Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 27-августу № 507
Кыргыз Республикасынын токой тармагын өнүктүрүүнүн 2040-жылга чейинки мезгилге карата концепциясын ишке ашыруу боюнча 2024-2028-жылдарга иш-аракеттер планын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 27-майындагы № 231 "Кыргыз Республикасынын токой тармагын өнүктүрүүнүн 2040-жылга чейинки мезгилге карата концепциясын бекитүү жөнүндө" токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын токой тармагын өнүктүрүүнүн 2040-жылга чейинки мезгилге карата концепциясын ишке ашыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Токой кодексинин 22, 23-беренелерине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
1) Кыргыз Республикасынын токой тармагын өнүктүрүүнүн 2040-жылга чейинки мезгилге карата концепциясын ишке ашыруу боюнча 2024-2028-жылдарга иш-аракеттер планы (мындан ары - Иш-аракеттер планы) 1-тиркемеге ылайык;
2) Иш-аракеттер планын ишке ашырууга мониторинг жүргүзүү жана баалоо индикаторлорунун матрицасы 2-тиркемеге ылайык;
3) Иш-аракеттер планынын бюджети 3-тиркемеге ылайык.
2. Иш-аракеттер планын ишке ашырууга тартылган мамлекеттик органдар, мекемелер, бирикмелер жана Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы (макулдашуу боюнча):
1) Иш-аракеттер планын өз убагында жана так аткарууну камсыз кылсын;
2) квартал сайын, отчеттук мезгилден кийинки айдын 10унан кечиктирбестен Иш-аракеттер планын ишке ашыруунун жүрүшү жөнүндө маалыматты Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине берип турсун;
3) ушул токтомдун 3-тиркемесине ылайык иш-чараларды учурдагы жана кийинки жылдарга каралган каражаттардын жана штаттык сандын чегинде жүргүзсүн.
3. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жыл сайын 25-февралга чейин Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына Иш-аракеттер планын ишке ашыруунун жүрүшү жөнүндө маалыматты берип турсун.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.Жапаров |
|
| 1-тиркеме |
Кыргыз Республикасынын токой тармагын өнүктүрүүнүн 2040-жылга чейинки мезгилге карата концепциясын ишке ашыруу боюнча 2024-2028-жылдарга ИШ-АРАКЕТТЕР ПЛАНЫ
№ | Милдеттер | Чаралар/иш-аракеттер | Ишке ашыруу мөөнөттөрү | Күтүлүүчү натыйжалар | Жооптуу аткаруучулар |
1-бөлүм. Токой чарбасын өнүктүрүүнүн экономикалык артыкчылыктары | |||||
1 | Экологиялык-экономикалык эсепке алуу системасын (токой эсеби) киргизүү | 1.1. Экосистемалык кызмат көрсөтүүлөрдү (токой экосистемаларын) экономикалык баалоонун методикасын иштеп чыгуу жана бекитүү | 2024-жылдын III кварталы - 2026-жылдын IV кварталы | Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын буйругу менен бекитилген Методика | УИА (макулдашуу боюнча), ӨКМге караштуу ТК |
1.2. Токой пайдалануунун токой ресурстарын эсепке алууну (табигый капиталды эсепке алуу) жүргүзүү боюнча нускаманы иштеп чыгуу жана бекитүү | 2024-жылдын III кварталы - 2025-жылдын IV кварталы | КР УИАнын окумуштуулар кеңеши тарабынан, ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын буйругу менен бекитилген Нускама | УИА (макулдашуу боюнча), ӨКМге караштуу ТК | ||
1.3. Токой ресурстарын эсепке алуу маселелери боюнча окутууларды өткөрүү | 2026-жылдын I кварталы - 2028-жылдын IV кварталы | Окутулган тиешелүү адистердин саны, окуу материалдары. Окуу материалдарын гендердик сезимталдыкка талдоо: аялдар - 30%, эркектер - 70% | ӨКМге караштуу ТК | ||
1.4. Экосистемалык кызмат көрсөтүүлөрдү экономикалык баалоо методикасын колдонуу боюнча окутууларды өткөрүү | 2027-жылдын I кварталы - 2028-жылдын IV кварталы | Окутулган тиешелүү адистердин саны, окуу материалдары. Окуу материалдарын гендердик сезимталдыкка талдоо: аялдар - 30%, эркектер - 70% | ӨКМге караштуу ТК, УИА (макулдашуу боюнча) | ||
1.5. Мамлекеттик токой фондунун аймагында токой пайдалануучулардын (ижарачылардын) электрондук базасын өркүндөтүү | 2024-жылдын III кварталы - 2028-жылдын IV кварталы | Маалымат базасы | ӨКМге караштуу ТК | ||
2 | Токой чарбасынын экономикалык туруктуулугун жогорулатуу үчүн шарттарды түзүү | 2.1. Мамлекеттик башкаруу секторунун уюмдарынын финансылык отчеттуулугунун стандарттарын токой чарбасы үчүн адаптациялоо | 2026-жылдын III кварталы - 2028-жылдын IV кварталы | Токой чарбасы үчүн адаптацияланган стандарттар | ӨКМге караштуу ТК, ФМ |
2.2. Финансылык отчеттуулуктун стандарттарын токой чарба системасына киргизүү боюнча методиканы иштеп чыгуу жана бекитүү | 2027-жылдын I кварталы - 2028-жылдын IV кварталы | Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын буйругу менен бекитилген Методика | ӨКМге караштуу ТК, ФМ | ||
2.3. Токой чарбасын өнүктүрүүнү экономикалык пландоо жана болжолдоо боюнча методикалык куралдарды иштеп чыгуу жана бекитүү | 2026 жылдын III кварталы - 2028-жылдын IV кварталы | Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын буйругу менен бекитилген методикалык куралдар | УИА (макулдашуу боюнча), ӨКМге караштуу ТК | ||
2.4. Токой тармагынын тиешелүү адистерин Токой чарба системасына финансылык отчеттуулуктун стандарттарын киргизүү боюнча методика менен окутуу | 2028-жылдын I кварталы - 2028-жылдын IV кварталы | Окутулган тиешелүү адистердин саны, окуу материалдары. Окуу материалдарын гендердик сезимталдыкка талдоо: аялдар - 30%, эркектер - 70% | ӨКМге караштуу ТК, ФМ, УИА (макулдашуу боюнча) | ||
2.5. Токой тармагынын тиешелүү адистерин экономикалык пландоо жана болжолдоо маселелери боюнча окутуу | 2027-жылдын I кварталы - 2028-жылдын IV кварталы | Окутулган тиешелүү адистердин саны. Окуу материалдарын гендердик сезимталдыкка талдоо: аялдар - 30%, эркектер - 70% | ӨКМге караштуу ТК, ЭКМ, УИА (макулдашуу боюнча) | ||
3 | Токой ресурстарынын кошумча наркынын чынжырчасын киргизүү | 3.1. Токой ресурстарынын кошумча наркынын чынжырчасын киргизүү боюнча МТФнын мүмкүнчүлүктөрүн талдоо жана баалоо | 2024-жылдын III кварталы - 2025-жылдын IV кварталы | Отчет жана сунуштамалар | ӨКМге караштуу ТК, ЭКМ, КТЖПА (макулдашуу боюнча) |
