Загрузка документа…
7-тиркеме
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 11-сентябрындагы № 554 токтомуна)
Фонддордун каражаттарынын пайдаланылышына мониторинг жүргүзүү жана баалоо боюнча ТИПТҮҮ МЕТОДИКА
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 27-февралындагы № 140, 2026-жылдын 4-августундагы № 524 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1-глава. Жалпы жоболор
1. Ушул Фонддордун каражаттарынын пайдаланылышына мониторинг жүргүзүү жана баалоо боюнча типтүү методикада (мындан ары - Типтүү методика) колдонулуучу түшүнүктөр:
1) индикатор - кандайдыр бир натыйжага же таасирге жетишүү даражасын мүнөздөгөн көрсөткүч;
2) мониторинг - белгиленген пландарды аткаруунун жүрүшүн көзөмөлдөө жана иш жүзүндөгү аракеттердин/натыйжалардын белгиленген стандарттарга же ченемдерге ылайык келишин текшерүү үчүн маалыматтарды чогултуунун жана талдоонун үзгүлтүксүз процесси;
3) баалоо - убакыттын өтүшү менен кубулуштардын же көрсөткүчтөрдүн таасиринин натыйжалуулугун жана туруктуулугун талдоонун натыйжасы.
2. Типтүү методиканын максаты Фонддордун Байкоочу кеңештерине жана Фонддордун аткаруу органдарына Фонддордун каражаттарынын пайдаланылышына жана ишке ашырылган долбоорлорго натыйжалуу мониторинг жүргүзүүгө жана баалоого (мындан ары - МБ) жардам көрсөтүү болуп саналат.
3. Фонддун аткаруу органы ар жылдык негизде, отчеттук жылдан кийинки жылдын 1-апрелинен кечиктирбестен, МБнын жыйынтыгы боюнча отчетторду даярдайт жана экономикалык болжолдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жана бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жөнөтөт.
2-глава. Мониторинг жүргүзүү жана баалоо системасын уюштуруу
4. Фонддун аткаруу органы Типтүү методиканын негизинде өзүнүн мониторинг жүргүзүү жана баалоо методикасын иштеп чыгат, ал Фонддун Байкоочу кеңешинин чечими менен бекитилет. Фонддун аткаруу органынын сунушу боюнча Фонддун Байкоочу кеңеши Фонддун мониторинг жүргүзүү тобунун курамын бекитет. Мониторинг жүргүзүү тобунун сунушталган курамы:
1) Фонддун Байкоочу кеңешинин чечими менен дайындалган Фонддун Байкоочу кеңешинин өкүлү, мониторинг жүргүзүү тобунун жетекчиси;
2) Фонддун Байкоочу кеңешинин чечими менен мониторинг жүргүзүү тобунун курамына берилген, мамлекеттик органдар же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары көрсөткөн Фонддун Байкоочу кеңешинин өкүлү;
3) Фонддун Байкоочу кеңешинин чечими менен мониторинг жүргүзүү тобунун курамына берилген, коммерциялык же коммерциялык эмес уюмдар көрсөткөн Фонддун Байкоочу кеңешинин өкүлү;
4) бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын тиешелүү аймактык бөлүмүнүн жетекчисинин чечими менен мониторинг жүргүзүү тобунун курамына берилген Фонддун аткаруу органынын өкүлү.
5. Мониторинг жүргүзүү тобунун мүчөлөрү Фонддун маалыматтарына жана документтерине эркин жетүүгө укуктуу.
6. Мониторинг жүргүзүү тобунун жетекчиси мониторинг жүргүзүү тобунун мүчөлөрүнө мониторинг жүргүзүү жана баалоо индикаторлорун чогултуу жана талдоо боюнча тапшырмаларды бөлүштүрөт.
7. Мониторинг жүргүзүү тобу 31-декабрга чейинки мөөнөттө кийинки жылга мониторинг жүргүзүү жана баалоо планын иштеп чыгат.
8. Мониторинг жүргүзүү планын Фонддун аткаруу органынын башчысы бекитет. Мониторинг жүргүзүү жана баалоо планынын формасы ушул Типтүү методиканын 1-тиркемесинде берилген.
