Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
2021-жылдын 28-июлу ПЖ № 319
Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын ишин уюштуруу жөнүндө
(Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 19-сентябрындагы ПЖ № 270, 2026-жылдын 15-июлундагы № 256 Жарлыктарынын редакцияларына ылайык)
Мамлекеттик тилди өнүктүрүү чөйрөсүндө бирдиктүү саясатты жүргүзүү максатында токтом кылам:
1. Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссия (мындан ары - Улуттук комиссия) деп кайра аталсын.
2. Төмөнкүлөр бекитилсин:
- Улуттук комиссия жөнүндө жобо 1-тиркемеге ылайык;
- Улуттук комиссиянын башкаруу схемасы 2-тиркемеге ылайык;
- Улуттук комиссиянын кеңешме органынын курамы 3-тиркемеге ылайык.
3. Улуттук комиссиянын карамагына төмөнкүлөр өткөрүп берилсин:
- Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын алдындагы Кыргыз энциклопедия жана терминология борборуна өзгөртүп түзүү менен Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын алдындагы "Кыргыз энциклопедиясы" башкы редакциясы" мекемеси, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Терминологиялык комиссия;
- Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын алдындагы "Кыргызтест" мамлекеттик мекемесине өзгөртүп түзүү менен "Кыргызтест" мамлекеттик мекемеси.
4. Улуттук комиссия эки айлык мөөнөттө белгиленген тартипте:
- "Кыргызтест" мамлекеттик мекемеси, Кыргыз энциклопедия жана терминология борбору, Окутуу-маалыматтык жана котормо борбору жөнүндө жоболорду бекитсин;
- ушул Жарлыктан келип чыгуучу финансылык маселелерди, анын ичинде "Кыргыз энциклопедиясы" башкы редакциясы" мекемесинин жана "Кыргызтест" мамлекеттик мекемесинин чыгашалар сметасы боюнча бюджеттик каражаттарын Улуттук комиссияга өткөрүп берүү жагын чечсин;
- ушул Жарлыктан келип чыгуучу башка чараларды көрсүн.
5. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети, Улуттук комиссия жана Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы:
- ушул Жарлыктан келип чыгуучу бардык уюштуруучулук, финансылык жана башка маселелерди чечишсин;