Загрузка документа…
1-тиркеме
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 11-сентябрындагы № 554 токтомуна)
Региондорду өнүктүрүү фонддору жөнүндө ТИПТҮҮ ЖОБО
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 27-февралындагы № 140, 2026-жылдын 4-августундагы № 524 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1-глава. Жалпы жоболор
1. Ушул Региондорду өнүктүрүү фонддору жөнүндө типтүү жобо (мындан ары - Типтүү жобо) Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин, Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексинин, "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын ченемдерине ылайык иштелип чыккан жана региондорду өнүктүрүү фонддорунун каражаттарын пайдалануу тартибин аныктайт.
2. Региондорду өнүктүрүү фонду (мындан ары - Фонд) юридикалык жакты түзбөстөн түзүлөт жана иштейт, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин казыналык системасында ачылуучу жана тейленүүчү эсептерди билдирет.
3. Фонддун каражаттары республикалык бюджеттин каражаттарынан жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык келип түшкөн башка чегерүүлөрдөн түзүлөт жана бюджеттик жана атайын эсептерде топтолот.
4. Облустун фондунун каражаттарын натыйжалуу башкаруу, бөлүштүрүү жана өздөштүрүү үчүн Кыргыз Республикасынын Президентинин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү, ал эми Райондун фондунун каражаттары үчүн жергиликтүү мамлекеттик администрациянын башчысы жеке жоопкерчилик тартат.
5. Фонддун каражаттарын башкаруу жана пайдалануу мыйзамдуулук, ачыктык, айкындуулук, сарамжалдуулук жана натыйжалуулук принциптерине ылайык жүзөгө ашырылат.
2-глава. Ушул Типтүү жободо колдонулуучу түшүнүктөр
6. Ушул Типтүү жободо колдонулуучу түшүнүктөр:
1) жергиликтүү коомчулуктун демилгелерин мамлекеттик субсидиялоо - шаарда/айыл аймагында жергиликтүү калктын жашоо шарттарын жакшыртуу жана аймактарды көрктөндүрүү боюнча жергиликтүү коомчулуктун долбоорлорун ишке ашыруу үчүн берилүүчү акча каражаттары;
2) өтүнмө ээси - Фонддун каражаттарынын эсебинен каржылоо үчүн долбоорлорду тандоо боюнча конкурска катышууга долбоордук өтүнмө берген жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы/мамлекеттик орган;
3) жашыл экономика - адамдын бакубаттуулугун жогорулатууга жана бир эле учурда айлана-чөйрө үчүн тобокелдиктерди олуттуу азайтууда социалдык адилеттүүлүктү бекемдөөгө алып келүүчү, табигый капиталды сактоочу жана көбөйтүүчү, ресурстарды натыйжалуу пайдалануучу жана өлкөнүн табигый экосистемаларын сактоого дем берүүчү экономика;
4) жергиликтүү коомчулуктун демилгеси - шаардын/айыл аймагынын аймагында жашаган тургундардын, ишкерлердин жана жарандык коомдун уюмдарынын демилгелүү топторду түзүү, шаарда/айыл аймагында жергиликтүү калктын жашоо шарттарын жакшыртууга багытталган долбоорлорду сунуштоо, алгачкы талкуулоо, тандоо, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына киргизүү боюнча, ошондой эле жергиликтүү коомчулуктун жана ишкерлердин финансылык, материалдык жана башка ресурстарын мобилизациялоо жана Фонддун каражаттарынын эсебинен каржылоо үчүн жергиликтүү коомчулуктун демилгелеринин алкагында сунушталган долбоорлорду тандоо боюнча конкурска сунуштоо үчүн долбоорлорду даярдоо (жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен бирдикте) боюнча иши;
5) долбоорду аткаруучу – долбоордук өтүнмөсү Фонддун Байкоочу кеңеши тарабынан жактырылган долбоорду каржылоого Фонддун аткаруу органы менен келишим түзгөн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы/мамлекеттик орган;
6) инфраструктуралык кызмат көрсөтүүлөр - социалдык, экономикалык же өндүрүштүк багыттагы жумуштар жана/же кызмат көрсөтүүлөр, анын ичинде инфраструктуралык объектти пайдалануу менен көрсөтүлүүчү жана/же инфраструктуралык объектти тейлөө боюнча жумуштар жана/же кызмат көрсөтүүлөр;
7) инфраструктуралык объект - мамлекеттик жана муниципалдык менчикте турган социалдык, экономикалык же өндүрүштүк багыттагы мүлк же мүлктүк комплекс;
8) инфраструктуралык долбоор - жергиликтүү коомчулуктун өкүлдөрүнүн катышуусу менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан демилгеленген социалдык-экономикалык максатка ылайыктуулугун, капиталдык чыгашалардын көлөмүн жана жүзөгө ашыруу мөөнөттөрүн негиздөө менен инфраструктура объектин түзүүгө же жакшыртууга багытталган милдеттердин, иш-аракеттердин жана иш-чаралардын тизмеги;
9) жергиликтүү коомчулукту мобилизациялоо - жарандардын тобу тарабынан уюштурулган жергиликтүү коомчулуктун түздөн-түз катышуусу жана колдоосу менен жергиликтүү деңгээлде көйгөйлөрдү чечүү процесси;
10) долбоорду каржылоо планы - долбоорду транштар боюнча каржылоонун этаптарын жана тартибин сыпаттоочу жана долбоорду ишке ашыруу планына шайкеш келүүчү долбоордук өтүнмөнүн бөлүгү;
11) мониторинг жүргүзүү жана баалоо планы - долбоорду ишке ашырууда, ошондой эле Фонддун каражаттарын пайдалануунун натыйжалуулугун баалоодо ушул Типтүү жобонун талаптарынан четтөөлөрдү аныктоо максатында байкоо жүргүзүүнүн этаптары жана тартиби;
12) (КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 4-августундагы № 524 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
13) долбоордук өтүнмө - Фонддун каражаттарынын эсебинен каржылануучу долбоорлорду тандоо боюнча конкурска катышуу үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын/мамлекеттик органдын атынан берилген, типтүү форматтын негизиндеги долбоордун сыпаттамасы;
14) социалдык долбоор - жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын же мамлекеттик органдардын калктуу конуштардын социалдык, экономикалык жана маданий инфраструктурасын жакшыртууга багытталган жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүнүн, өткөрүлүп берилген мамлекеттик ыйгарым укуктардын алкагында билим берүү, маданият, саламаттык сактоо, спорт, социалдык коргоо, эс алуу, жаштар менен иштөө, элдик чыгармачылык чөйрөдө калкка инфраструктуралык кызматтарды көрсөтүү, ошондой эле мамлекеттик муниципалдык кызматтарды көрсөтүү боюнча максаттуу багытталган, убакыт менен чектелген иши;
15) (КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 4-августундагы № 524 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
16) (КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 4-августундагы № 524 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
17) (КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 4-августундагы № 524 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
18) (КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 4-августундагы № 524 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
19) (КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 4-августундагы № 524 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 4-августундагы № 524 токтомунун редакциясына ылайык)