Загрузка документа…
1-тиркеме
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 14-октябрындагы № 633-т тескемесине)
2025-2029-жылдарга Кыргыз Республикасында багбанчылыкты жана жүзүмчүлүктү өнүктүрүү ПРОГРАММАСЫ
1. Киришүү
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 8-февралындагы № 25 "Кыргыз Республикасынын агроөнөр жай комплексин өнүктүрүү боюнча чаралар жөнүндө" Жарлыгына ылайык өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуунун негизи катары агроөнөр жай комплексин узак мөөнөттүү өнүктүрүү аныкталган.
Бул Жарлык менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө айыл чарба багытындагы өздөштүрүлбөгөн жана асылдуулугу төмөн жерлерди жана жайыттарды натыйжалуу пайдалануу боюнча чараларды көрүү, аталган жерлерде агротокойчулукту, багбанчылыкты жана жүзүмчүлүктү өнүктүрүү мүмкүнчүлүгүн кароо тапшырылган.
Айыл чарба багытындагы асылдуулугу төмөн жерлерди сарамжалдуу пайдалануу жана айыл чарба жүгүртүүсүнө киргизүү максатында "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Жер кодексине, "Жайыттар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 21-январындагы № 26 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 22-июнундагы № 243 "Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүүнүн шарттары жана тартиби жөнүндө типтүү жобо тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому кабыл алынган.
Жогоруда аталган ченемдик укуктук актылар асылдуулугу төмөн жайыттарды өздөштүрүүнүн жана аларды айыл чарба жүгүртүүсүнө киргизүүнүн тартибин жөнгө салат. Асылдуулугу төмөн жайыттарды өздөштүрүү жана айыл чарба өндүрүшүнө киргизүү боюнча багыттардын бири болуп аларды Кыргыз Республикасында багбанчылык тармагын жана жүзүмчүлүктү андан ары өнүктүрүү үчүн пайдалануу саналат.
Багбанчылык - мөмө-жемиштерди, мөмөлөрдү жана жаңгактарды алуу үчүн көп жылдык мөмө же жемиш өсүмдүктөрүн өстүрүү (жемиш өстүрүү) жана декоративдик өсүмдүктөрдү өстүрүү (декоративдүү багбанчылык) менен алектенген өсүмдүк өстүрүү тармагы болуп саналат.
Жүзүмчүлүк - калкты жаңы терилген жүзүм жана мейиз, ал эми шарап өндүрүү жана консерва өнөр жайын чийки зат менен камсыз кылуу үчүн ашкана жана техникалык жүзүмдүн жогорку түшүмүн өстүрүүгө багытталган өсүмдүк өстүрүү тармагы.
Бул тармактын өндүрүүчүлөрү үчүн көп жылдык мөмө-жемиш өсүмдүктөрүн өстүрүү, өлкөнүн калкынын керектөөлөрүн камсыз кылуу үчүн жетиштүү көлөмдө мөмө-жемиш жана жаңгак азыктарын өндүрүү, экспортту уюштуруу жана ички агроазык-түлүк рыногунда, ошондой эле жакынкы жана алыскы чет өлкөлөрдүн тышкы рыногунда атаандаштыкка жөндөмдүүлүктү күчөтүү стратегиялык милдет бойдон калууда.
Бул стратегиялык милдет асылдуулугу төмөн жайыт жерлерин өздөштүрүү, аларды айыл чарба жүгүртүүсүнө киргизүү, ошондой эле айыл чарба өндүрүшүнө инновациялык технологияларды киргизүү аркылуу ишке ашырылышы мүмкүн.
Багбанчылык жана жүзүмчүлүк тармактарын өнүктүрүүдөн тышкары, мөмө-жемиш питомниктеринин санын көбөйтүүгө, ири соода-логистикалык борборлорду, мөмө-жемиш азыктарын узак мезгилге сактоочу жайларды жана муздаткычтарды курууга басым жасоо зарыл.
Ошондой эле өндүрүлгөн продукциянын көрүнүшүн жакшырта турган сорттоочу жана таңгактоочу линияларды куруу жана ишке киргизүү зарыл. Акыркы жылдары багбанчылыктын кыйла келечектүү багыттарынын бири интенсивдүү багбанчылык болуп калды, алар агрардык сектордун катализатору боло алат, анткени мөмө-жемиштерди өстүрүүнүн интенсивдүү технологиясын колдонуу салттуу (кадимки) технологияны пайдаланууга салыштырмалуу түшүмдү орто эсеп менен беш эсеге жогору камсыздай алат, ошентип продукциянын өстүрүүгө кеткен чыгымдар бир кыйла азайып, өндүрүмдүүлүк жогорулайт.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 19-февралындагы № 111 "Кыргыз Республикасынын калкы үчүн негизги тамак-аш азыктарын керектөөнүн орточо физиологиялык ченемдерин бекитүү жөнүндө" токтомуна ылайык, Кыргыз Республикасында мөмө-жемиштердин бекитилген орточо жылдык физиологиялык керектөө ченеми 123,74 кг түзүшү керек. Бирок импорттук продукцияны эске алганда иш жүзүндөгү сандар кыйла төмөн - 53 кг. Эгерде башка өлкөлөрдүн маалыматтары менен салыштыра турган болсок, анда республиканын орточо жашоочусу Европа бирлигинин өлкөлөрүнүн калкына салыштырмалуу пайдалуу витаминдик продукцияны 2,5-3 эсеге аз керектейт.
Жогоруда айтылган жагдайларды жана багбанчылык менен жүзүмчүлүктүн калыптануу келечегин, экономиканын агроөнөр жай секторун өнүгүүнүн жаңы деңгээлине чыгарууну эске алуу менен 2025-2029-жылдарга Кыргыз Республикасында багбанчылыкты жана жүзүмчүлүктү өнүктүрүү программасы (мындан ары - Программа) иштелип чыкты.
Программа айыл чарба багытындагы асылдуулугу төмөн жерлерди натыйжалуу пайдалануу жана ресурстарды үнөмдөөчү заманбап технологияларды киргизүү боюнча жогорку потенциалга ээ болгон өсүмдүк өстүрүүчүлүктүн келечектүү тармактары - багбанчылыкты жана жүзүмчүлүктү өнүктүрүүгө багытталган.
Багбанчылык менен жүзүмчүлүк тармагын андан ары өнүктүрүү жогорку рентабелдүүлүктү, экспорттук рынокторго багыт алууну, региондордун экономикалык туруктуулугун, жаңы жумуш орундарын түзүүнү жана жыйынтыгында - климаттын өзгөрүү шарттарында Кыргыз Республикасынын азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылууга мүмкүндүк берет.
Бул Программада төмөнкүдөй терминдер жана аныктамалар колдонулат:
бак - мөмө-жемиш өсүмдүктөрү өстүрүлгөн участок;
мөмө-жемиш багы - көп жылдык мөмө-жемиш өсүмдүктөрү ээлеген участок;
мөмө-жемиш питомниги - мөмө-жемиш өсүмдүктөрүнүн көчөт материалын өстүрүү үчүн участок;
көчөт - үрөндөн же калемчеден өстүрүлгөн жана андан ары туруктуу орунга отургузуу үчүн колдонулган жаш дарак же бадал;
жемиштер - көп жылдык мөмө өсүмдүктөрүнүн мөмөсү.