3-глава. Мониторинг жүргүзүүнүн жана баалоонун максаттары жана түрлөрү
9. Мониторинг жүргүзүүнүн жана баалоонун максаты бөлүнгөн финансы каражаттарынын алкагында Фонддун каражаттарынын пайдаланылышына жана ишке ашырылган долбоорлорго коюлган максаттарга жетүү предметине реалдуу убакыт режиминде байкоо жүргүзүү жана баа берүү болуп саналат.
10. Мониторинг жүргүзүүнүн жана баалоонун негизги максаты башкаруу чечимдерин кабыл алуу жөнүндө маалымат берүү. Маалымат жетиштүү, анык, өз убагында, ишенимдүү болушу керек.
11. Мониторинг "эмне болду?" жана "баштапкыларга же белгиленгендерге салыштырмалуу кандай четтөөлөр аныкталды (кырдаалды талдабастан)?" деген суроолорго жооп берет.
Баалоо "натыйжаларга кантип жетишилди?", "эмне үчүн четтөөлөр пайда болду?" жана "каталарды кантип оңдоого болот (кырдаалды талдоо менен)?" деген суроолорго жооп берет.
12. Региондору өнүктүрүү фонддору жөнүндө типтүү жобонун (мындан ары - Типтүү жобо) талаптарына ылайык МБнын төмөнкүдөй түрлөрү аныкталды:
1) финансы каражаттарынын максаттуу пайдаланылышын сактоо;
2) долбоорлорду аткаруунун натыйжалуулугун баалоо;
3) Кыргыз Республикасынын бюджеттик мыйзамдарынын жол-жоболорун жана ченемдерин сактоо.
13. МБ системасын даярдоонун типтүү этаптары аныкталды (1-диаграмманы караңыз).
1-диаграмма. МБ системасын даярдоонун этаптары
14. Индикатор кандайдыр бир жетишкендиктерди өлчөө каражаты катары кызмат кылат. Ал Фонддун ишинин натыйжасында же долбоорду ишке ашырууда болуп жаткан өзгөрүүлөрдү чагылдырат. Индикатор максатка канчалык жетишилгенин, атап айтканда реалдуу натыйжаларды пландалган натыйжалар менен салыштырууга мүмкүндүк берет.
15. МБ системасын түзүү үчүн индикаторлордун төмөнкүдөй түрлөрүн колдонуу сунушталат:
- процесстин индикаторлору планда убактысы боюнча жана аткарылуу фактысы боюнча чагылдырылган белгилүү бир иш-аракеттер кандайча аткарылып жаткандыгы жөнүндө маалыматты чагылдырат;
- натыйжалардын индикаторлору иш-аракет аяктагандан кийин же анын орто аралык этабында натыйжага жетишүү жөнүндө маалыматты чагылдырат;
- таасир этүүчү индикаторлор субъекттин ишинин же кандайдыр бир долбоорду ишке ашыруунун натыйжасында белгилүү бир объектке тийгизген таасирди көрсөтөт.
16. Ушул Типтүү методиканын алкагында, ошондой эле сандык жана сапаттык индикаторлор колдонулат:
- сандык индикаторлор - сандык мүнөздөмөлөргө мониторинг жүргүзүү жана баалоо үчүн колдонулуучу индикаторлор, мисалы бөлүнгөн каражаттардын көлөмү, долбоорлордун саны, карыздардын көлөмү;
- сапаттык индикаторлор сапаттык мүнөздөмөлөрдү чагылдырат, мисалы бир нерсеге болгон канааттануу, кабыл алуу, мамиле кылуу даражасы түрүндө.
17. Ар бир индикатор пландалган көрсөткүчкө салыштырмалуу бааланат. Пландык көрсөткүчтүн мааниси 100%га теңдештирилет. Индикатор иш жүзүндөгү көрсөткүчтүн пландык көрсөткүчкө катышы катары бааланат. Индикаторлордун аталышы жана алардын пландык маанилери бардык Фонддор үчүн бирдей болуп саналат.
18. Индикаторлордун ар бир тобу боюнча орточо мааниси эсептелет. 1-таблицада индикаторлорго баалоо жүргүзүүнүн мисалы келтирилген.
1-таблица. Фонддун каражаттарынын белгиленген эрежелерге жана жол-жоболорго ылайык пайдаланылышы боюнча индикаторлордун тизмеги(*)