБС) - адамдардын Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы аркылуу кирүүсүн/чыгуусун эсепке алуу жана контролдоо, чет өлкөлүк жарандарга жана жарандыгы жок адамдарга Кыргыз Республикасынын аймагында эмгектенүү үчүн визаларды жана уруксаттарды, убактылуу жана туруктуу жашоого уруксаттарды берүү, ошондой эле аларды Кыргыз Республикасынын аймагында жүргөн (жашаган) жери боюнча каттоо жана жашы жете электердин Кыргыз Республикасынан чыгуусу үчүн алардын мыйзамдуу өкүлдөрү тарабынан берилген, Кыргыз Республикасынын нотариалдык документтеринин бирдиктүү электрондук базасынан келип түшкөн нотариалдык күбөлөндүрүлгөн өтүнүчтөрдү эсепке алуу боюнча маалыматтык системасы түшүнүлөт;
Көңүл буруңуздар! КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 31-июлундагы № 437 токтомунун 6-п. ылайык берилген пункттун 9-пунктчасынын жашы жете электердин Кыргыз Республикасынан чыгуусу үчүн алардын мыйзамдуу өкүлдөрү тарабынан берилген, Кыргыз Республикасынын нотариалдык документтеринин бирдиктүү электрондук базасынан келип түшкөн нотариалдык күбөлөндүрүлгөн өтүнүчтөрдү эсепке алуу бөлүгү 2026-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.
10) QR-код - ал байланган объект жөнүндө маалыматты камтыган машинада окулуучу оптикалык белги.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 7-апрелиндеги № 181 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Арыздарды кабыл алуу жана тариздөө, документтерди макулдашуу, жашап турууга уруксаттарды берүү жана сактоо ТМЭБС аркылуу жүзөгө ашырылат.
Жашап турууга уруксат чет өлкөлүк жаранга, жарандыгы жок адамга электрондук түрдө берилет, алар кийин кагазга басып чыгаруу мүмкүндүгү менен QR-кодду камтыйт.
Жашап турууга уруксаттын, ошондой эле анкета-арыздардын формасы, сыпаттамасы, үлгүлөрү калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан бекитилет.
4. Жашап турууга уруксаттар төмөнкүдөй түрлөргө бөлүнөт:
1) убактылуу жашап турууга уруксат - кийин жыл сайын, бирок беш жылдан ашык эмес мөөнөткө узартуу менен бир жылдык мөөнөткө берилет;
2) туруктуу жашап турууга уруксат - беш жылдык мөөнөткө, бирок чет мамлекеттин паспортунун же жарандыгы жок адамдын күбөлүгүнүн колдонуу мөөнөтүнөн ашык эмес, 45 жашка толгондо - чет мамлекеттин паспортунун же жарандыгы жок адамдын күбөлүгүнүн бүткүл колдонуу мөөнөтүнө берилет.
5. Кыргыз Республикасынын аймагында мыйзамдуу негиздерде 6 айдан кем эмес жашаган чет өлкөлүк жаран же жарандыгы жок адам белгиленген формадагы убактылуу жашап турууга уруксат берүү жөнүндө арыз менен аймактык бөлүмгө кайрылууга укуктуу.
Кыргыз Республикасынын аймагында ишке, окууга, ишкердикке байланышпаган жеке максаттары менен 60 календардык күндөн ашык болууга ниеттенген Россия Федерациясынын, Казакстан Республикасынын, Тажикстан Республикасынын, Армения Республикасынын, Беларусь Республикасынын, Грузиянын, Азербайжан Республикасынын, Молдова Республикасынын жарандары Кыргыз Республикасынын аймагында визасыз жүрүү тартиби менен аймактык бөлүмгө убактылуу жашап турууга уруксат берүү жөнүндө арызы менен кайрылууга милдеттүү.
6. Убактылуу жашап турууга уруксат чет өлкөлүк жаранга же жарандыгы жок адамга төмөнкүлөр үчүн берилет:
1) Кыргыз Республикасынын аймагында эмгектенүү үчүн;
2) окуу жайда окуу үчүн - окуу жайдын жана билим берүү жана илим чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын өтүнүчү боюнча;
3) Кыргыз Республикасынын аймагында инвестициялык ишти жүзөгө ашыруу үчүн.
7. Кыргыз Республикасынын аймагында мыйзамдуу негиздерде беш жылдан кем эмес туруктуу жашап жаткан чет өлкөлүк жарандар же жарандыгы жок адамдар аймактык бөлүмгө туруктуу жашап турууга уруксат берүү жөнүндө арыз менен кайрылууга укуктуу.
Эгерде адам Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары бир жылдын ичинде үч айдан ашык эмес убакытка чыкса, жашоо мөөнөтү туруктуу деп эсептелет.
Иммигрант статусун алууда артыкчылык укугунан пайдаланган чет өлкөлүк жарандар же жарандыгы жок адамдар Кыргыз Республикасынын аймагында 6 ай жүргөндөн кийин туруктуу жашап турууга уруксат берүү жөнүндө арыз берүүгө укуктуу.
8. Жашап турууга уруксат берүү жөнүндө анкета-арыз аракетке жөндөмдүү чет өлкөлүк жаран же 18 жашка толгон жарандыгы жок адам тарабынан берилет.
9. Жашап турууга уруксат жетим калган чет өлкөлүк жаранга же болбосо, эгерде ал мамлекеттин толук камкордугунда болсо, анын жаш курагына карабастан берилиши мүмкүн.
10. Эгерде арыз ээси өзү жана аны менен чогуу жашаган үй-бүлө мүчөлөрү үчүн жашап турууга уруксат алууга ниет кылса, бул жөнүндө арызда көрсөтүлөт. Арыз ээсинин 18 жашка толгон үй-бүлө мүчөлөрү арызды өзүнүн атынан өз алдынча берет.
11. Арыз берүүдө арыз ээсинин Кыргыз Республикасында жашоого ниет кылган бардык үй-бүлө мүчөлөрүнүн катышуусу жана ушул Жободо белгиленген талаптарды сактоосу зарыл.
12. Чет мамлекеттердин аймагында таризделген расмий документтер, жашап турууга уруксатты алуу үчүн берилүүчү алардын көчүрмөлөрү эгерде Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган эл аралык келишимдерде башкача каралбаса, белгиленген тартипте легалдаштырылууга тийиш.
13. Чет тилде түзүлгөн документтер Кыргыз Республикасынын мамлекеттик же расмий тилдерине которулууга тийиш. Котормонун тууралыгы жана котормочунун кол тамгасынын аныктыгы нотариалдык күбөлөндүрүлүүгө тийиш.
14. Эгерде арыз берген күнгө карата ким экендигин жана жарандыгын күбөлөндүрүүчү документтердин колдонуу мөөнөтү 6 айдан аз болсо, чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын жашап турууга уруксат алууга документтери кароого кабыл алынбайт.
15. Чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар үчүн жашап турууга уруксаттын түрлөрү боюнча материалдарды кароонун жалпы мөөнөтү төмөнкү мөөнөттөн ашпоого тийиш:
- 30 жумуш күн - убактылуу жашап турууга уруксаттар боюнча;
- 15 жумуш күн - ушул Жобонун 5-пунктунун экинчи абзацында көрсөтүлгөн адамдар үчүн убактылуу жашап турууга уруксаттар боюнча, Кыргыз Республикасынын аймагында ишке, окууга, ишкердикке байланышпаган жеке максаттар боюнча 60 календардык күндөн ашык жүрүү ниети менен кайрылган учурда;
- 60 жумуш күн - туруктуу жашап турууга уруксаттар боюнча (Кыргыз Республикасында иммигрант статусун берүү мөөнөтүн кошпогондо).
16. Чет өлкөлүк жарандар же жарандыгы жок адамдар жашап турууга уруксат берилген же узартылган күндөн тартып үч жумуш күндүн ичинде Кыргыз Республикасынын аймагында жашаган жери боюнча каттоо жөнүндө аймактык бөлүмгө арыз менен кайрылууга милдеттүү.
17. Колдонуу мөөнөтү жашап турууга уруксаттын колдонуу мөөнөтүнүн чегинде аяктаган ким экендигин ырастоочу документтери бар чет өлкөлүк жарандар өзүнүн жарандык таандыктыгы боюнча мамлекеттин ыйгарым укуктуу органдарында ким экендигин күбөлөндүрүүчү документтин колдонуу мөөнөтүн өз убагында узартууга (жаңысын тариздөөгө) милдеттүү.
18. Идентификациялык жеке номердин болушу жашап турууга уруксат берүү үчүн милдеттүү шарт болуп саналат.
19. Чет өлкөлүк жарандын же жарандыгы жок адамдын идентификациялык жеке номери жок болгон учурда аймактык бөлүм тарабынан Кыргыз Республикасынын жарандарын жекелештирилген (индивидуалдык) эсепке алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык идентификациялык жеке номер ыйгарылат.
20. Арыз ТМЭБСте катталган күндөн тартып кароого кабыл алынды деп эсептелет.
21.Берилген документтерде оңдоолор жана/же жасалмалоо белгилери аныкталган учурда аймактык бөлүмдүн кызматкери тарабынан 4 нускада акт түзүлөт (биринчи нускасы арыз ээсине берилет, экинчи нускасы түзүлгөн жерде калат, үчүнчү жана төртүнчү нускалары улуттук коопсуздук жана ички иштер маселелерин тескеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарга жөнөтүлөт).
22. Ондоолор жана/же жасалмалоо белгилери аныкталган документтерди берген адамдардын арызын тариздөө үчүн документтерди кабыл алуу маселеси улуттук коопсуздук жана ички иштер маселелерин тескеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар тарабынан акыркы чечим чыгарылгандан кийин чечилет.
23. Жашаган жери 30 календардык күндөн ашык мөөнөткө өзгөргөн учурда жашап турууга уруксат алган чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар жаңы жашаган жери боюнча каттоо жөнүндө арыз менен аймактык бөлүмгө кайрылууга милдеттүү.