Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ФИНАНСЫ МИНИСТРЛИГИ
БУЙРУК
2024-жылдын 19-сентябры № 146-Б
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин
2023-жылдын 27-сентябрындагы № 5-Б
“Кыргыз Республикасынын Бюджеттик классификациясын бекитүү тууралуу” буйругуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы №115 “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына өткөрүп берүү жөнүндө” токтомуна ылайык буйрук кылам:
1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин 2023-жылдын 27-сентябрындагы № 5-Б “Кыргыз Республикасынын Бюджеттик классификациясын бекитүү тууралуу” буйругу менен бекитилген Бюджеттик классификацияга төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 1-главада (Кирешелердин классификациясы):
- үч жүз экинчи сапта “чарбалардын” деген сөздөн кийин “жана жер үлүшүнө ээ жеке жактардын” деген сөздөр менен, “камсыздандыруу төгүмдөрү” деген сөздөрдөн кийин “(Мамлекеттик топтомо пенсиялык фондунан тышкары)” деген сөздөр менен толукталсын;
- төмөнкүдөй мазмундагы үч жүз төртүнчү сап менен толукталсын:
“ | 12111150 | Мамлекеттик топтомо пенсиялык фондуна юридикалык жак болуп түзүлбөгөн дыйкан (фермер) чарбалардын жана жер үлүшүнө ээ жеке жактардын камсыздандыруу төгүмдөрү | ”; |
- төмөнкүдөй мазмундагы төрт жүз алтымыш төртүнчү сап менен толукталсын:
“ | 14224810 | Аудиторлорду, аудитордук уюмдарды жана кесиптик аудитордук бирикмелерди Бирдиктүү мамлекеттик реестрде каттоо, кайра каттоо жана Бирдиктүү мамлекеттик реестрди жүргүзүү үчүн жыйым | ”; |
- 1-главада (Кирешелердин классификациясын колдонуу тартиби):
- жүз кырк тогузунчу сапта “чарбалардын” деген сөздөн кийин “жана жер үлүшүнө ээ жеке жактардын” деген сөздөр менен жана “камсыздандыруу төгүмдөрү” деген сөздөрдөн кийин “(Мамлекеттик топтомо пенсиялык фондунан тышкары)” деген сөздөр менен толукталсын;
- төмөнкүдөй мазмундагы жүз элүү биринчи сап менен толукталсын:
- “12111150 Мамлекеттик топтомо пенсиялык фондуна юридикалык жак болуп түзүлбөгөн дыйкан (фермер) чарбалардын жана жер үлүшүнө ээ жеке жактардын камсыздандыруу төгүмдөрү”;
- үч жүз жетинчи сапта “үчүн” деген сөздөн кийин “, ошондой эле мамлекеттик каттоодон өтүүгө тийиш болгон жана нотариалдык күбөлөндүрүүнү талап кылбаган кыймылсыз мүлккө, жер участокторуна укуктар менен жасалуучу бүтүмдөрдү жүзөгө ашыргандыгы үчүн” деген сөздөр менен толукталсын;
- төмөнкүдөй мазмундагы үч жүз отуз төртүнчү сап менен толукталсын:
- “14224810 Аудиторлорду, аудитордук уюмдарды жана кесиптик аудитордук бирикмелерди Бирдиктүү мамлекеттик реестрде каттоо, кайра каттоо жана Бирдиктүү мамлекеттик реестрди жүргүзүү үчүн жыйым”;
2) 2-главада (Чыгашалардын экономикалык классификациясы):
- төмөнкүдөй мазмундагы алтымыш алтынчы сап менен толукталсын:
“ | 22154600 | Аскердик багыттагы товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр | ”; |
- токсон экинчи сапта “кесиптик” деген сөз алып салынсын;
- төмөнкүдөй мазмундагы токсон жетинчи - жүзүнчү саптар менен толукталсын: