Загрузка документа…
КЕҢ-АРАЛ АЙЫЛДЫК АЙМАКТЫК КЕҢЕШИ
Кең-Арал айылдык кеңешинин VIII - чакырылышынын кезексиз 12-сессиясы
2023-жылдын 5-июлу № 2
Укук бузуулар жөнүндө иштерди караган комиссия жөнүндө жобону жана комиссия курамын бекитүү жөнүндө
Укук бузуулар жөнүндө иштерди караган комиссия жөнүндө жобону бекитүү жана укук бузуулар жөнүндө иштерди караган комиссия курамын түзүү жөнүндө маселени карап чыгып, талкуулап депутаттардын Кең-Арал айылдык кеңешинин VIII чакырылышын кезексиз 12-сессиясы токтом кылат:
1.Кең-Арал айыл өкмөтүндө Укук бузуулар жөнүндө иштерди караган комиссия жөнүндө жобо бекитилсин. (тиркелет)
2.Кең-Арал айыл өкмөтүндө Укук бузуулар жөнүндө иштерди кароо комиссиянын курамы төмөндөгүдөй бекитилсин:
- О.Жамангараев -Кең-Арал айылдык кеңешинин депутаты;
- А.Карабаев -Кең-Арал айылдык кеңешинин депутаты;
- А.Анарбаева -Кең-Арал айылдык кеңешинин депутаты;
- Г.Сооронкулова -Кең-Арал айылдык кеңешинин депутаты;
- Н.Бейшеналиева -Кен-Арал айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы;
- А.Каналбекова -Кең-Арал айыл өкмөтүнүн аскердик эсепке алуу столунун инспектору;
- Б.Жаманкулов -Кең-Арал айыл өкмөтүнүн киреше боюнча жетектөөчү адиси;
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кең-Арал айыл өкмөтүнүн башчысы Ч.Алымкуловго жүктөлсүн.
Төрага Б.Токонов
|
| Кең-Арал айылдык кеңешинин 2023-жылдын 5-июлундагы № 2 токтому менен бекитилди |
|
|
|
Кең-Арал айыл өкмөтүндө Укук бузуулар жөнүндө иштерди караган комиссия жөнүндө жобо
1. Жалпы жоболор
1. Укук бузуулар жөнүндө иштерди караган комиссия жөнүндө жобо Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине (мындан ары - Кодекс) ылайык укук бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу органдарынын комиссияларын түзүүнүн жана ишинин бирдиктүү тартибин аныктайт.
2. Комиссиянын милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
- укук бузуулар жөнүндө кароого келип түшкөн ар бир иштин жагдайын өз убагында, ар тараптуу, толук жана объективдүү аныктоо;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык укук бузуулар жөнүндө иштерди так чечүү;
- чыгарылган чечимдин аткарылышын контролдоо, ошондой эле укук бузууларды жасоого өбөлгө түзгөн себептерди жана шарттарды аныктоо.
3. Комиссия туруктуу иштөөчү коллегиалдуу орган болуп саналат, анын сандык жана жеке курамы ыйгарым укуктуу органдын чечими менен, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында - жергиликтүү кеңештердин чечими менен бекитилет.
4. Комиссиялардын иши мыйзамдуулуктун, мыйзам алдындагы теңдиктин, күнөөсүздүктүн презумпциясынын, бузуу үчүн жоопкерчиликтин сөзсүз боло тургандыгын, адилеттүүлүктүн, жазаларды жекелештирүүнүн жана гуманизмдин принциптерине негизденет.
5. Комиссия өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексин, башка ченемдик укуктук актыларды жана ушул Жобону жетекчиликке алат.
2. Комиссиянын ишин түзүүнүн жана токтотуунун тартиби
6. Ыйгарым укуктуу органдар өздөрүнүн чечимдери менен укук бузуулар жөнүндө протоколдорду түзүүгө жана токтомдорду чыгарууга, Кодексте каралган учурларда жазаларды колдонууга ыйгарым укук берилген кызмат адамдарынын тизмегин аныктайт жана укук бузуулар жөнүндө иштерди кароого ыйгарым укук берилген туруктуу комиссияларды түзөт.
7. Комиссиялар өздөрүнүн ишкердик, жеке жана моралдык сапаттары, ден соолугунун абалы боюнча комиссияларга жүктөлгөн милдеттерди аткарууга жөндөмдүү Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларынын (кызматкерлеринин) ичинен түзүлөт.
8. Комиссия 3төн 9 адамга чейин так санда түзүлөт, анын курамына Комиссиянын төрагасы, мүчөлөрү, катчысы кирет жана төмөнкүлөрдөн түзүлөт:
- бөлүмдөрдүн жетекчилери же алардын орун басарлары;
- ыйгарым укуктуу органдын кызматкерлери (кызматчылары).
9. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын Комиссиясынын курамына төмөнкүлөр кирет:
- муниципалдык кызматчылар;
- аймактык мамлекеттик органдардын өкүлдөрү (макулдашуу боюнча).
10. Төмөнкү адам Комиссиянын мүчөсү боло албайт:
- ага карата кылмыш-жаза куугунтуктоосу (кылмыш-жаза иши) реабилитацияланбаган негиздер боюнча токтотулган, кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартылган;
- ден соолугунун абалы медициналык корутундуга ылайык Комиссиянын мүчөсүнүн ыйгарым укуктарын аткарууга тоскоолдук кылган.
11. Комиссиянын ыйгарым укуктары ыйгарым укуктуу орган, жергиликтүү кеңеш тарабынан Комиссияны түзүү жөнүндө чечим кабыл алынган күндөн тартып башталат жана Комиссиянын жаңы курамы бекитилген учурдан тартып токтотулат.
12. Комиссиянын мүчөсүнүн ыйгарым укуктары ыйгарым укуктуу орган, жергиликтүү кеңеш тарабынан төмөнкүдөй учурларда токтотулат:
- Комиссиянын мүчөсү - кызматчы өзүнүн ыйгарым укуктарын токтотуу жөнүндө жазуу жүзүндө арыз бергенде;
- Комиссиянын мүчөсүнө карата соттун айыптоо өкүмү мыйзамдуу күчүнө киргенде;
- соттун мыйзамдуу күчүнө кирген чечими боюнча Комиссиянын мүчөсү болуп саналган адам аракетке жөндөмсүз, аракетке жөндөмдүүлүгү чектелген, дайынсыз жок болгон же каза болду деп таанылганда;
- Комиссиянын мүчөсүнүн өз ыйгарым укуктарын жүзөгө ашыруусуна тоскоолдук кылган ден соолугунун абалы жөнүндө медициналык корутундусу болгондо;
- Комиссиянын мүчөсү болуп саналган адам тарабынан мамлекеттик жарандык кызматчынын жана муниципалдык кызматчынын этикасын бузган жосун жасаганда;
- Комиссиянын мүчөсү каза болгондо;
- Комиссиянын мүчөсү Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары туруктуу жашоого чыгып кеткенде;
- Комиссиянын мүчөсү Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыкканда, ал Кыргыз Республикасынын жарандыгын жоготкондо же чет мамлекеттин жарандыгын кабыл алганда;
- мамлекеттик орган, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы жоюлганда;
- Комиссиянын мүчөсү болуп саналган кызматчы бошотулганда, ротацияланганда (которуу же ордунан жылдыруу).
13. Комиссиянын жаңы мүчөсү Комиссиянын мүчөсүнүн ыйгарым укуктарын токтотуу жөнүндө чечим кабыл алынган күндөн тартып 10 жумуш күндөн кечиктирбестен бекитилет.
14. Комиссиянын ыйгарым укуктары, Комиссия өз ыйгарым укуктарын аткарбаган же талаптагыдай эмес аткарган учурда ыйгарым укуктуу орган, жергиликтүү кеңеш тарабынан токтотулушу мүмкүн.
15. Комиссиянын жаңы курамы Комиссиянын мурунку курамынын ыйгарым укуктары токтотулган күндөн тартып 10 жумуш күндөн кечиктирбестен түзүлөт.
16. Укук бузуулар жөнүндө иш өндүрүшүндө турган Комиссиянын мүчөсү, эгерде ал төмөнкүдөй болгон учурларда аны карай албайт:
- укук бузуу үчүн жоопкерчиликке тартылып жаткан адамдын же жабырлануучунун, алардын мыйзамдуу өкүлдөрүнүн, жактоочунун же өкүлүнүн тууганы болсо;
- иштин чечилишине жеке, түз же кыйыр түрдө кызыкдар болсо.
Жогоруда көрсөтүлгөн учурлар Комиссиянын төрагасынын жана мүчөсүнүн баш тартуусу үчүн негиз болуп саналат.