3.2. МТФнын жерлеринде өндүрүлгөн токой продукциясын өндүрүү жана кайра иштетүү боюнча экономикалык кластерди түзүү | 2024-жылдын III кварталы - 2028-жылдын IV кварталы | Түзүлгөн экономикалык кластер | ӨКМге караштуу ТК, КӨИА, КТЖПА (макулдашуу боюнча) | ||
3.3. Токойдун жыгач эмес продукциясынын кошумча наркынын чынжырчасын иштеп чыгуу жана ишке киргизүү | 2026-жылдын I кварталы - 2028-жылдын IV кварталы | Токойдун жыгач эмес продукциясынын кошумча наркынын киргизилген чынжырчасы | ӨКМге караштуу ТК, КТЖПА (макулдашуу боюнча) | ||
3.4. Экосистемалык кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөмдөрдүн механизмдерин иштеп чыгуу жана бекитүү | 2026-жылдын III кварталы - 2028-жылдын IV кварталы | Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын буйругу менен бекитилген Методика | ӨКМге караштуу ТК | ||
3.5. Токой чарбаларынын тиешелүү адистерин токой ресурстарынын кошумча наркынын чынжырчасы маселелери боюнча окутуу | 2026-жылдын I кварталы - 2028-жылдын IV кварталы | Окутулган тиешелүү адистердин саны, окуу материалдары. Окуу материалдарын гендердик сезимталдыкка талдоо: аялдар - 30%, эркектер - 70% | ӨКМге караштуу ТК, КТЖПА (макулдашуу боюнча) | ||
4 | Токой экосистемаларынын рекреациялык потенциалын сарамжалдуу пайдаланууну камсыздоо | 4.1. Токой экосистемаларында туризмди өнүктүрүү маселелери боюнча ченемдик укуктук актыларга өзгөртүүлөрдү киргизүү | 2024-жылдын III кварталы - 2028-жылдын IV кварталы | Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтому кабыл алынды | ӨКМге караштуу ТК |
4.2. Токой экосистемаларына рекреациялык жүктөмдүн ченемдерин иштеп чыгуу жана бекитүү | 2025-жылдын III кварталы - 2028-жылдын IV кварталы | УИАнын окумуштуулар кеңешинин чечими менен бекитилген ченемдер | УИА (макулдашуу боюнча), ӨКМге караштуу ТК | ||
2-бөлүм. Токой чарбасын өнүктүрүүнүн социалдык артыкчылыктары | |||||
5 | Токойлорду биргелешип башкарууну камсыздоо | 5.1. МТФнын жерлерин башкаруу, пайдалануу маселелери боюнча ченемдик укуктук актыларга өзгөртүүлөрдү киргизүү | 2024-жылдын III кварталы - 2028-жылдын IV кварталы | Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтому кабыл алынды | ӨКМге караштуу ТК |
5.2. МТФнын жерлеринде токой пайдаланууну уюштуруу жана мониторинг жүргүзүү | 2024-жылдын III кварталы - 2028-жылдын IV кварталы | Маалымат базасы түзүлдү, отчеттор түзүлдү | ӨКМге караштуу ТК | ||
5.3. Токой тармагынын тиешелүү кызматкерлерин МТФнын пайдалануу жана тескөө ченемдери боюнча окутуу | 2024-жылдын III кварталы - 2028-жылдын IV кварталы | Окутулган тиешелүү адистердин саны | ӨКМге караштуу ТК, КТЖПА (макулдашуу боюнча) | ||
6 | Киреше булактарын диверсификациялоо | 6.1. Кыргыз Республикасында парник газдарынын чыгууларын жана жутулушун жөнгө салуу боюнча стратегиялык документ | 2024-жылдын III кварталы - 2028-жылдын IV кварталы | Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтому кабыл алынды | ЖРЭТКМ, ӨКМге караштуу ТК |
6.2. Көп функциялуу токой пайдалануу механизмдерин иштеп чыгуу жана ишке киргизүү | 2025-жылдын III кварталы - 2028-жылдын IV кварталы | Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтому кабыл алынды | ӨКМге караштуу ТК | ||
7 | Табигый ресурстарды интеграциялап башкарууну киргизүү | 7.1. Табигый ресурстарды интеграциялап башкаруу планын ишке киргизүү жана актуалдаштыруу | 2024-жылдын III кварталы - 2028-жылдын IV кварталы | ӨКМге караштуу ТКнын буйругу менен бекитилген План | ӨКМге караштуу ТК |
7.2. Токой чарбаларынын деңгээлинде табигый ресурстарды интеграциялап башкаруу планын ишке ашырууга мониторинг жүргүзүү | 2025-жылдын III кварталы - 2028-жылдын IV кварталы | Баалоонун натыйжалары, сунуштамалар | ӨКМге караштуу ТК | ||
7.3. Республикалык жана региондук деңгээлде табигый ресурстарды интеграциялап башкаруу планын иштеп чыгуу маселелери боюнча окутуу | 2024-жылдын III кварталы - 2028-жылдын IV кварталы | Окутулган тиешелүү адистердин саны | ӨКМге караштуу ТК | ||
3-бөлүм. Токой чарбасын өнүктүрүүнүн экологиялык артыкчылыктары | |||||
8 | Токойлорду эсепке алуу системасын өркүндөтүү | 8.1. МТФнын жана МТФдан тышкаркы токойлордун маалымат базасын актуалдаштыруу | 2024-жылдын III кварталы - 2028-жылдын IV кварталы | Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими менен бекитилген МТФнын, МТФга кирбеген токойлордун экспликациялары | ӨКМге караштуу ТК |
8.2. МТФнын жерлеринде жана жер фондунун башка категорияларында жайгашкан токойлордо токой жайгаштырууну жүргүзүү | 2024-жылдын III кварталы - 2028-жылдын IV кварталы | Маалымат базасы, картографиялык материалдардын санариптик моделдери, токой жайгаштыруу долбоорлору | ӨКМге караштуу ТК | ||
8.3. Токой фондун эсепке алууну жүргүзүү | 2024-жылдын III кварталы - 2028-жылдын IV кварталы | Маалымат базасы түзүлдү | ӨКМге караштуу ТК | ||
9 | Токойлорду токой эрежелерин бузуулардан жана өрттөн коргоону күчөтүү | 9.1. Токойду токой эрежелерин бузуудан жана өрттөн коргоо маселелери боюнча ченемдик укуктук актыларга өзгөртүүлөрдү киргизүү | 2024-жылдын III кварталы -2028-жылдын IV кварталы | Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтому кабыл алынды | ӨКМге караштуу ТК |
9.2. Токойлорду токой эрежелерин бузуудан жана өрттөн коргоо боюнча иш-чараларды өткөрүү жана мониторинг жүргүзүү | 2024-жылдын III кварталы - 2028-жылдын IV кварталы | Маалымат базасы түзүлдү, отчеттор, сунуштамалар даярдалды | ӨКМге караштуу ТК | ||
9.3. Токойлорду токой эрежелерин бузуудан жана өрттөн коргоо маселелери боюнча токой тармагынын адистерин окутуу | 2024-жылдын III кварталы - 2028-жылдын IV кварталы | Окутулган адистердин саны, окуу материалдары | ӨКМге караштуу ТК | ||
10 | Токойлорду зыянкечтерден жана оорулардан коргоону күчөтүү | 10.1. Токой патологиясына мониторингди уюштуруу | 2024-жылдын III кварталы - 2028-жылдын IV кварталы | Маалыматтар базасы, картографиялык материалдардын санариптик моделдери түзүлдү, отчеттор, сунуштамалар даярдалды | ӨКМге караштуу ТК |
10.2. Зыянкечтерге жана ооруларга каршы күрөшүү үчүн биологиялык препараттарды өндүрүү | 2024-жылдын III кварталы - 2028-жылдын IV кварталы | Өндүрүлгөн биологиялык препараттардын көлөмү | ӨКМге караштуу ТК | ||
