Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 14-августу № 469
Шайкештикти баалоо боюнча органдарга ыйгарым укуктарды берүү жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин шайкештикти баалоо чөйрөсүндөгү айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 19-июнундагы № 352 токтомунун редакциясына ылайык)
2021-жылдын 22-ноябрында Москва шаарында кол коюлган Үчүнчү өлкөлөр менен өз ара соодадагы техникалык тоскоолдуктарды четтетүүнүн тартиби жана шарттары жөнүндө макулдашууну ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасында техникалык жөнгө салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 27-статьясына, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинети токтом кылат:
1. Техникалык регламенттердин талаптарына иштерди жүргүзүүгө шайкештикти баалоо жана/же милдеттүү талаптарга техникалык жөнгө салуу объекттеринин шайкештигин баалоо натыйжаларын өз ара таануу боюнча органдарга ыйгарым укуктарды берүү жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 20-майындагы № 267 "Шайкештикти баалоо чөйрөсүндөгү айрым маселелер жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- 4-пунктта "аккредитациялоо боюнча улуттук орган тарабынан чечим кабыл алынганга чейин" деген сөздөр "аккредитациялоо боюнча улуттук органдын кайрылуусу боюнча жана ал чечим кабыл алганга чейин" деген сөздөргө алмаштырылсын.
3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 28-февралындагы № 107 "Сертификациялоо боюнча эксперттерге (эксперт-аудиторлорго), сертификациялоо боюнча эксперттердин (эксперт-аудиторлордун) компетенттүүлүгүн ырастоочу органга талаптарды, алардын компетенттүүлүгүн ырастоо, сертификациялоо боюнча эксперттердин (эксперт-аудиторлордун) бирдиктүү реестрин түзүү жана жүргүзүү тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 2-пунктта "же аккредитациялоо жаатына ылайык персоналды сертификациялоо боюнча аккредитацияланган орган" деген сөздөр алып салынсын;
2) 7-пунктта "жана персоналды сертификациялоо боюнча аккредитацияланган орган" деген сөздөр алып салынсын;
3) жогоруда белгиленген токтом менен бекитилген Сертификациялоо боюнча эксперттерге (эксперт-аудиторлорго), сертификациялоо боюнча эксперттердин (эксперт-аудиторлордун) компетенттүүлүгүн ырастоочу органга талаптар, алардын компетенттүүлүгүн ырастоо, сертификациялоо боюнча эксперттердин (эксперт-аудиторлордун) бирдиктүү реестрин түзүү жана жүргүзүү тартибинде:
- 2-пункттун 1-пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1) орган - сертификациялоо боюнча эксперттин компетенттүүлүгүн ырастаган Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Стандартташтыруу жана метрология борбору;";
- 3-пунктта:
1-пунктча төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1) иштин тиешелүү чөйрөсүндө жогорку кесиптик билими жана/же билдирилген сертификациялоо тармагы боюнча инженердик-техникалык билими же адистиги жана/же даярдоо багыты боюнча кошумча кесиптик билими же шайкештикти ырастоо боюнча иштерди жүргүзүүдө сертификациялоо боюнча экспертти тиешелүү сертификациялоо тармагындагы илимий адистик боюнча окумуштуулук даражасы болууга;";
2-пунктчада "бир жылдан ашык" деген сөздөр "билдирилген сертификациялоо тармагында сертификациялоо боюнча адистин - эки жылдан кем эмес" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 5-пункт төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын: