Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 4-августу № 524
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин
2024-жылдын 11-сентябрындагы № 554 «Региондорду өнүктүрүү фонддорунун маселелери жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Региондорду өнүктүрүү фонддорунун ишин өркүндөтүү максатында, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 34-беренесине, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 11-сентябрындагы № 554 «Региондорду өнүктүрүү фонддорунун маселелери жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Региондорду өнүктүрүү фонддору жөнүндө типтүү жободо:
- 6-пунктта:
2-пунктчада «/ишкердик субъект» деген сөздөр алып салынсын;
5-пунктча төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«5) долбоорду аткаруучу – долбоордук өтүнмөсү Фонддун Байкоочу кеңеши тарабынан жактырылган долбоорду каржылоого Фонддун аткаруу органы менен келишим түзгөн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы/мамлекеттик орган;»;
12, 15, 16, 17, 18 жана 19-пунктчалар күчүн жоготту деп таанылсын;
13-пунктчада «/ишкердик субъекттин» деген сөздөр алып салынсын;
- 7-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«7. Фонддун каражаттары облустарды, райондорду, шаарларды жана айыл аймактарын социалдык-экономикалык өнүктүрүү программаларын ишке ашырууга, жергиликтүү коомчулуктун демилгелерин, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын, мамлекеттик органдарды субсидиялоого, жарандардын жашоо деңгээлин жогорулатууга, региондук экономикалык өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүүгө, аймактардын инфраструктурасын жакшыртууга жана калктын саламаттыгын сактоо шарттарын камсыз кылууга жумшалат.»;
- 8-пунктта: