Загрузка документа…
|
| Тиркеме |
|
| (Кара-Балта шаардык кеӊешинин 2026-жылдын 10-апрель № 12 токтомуна 1-тиркеме) |
Укук бузуулар жөнүндө иштерди караган комиссия жөнүндө
жобо
1. Жалпы жоболор
1. Укук бузуулар жөнүндө иштерди караган комиссия жөнүндө ушул жобо (мындан ары - Жобо) Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине (мындан ары - Кодекс) ылайык укук бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча Кара-Балта шаарынын ыйгарым укуктуу органдарынын комиссия (мындан ары - Комиссия) түзүүнүн жана ишинин бирдиктүү тартибин аныктайт.
2. Комиссиянын милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
- укук бузуулар жөнүндө кароого келип түшкөн ар бир иштин жагдайын өз убагында, ар тараптуу, толук жана объективдүү аныктоо;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык укук бузуулар жөнүндө иштерди так чечүү;
- чыгарылган чечимдин аткарылышын контролдоо, ошондой эле укук бузууларды жасоого өбөлгө түзгөн себептерди жана шарттарды аныктоо.
3. Кара-Балта шаарында Комиссиянын жобосу Кара-Балта шаардык кеңешинин чечими менен бекитилет, анын сандык жана персоналдык курамы Кара-Балта шаарынын мэриясынын чечими менен аныкталат.
Кара-Балта шаарынын мэриясы өзүнүн чечими менен Кодексте каралган учурларда укук бузуу жөнүндө протоколдорду түзүүгө, токтомдорду чыгарууга жана жазаларды колдонууга ыйгарым укуктуу кызмат адамдарынын тизмесин аныктайт.
4. Комиссиялардын иши мыйзамдуулуктун, мыйзам алдындагы теңдиктин, күнөөсүздүктүн презумпциясынын, бузуу үчүн жоопкерчиликтин сөзсүз боло тургандыгын, адилеттүүлүктүн, жазаларды жекелештирүүнүн жана гуманизмдин принциптерине негизденет.
5. Комиссия өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексин, башка ченемдик укуктук актыларды жана ушул Жобону жетекчиликке алат.
2. Комиссиянын ишин түзүүнүн жана токтотуунун тартиби
6. Кара-Балта шаарынын мэриясы өзүнүн чечими менен укук бузуу жөнүндө протоколдорду түзүү, токтом чыгаруу жана Кодексте каралган учурларда жаза колдонуу ыйгарым укуктарына ээ кызмат адамдарынын тизмесин аныктайт, ошондой эле укук бузуу иштерин кароо ыйгарым укугуна ээ туруктуу комиссияларды түзөт.
7. Комиссиянын мүчөлөрү өзүнүн ишкердик, жеке жана моралдык сапаттары, ден соолугунун абалы боюнча Комиссияга жүктөлгөн милдеттерди аткарууга жөндөмдүү Кыргыз Республикасынын жарандары болууга тийиш.
8. Комиссия 3төн 9 адамга чейин так санда түзүлөт. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарда Комиссиянын курамына тиешелүү мамлекеттик органдын кызматкерлери (кызматчылары) кирет.
Комиссияны Кара-Балта шаарынын мэринин орун басары жетектейт.
Комиссиянын катчысынын милдеттерин аткаруу тиешелүү мамлекеттик органдын жетекчисинин чечими боюнча мамлекеттик органдын кызмат адамдарынын бирине жүктөлөт. Комиссиянын катчысы Комиссиянын мүчөсү боло албайт.
9. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын комиссияларынын курамына Кара-Балта шаарынын мэриясынын кызматкерлери, Кара-Балта шаардык кеңешинин депутаттары, тиешелүү аймактын коомдук уюмдарынын өкүлдөрү жана ошол аймакта жайгашкан мамлекеттик органдардын аймактык бөлүмдөрүнүн өкүлдөрү кирет.
10. Төмөнкү адам Комиссиянын мүчөсү боло албайт:
- ага карата кылмыш-жаза куугунтуктоосу (кылмыш-жаза иши) реабилитацияланбаган негиздер боюнча токтотулган, кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартылган;
- ден соолугунун абалы медициналык корутундуга ылайык Комиссиянын мүчөсүнүн ыйгарым укуктарын аткарууга тоскоолдук кылган.
11. Комиссиянын ыйгарым укуктары ыйгарым укуктуу орган тарабынан Комиссия түзүү жөнүндө чечим кабыл алынган, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын жетекчиси тарабынан Комиссиянын курамы бекитилген күндөн тартып башталат.
12. Комиссиянын мүчөсүнүн ыйгарым укуктары ыйгарым укуктуу орган, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы тарабынан төмөнкүдөй учурларда токтотулат:
- Комиссиянын мүчөсү - кызматчы өзүнүн ыйгарым укуктарын токтотуу жөнүндө жазуу жүзүндө арыз бергенде;
- Комиссиянын мүчөсүнө карата соттун айыптоо өкүмү мыйзамдуу күчүнө киргенде;
- соттун мыйзамдуу күчүнө кирген чечими боюнча Комиссиянын мүчөсү болуп саналган адам аракетке жөндөмсүз, аракетке жөндөмдүүлүгү чектелген, дайынсыз жок болгон же каза болду деп таанылганда;
- Комиссиянын мүчөсүнүн өз ыйгарым укуктарын жүзөгө ашыруусуна тоскоолдук кылган ден соолугунун абалы жөнүндө медициналык корутундусу болгондо;