Загрузка документа…
КАРА-СУУ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 19-февралы № 6/3
«Кара-Суу шаарынын Ардактуу Атуулу» наамын ыйгаруу жѳнγндѳ Жобону бекитγγ жѳнγндѳ»
Кара-Суу шаардык кенешинин мыйзамдуулук, укук, мандат, тартипти чыңдоо, кеңештин иштери, депутаттык этика, коомдук уюмдар боюнча туруктуу комиссиясынын 2014-жылдын 17-февралындагы протоколунун негизинде Кара-Суу шаардык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Суу шаардык кенешинин мыйзамдуулук, укук, мандат, тартипти чыңдоо, кеңештин иштери, депутаттык этика, коомдук уюмдар боюнча туруктуу комиссиясынын 2014-жылдын 17-февралындагы протоколунун негизинде «Кара-Суу шаарынын Ардактуу Атуулу» наамын ыйгаруу жѳнγндѳ Жобо тиркемеге ылайык бекитилсин. («Кара-Суу шаарынын Ардактуу Атуулу» наамын ыйгаруу жѳнγндѳ Жобо тиркелет)
2. Бул токтомдун аткарылышын Кара-Суу шаардык кенешинин мыйзамдуулук, укук, мандат, тартипти чыңдоо, кеңештин иштери, депутаттык этика, коомдук уюмдар боюнча туруктуу комиссиясына жγктѳлсγн.
Кара-Суу шаардык кеңешинин тѳрагасы: | Р.Х. Хатамов |
2014-жылдын 19-февралындагы
Кара-Суу шаардык кеңешинин (алтынчы шайланган)
кезектеги VI сессиясынын № 6/4 токтомуна тиркеме
1. «Кара-Суу шаарынын Ардактуу Атуулу» наамы Кара-Суу шаардык кеңешинин токтому менен ыйгарылат.
2. «Кара-Суу шаарынын Ардактуу Атуулу» наамы Кара-Суу шаарынын социалдык-экономикалык ѳнγгγγсγнѳ кошкон ѳзгѳчѳ эмгеги, Кыргыз Республикасында жана Ош областында шаардын кадыр-баркын кѳтѳрγγгѳ, коомдук тартипти сактоого, элдин тынчтыгын коргоого, улуттар аралык биримдикке, ынтымакчылыкка чакырууга кошкон салымдары жана ѳзгѳчѳ кырдаалдардада кѳрсѳткѳн эрдиктери γчγн шаар тургундарынын элдердин арасында ѳткѳрγлгѳн элдик жыйындардын протоколунун негизинде берилет.
3. Ардактуу атуул Кара-Суу шаарынын, Кара-Суу райондук жергиликтγγ администрациянын Ардак грамоталарына ээ болушу керек.
4. «Кара-Суу шаарынын Ардактуу Атуулу» наамына татыктуу инсанга «Кара-Суу шаарынын Ардактуу Атуул» наамы ыйгарылгандыгы тууралуу кγбѳлγк жана тѳш белгиге «Кара-Суу шаарынын Ардактуу Атуулу» деген ырастама берилет.
5. Кара-Суу шаарынын Ардактуу Атуулу шаардын ѳз алдынча башкаруу органдарынын Курултайына, сессиясына, жыйындарына, маарекелерине чакырылат жана коомдук иштерге катышат.
6. Эгерде башта жер участогу берилбесе, биринчи кезекте, бекер алганга укуктуу. Шаар ичиндеги транспорттун таксиден башка баардык тγрγндѳ бекер жγргѳнгѳ укуктуу. Шаардын ардактуу атуулу бирге жашаган γй-бγлѳ мγчѳлѳрγ менен кошо ѳмγр бою Кара-Суу шаарынын коммуналдык кызматына акы тѳлѳѳдѳн бошотулат. Кара-Суу шаарынын аймагында жеңилдиктерден пайдаланууга укук алат.
7. Жергиликтγγ ѳз алдынча башкаруу органдары тарабынан сыйлыктарга кѳрсѳтγлѳт.
8. «Кара-Суу шаарынын Ардактуу Атуулу» наамынын кγбѳлγгγн жана тѳш белгисин тапшыруу шаардык кеңештин тѳрагасы жана шаар мэринин катышуусунда салтанаттуу тγрдѳ ѳткѳрγлѳт.
Кара-Суу шаардык кеңештин жооптуу катчысы: | Н. Кочкорбаев |