Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 24-октябры № 641
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 16-майындагы № 262 "Манас" улуттук академиясы" мамлекеттик мекемесинин маселелери жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу
"Манас" улуттук академиясы" мамлекеттик мекемесинин ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 16-майындагы № 262 "Манас" улуттук академиясы" мамлекеттик мекемесинин маселелери жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген "Манас" улуттук академиясы" мамлекеттик мекемеси жөнүндө жобо ушул токтомдун тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.
2. Бул токтомду ишке ашыруу "Манас" улуттук академиясы" мамлекеттик мекемеси үчүн тиешелүү жылга жана кийинки жылдарга республикалык бюджетте каралган каражаттардын жана бекитилген штаттык сандын чегинде жүзөгө ашырылат деп белгиленсин.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.У. Жапаров |
"Манас" улуттук академиясы" мамлекеттик мекемеси жөнүндө ЖОБО
1-глава. Жалпы жоболор
1. "Манас" улуттук академиясы" мамлекеттик мекемеси жөнүндө жобо (мындан ары - Жобо) "Манас" улуттук академиясы" мамлекеттик мекемесинин (мындан ары - мекеме) ишинин тартибин аныктайт.
2. Мекеменин негизги иши "Манас" эпосунун үчилтигинде (мындан ары - "Манас" эпосу) жана кенже эпостордо камтылган, келечек муунга өткөрүп берилүүчү руханий-философиялык жана адеп-ахлактык-этикалык баалуулуктарды изилдөө, сактоо, популярдаштыруу жана коммуникация болуп саналат.
3. Мекеме өз ишин Кыргыз Республикасынын Конституциясына жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларына жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечимдерине, Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге, ошондой эле ушул Жобого ылайык жүзөгө ашырат.
4. Мекеме "улуттук" статуска ээ.
5. Мекеме оперативдүү башкаруу укугуна негизделген, уюштуруунун уюштуруучулук-укуктук формасында иштеген юридикалык жак болуп саналат.
Мекеменин уюштуруучусу болуп Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети саналат.
6. Мекеменин өзүнүн бланктары, мөөрлөрү, штамптары, банктык жана башка эсептери болот.
7. Мекеменин толук аталышы:
- мамлекеттик тилде: "Манас" улуттук академиясы" мамлекеттик мекемеси;
- расмий тилде: государственное учреждение "Национальная академия "Манас";
- англис тилинде: Government Institution "Manas" National Academy".
8. Мекеменин юридикалык дареги: 720040, Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Самойленко көчөсү, 2/9.
2-глава. Мекеменин максаттары, милдеттери жана функциялары
9. Мекеменин негизги максаты кыргыз элинин кайталангыс руханий мурасы болгон "Манас" эпосунун жана кенже эпосторду сактоо, өнүктүрүү жана популярдаштыруу, ошондой эле башка өлкөлөр менен маданияттар аралык диалогду түзүү жана өнүктүрүү болуп саналат.
10. Мекеменин негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
1) Кыргыз Республикасында жана чет өлкөлөрдө "Манас" эпосун жана кенже эпосторду популярдаштыруу менен байланышкан маданий, илимий иш-чараларды уюштуруу жана өткөрүү;
2) Кыргыз Республикасынан жана чет өлкөлөрдөн "Манас" эпосун жана кенже эпосторду популярдаштыруу боюнча иш-чаралардын катышуучулары үчүн стипендияларды, гранттарды уюштуруу жана берүү;
3) "Манас" эпосун жана кенже эпосторду ар тараптуу изилдөө, кеңири жайылтуу, сактоо жана популярдаштыруу;
4) кыргыз элинин эпикалык мурасына комплекстүү илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү, эпостаанууну заманбап дүйнөлүк гуманитардык илимдин максаттуу багыты катары өнүктүрүү;
5) кыргыз элинин материалдык эмес мурастарына байланышкан маданий өнүгүүнүн актуалдуу проблемаларын изилдөө;
6) "Манас" эпосунун классикалык варианттарын сактоону, популярдаштырууну жана коргоону мамлекеттик жөнгө салуу жана контролдоо жөнүндө чараларды, ар кандай деңгээлдеги окуу жайлары үчүн манастаануунун окуу-методикалык курсун иштеп чыгуу жана сунуштарды киргизүү.
11. Мекеменин функциялары болуп төмөнкүлөр саналат:
1) "Манас" эпосун, кенже эпосторду жана кыргыз элинин материалдык эмес маданий мурастарын ар тараптан изилдөөгө жана аларды дүйнөгө жайылтууга көмөк көрсөтүүчү республикалык жана эл аралык илимий конференцияларды, форумдарды, конкурстарды, симпозиумдарды, конгресстерди, көргөзмө, туристтик, креативдүү долбоорлорду жана башка илимий-практикалык жана окуу-методикалык иш-чараларды уюштуруу жана өткөрүү;
2) кыргыз элинин маданияты, искусствосу, материалдык эмес маданий мурастары маселелери боюнча чет өлкөлүк уюмдар, илимий-изилдөө жана маданий мекемелер менен иштөө;
3) "Манас" эпосунун жана кенже эпостордун гуманисттик идеяларын, ошондой эле кыргыз элинин материалдык эмес маданий мурастарын жергиликтүү, улуттук жана эл аралык деңгээлдерде пропагандалоодо чыгармачыл бирикмелердин, коомдук уюмдардын жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын демилгелерин колдоо;
4) кыргыз элинин "Манас" эпосунун жана кенже эпосторунун руханий баалуулуктарын Кыргыз Республикасында жана чет өлкөлөрдө, анын ичинде онлайн форматында популярдаштырган илимий, илимий-популярдуу, мезгилдүү, маалыматтык ресурстарды жарыялоо, тематикалык чыгармаларды, окуу-агартуучу жана этнографиялык материалдарды жарыялоо;
5) кыргыз элинин "Манас" эпосун жана кенже эпосторун комплекстүү изилдөө максатында фольклордук, этнографиялык, этнологиялык илимий-талаа экспедицияларын уюштуруу жана өткөрүү;
6) жарандык коомдогу айтуучулардын ролун коргоо жана аныктоо максатында айтуучулардын туруктуу республикалык жана дүйнөлүк форумдарын уюштуруу жана өткөрүү;
7) "Манас" эпосун, кенже эпосторду сактоо, коргоо, ар тараптан изилдөө максатында эпостаануучулардын туруктуу республикалык жана дүйнөлүк форумдарын уюштуруу жана өткөрүү;
8) кыргыз элинин маданияты, искусствосу жаатында ар кандай маалыматтык ресурстарды түзүүгө, мультимедиялык, чыгармачыл долбоорлорду иштеп чыгууга жана колдоого көмөк көрсөтүү;
9) кыргыз элинин "Манас" эпосунун жана кенже эпосторунун салттуу варианттарынын кол жазмаларын, аудио-, видео-, санариптик жана башка материалдарын чогултуу жана бирдиктүү фонд түзүү;
10) кыргыз элинин "Манас" эпосу, кенже эпостору, материалдык эмес маданий мурастары боюнча маданияттын жана искусствонун ар кандай түрлөрүндөгү жана жанрларындагы чыгармаларды чогултуу, системалаштыруу;
11) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка функцияларды аткаруу.