Загрузка документа…
КР Президентинин 2026-жылдын 15-июлундагы № 256 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
2024-жылдын 19-сентябры ПЖ № 270
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 28-июлундагы № 319 «Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын ишин уюштуруу жөнүндө» Жарлыгына өзгөртүү киргизүү тууралуу
Мамлекеттик тилди өнүктүрүү чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясатты ишке ашырууга көмөк көрсөтүү максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесине ылайык токтом кылам:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 28-июлундагы № 319 «Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын ишин уюштуруу жөнүндө» Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- жогоруда аталган Жарлык менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын кеңешме органынын курамы ушул Жарлыктын тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.
2. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
«Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин 2024-жылдын 24-сентябрындагы № 73 (3627) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Президенти |
С.Н. Жапаров |
«Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу
Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук
комиссиянын кеңешме органынын курамы
Кызмат орду боюнча:
Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы, кеңешме органдын төрагасы;
Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин биринчи орун басары, кеңешме органдын төрагасынын орун басары;