10.3. Токойлорду зыянкечтерден жана оорулардан коргоо боюнча иш-чараларды өткөрүү | 2024-жылдын III кварталы - 2028-жылдын IV кварталы | Мамлекеттик токой фондунун 797,3 миң га аянтындагы токойду зыянкечтерден жана илдеттерден коргоону камсыз кылуу | ӨКМге караштуу ТК | ||
10.4. Токой зыянкечтерине жана ооруларына каршы күрөшүү жана жаңы технологияларды колдонуу боюнча сунуштамаларды иштеп чыгуу | 2024-жылдын III кварталы - 2028-жылдын IV кварталы | УИАнын илимий кеңеши тарабынан бекитилген сунуштамалар | УИА (макулдашуу боюнча) | ||
10.5. Токой тармагынын тиешелүү адистерин токой патологиясына мониторинг, зыянкечтерге жана ооруларга каршы күрөшүү боюнча окутуу | 2024-жылдын III кварталы - 2028-жылдын IV кварталы | Окутулган тийиштүү адистердин саны | ӨКМге караштуу ТК | ||
11 | Токой ресурстарынын аянтын көбөйтүү жана кайра өндүрүүнү өркүндөтүү | 11.1. Токой ресурстарын кайра өндүрүү боюнча колдонмолорду жана техникалык көрсөтмөлөрдү өркүндөтүү | 2025-жылдын III кварталы - 2028-жылдын IV кварталы | Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын буйругу менен бекитилген эрежелер, колдонмолор, жоболор, нускамалар, методикалар | УИА (макулдашуу боюнча), ӨКМге караштуу ТК |
11.2. Климаттын өзгөрүү шартында токойлордун орточо өсүшүнүн өзгөрүшүн талдоо | 2024-жылдын III кварталы - 2028-жылдын IV кварталы | Отчеттор, сунуштамалар даярдалды | УИА (макулдашуу боюнча), ӨКМге караштуу ТК | ||
11.3. Ар кандай түрдөгү дарак-бадал түрүндөгү өсүмдүктөрдүн өсүшүнүн экологиялык өзгөчөлүктөрүн, ошондой эле социалдык-экономикалык аспекттерди эске алуу менен МТФнын токой өстүрүү фондун баалоо | 2024-жылдын III кварталы - 2028-жылдын IV кварталы | Отчеттор, сунуштамалар даярдалды | УИА (макулдашуу боюнча), ӨКМге караштуу ТК | ||
11.4. Токой үрөнчүлүк ишин түзүү жана өркүндөтүү | 2024-жылдын III кварталы - 2028-жылдын IV кварталы | Түзүлгөн жана катталган токой үрөн участоктору, түзүлгөн үрөн сактоочу жайлар | ӨКМге караштуу ТК, УИА (макулдашуу боюнча) | ||
11.5. "Жашыл мурас" улуттук кампаниясын ишке ашыруу үчүн дарак-бадалдардын түрлөрүнүн көчөттөрүн өстүрүүнүн жаңы технологияларын колдонуу менен токой питомниктерин уюштуруу | 2024-жылдын III кварталы - 2028-жылдын IV кварталы | Түзүлгөн жана модернизацияланган токой питомниктери | ӨКМге караштуу ТК | ||
11.6. "Жашыл мурас" улуттук кампаниясын ишке ашыруунун алкагында токой өсүмдүктөрүн түзүү | 2024-жылдын III кварталы - 2028-жылдын IV кварталы | Түзүлгөн токой өсүмдүктөрүнүн аянттары | ӨКМге караштуу ТК | ||
11.7. Агротокойчулукту пайдалануу менен асылдуулугу төмөн айыл чарба жерлеринде плантацияларды түзүү | 2024-жылдын III кварталы - 2028-жылдын IV кварталы | Плантациялардын аянттары | ӨКМге караштуу ТК, САЧКӨМ | ||
11.8. Негизги токой түзүүчү түрлөрүнүн табигый жаңылануусуна көмөк көрсөтүү методдорун өркүндөтүү | 2024-жылдын III кварталы - 2028-жылдын IV кварталы | Отчеттор, сунуштамалар даярдалды | УИА (макулдашуу боюнча), ӨКМге караштуу ТК | ||
11.9. Токойдун табигый жаңылануусуна көмөк көрсөтүү боюнча иш-чараларды өткөрүү | 2024-жылдын III кварталы - 2028-жылдын IV кварталы | Токойдун табигый жаңылануусуна көмөк көрсөтүү боюнча иш-чаралар өткөрүлгөн аянттар | ӨКМге караштуу ТК | ||
11.10. Токой ресурстарын жаңыртып өстүрүү маселелери боюнча токой тармагынын тийиштүү кызматкерлеринин квалификациясын жогорулатуу курстарын өткөрүү | 2024-жылдын III кварталы - 2028-жылдын IV кварталы | Окутулган тийиштүү адистердин саны | ӨКМге караштуу ТК | ||
4-бөлүм. Токой чарбасын реформалоо | |||||
12 | Токой секторун институттук реформалоо | 12.1. Токой тармагын институттук реформалоо боюнча ченемдик укуктук актыларга өзгөртүүлөрдү киргизүү жана иштеп чыгуу | 2024-жылдын III кварталы - 2028-жылдын IV кварталы | Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомдору кабыл алынды | ӨКМге караштуу ТК |
12.2. Секторлор аралык өз ара аракеттенүү механизмдерин иштеп чыгуу жана ишке киргизүү | 2026-жылдын I кварталы - 2028-жылдын IV кварталы | Секторлор аралык кызматташуу механизмдери түзүлдү | ӨКМге караштуу ТК | ||
12.3. Токой тармагынын жетекчилеринин жана адистеринин потенциалын жогорулатуу боюнча борборду түзүү | 2024-жылдын III кварталы - 2028-жылдын IV кварталы | Түзүлгөн Борбор | ӨКМге караштуу ТК | ||
12.4. Токой тармагынын жетекчилеринин жана адистеринин потенциалын жогорулатуу программасын иштеп чыгуу жана бекитүү | 2024-жылдын III кварталы - 2028-жылдын IV кварталы | Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын буйругу менен бекитилген Программа | ӨКМге караштуу ТК | ||
12.5. Жаштарды тартуу жана гендердик балансты сактоо механизмдерин иштеп чыгуу жана ишке киргизүү | 2024-жылдын III кварталы - 2028-жылдын IV кварталы | 1. Жаштарды тартуу механизмдери боюнча отчет. 2. Гендердик балансты сактоо механизмдери боюнча отчет | ӨКМге караштуу ТК | ||
12.6. Токой тармагын реформалоонун жыйынтыктары жөнүндө маалыматтык кампанияны өткөрүү | 2024-жылдын III кварталы - 2028-жылдын IV кварталы | Маалыматтык материалдар | ӨКМге караштуу ТК | ||
13 | Токой чарбасын жүргүзүүнүн инновациялык технологияларын өркүндөтүү жана ишке киргизүү | 13.1. Табиятка багытталган чечимдерди (HbS) пайдалануу жана CO2 сиңирүүнүн көмүртек рыногунун системалары боюнча пилоттук ишке киргизүү жана токой тармагынын адистерин окутуу | 2024-жылдын III кварталы - 2028-жылдын IV кварталы | Табиятка багытталган чечимдер (HbS) жана CO2 сиңирүү системалары ишке киргизилди | ӨКМге караштуу ТК |
13.2. Токой чарба маалыматтык системасындагы токой чарбаны жүргүзүү (токойду эсепке алуу, коргоо, сактоо жана жаңыртып өстүрүү, токой пайдалануу) жөнүндө маалыматтарды актуалдаштыруу | 2024-жылдын III кварталы - 2028-жылдын IV кварталы | Токойду башкаруунун актуалдаштырылган маалыматтык системасы (ТБМС) | ӨКМге караштуу ТК | ||
13.3. Токой чарбасын жүргүзүү жөнүндө маалыматтарды (токойду эсепке алуу, коргоо, сактоо жана жаңыртып өстүрүү, токой пайдалануу) социалдык тармактар, ЖМКда жарыялоо аркылуу жайылтуу | 2024-жылдын III кварталы - 2028-жылдын IV кварталы | Маалыматтык материалдар | ӨКМге караштуу ТК | ||