Загрузка документа…
Жакыр үй-бүлөнүн социалдык паспортун
толтуруу тартиби жөнүндө
УСУЛДУК КӨРСӨТМӨЛӨР
1. Жалпы жоболор
1. Жакыр үй-бүлөнүн социалдык паспорту (мындан ары - ЖҮСП) - “Санарип аймак” автоматташтырылган маалыматтык системасында (мындан ары - “Санарип аймак” АМС) электрондук түрдө таризделүүчү жакыр үй-бүлөнүн курамы, турмуш абалынын деңгээли, үй-бүлөнүн социалдык кызматтарга жеткиликтүүлүгү жөнүндө анкета, мунун негизинде жакыр үй-бүлөгө социалдык колдоо көрсөтүү чаралары иштелип чыгат.
2. ЖҮСП социалдык жардамга муктаж калктын түрдүү социалдык категориялары жана топтору жөнүндө “Маалымат базасын” түзүү үчүн негиз болуп эсептелет. ЖҮСПтө камтылган маалымат жергиликтүү коомдоштуктагы калктын социалдык корголуу даражасын жана анын социалдык талаптарын канааттандыруу деңгээлин баалоого мүмкүндүк түзөт.
3. ЖҮСП калктын кыйла муктаж катмарын, алардын кирешелеринин тууралыгын аныктоо жана даректүү социалдык жардам көрсөтүү максатында толтурулат. Жакыр үй-бүлөлөргө колдоо көрсөтүү үчүн, ар кандай министрликтер жана ведомстволор ЖҮСПтөгү маалыматтарды өз компетенцияларынын чегинде колдоно алышат.
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (ЖӨАБО), социалдык камсыздоонун аймактык башкармалыктары ЖҮСПтүн маалыматтарын калкты социалдык жактан коргоонун регионалдык программаларын иштеп чыгуу жана жакыр калкты социалдык мобилизациялоо боюнча иштерди жүргүзүү үчүн пайдаланышат.
4. ЖҮСП электрондук түрдө жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аймагында жашаган жана даректүү социалдык жардамга муктаж үй-бүлөлөрдү изилдөөнүн негизинде, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу/социалдык камсыздоо органдарына кайрылган жарандардын үй-жайын иликтөө менен алардын арыздарынын негизинде толтурулат.
Эгерде үй-бүлөнүн кирешелеринде же башка көрсөткүчтөрүндө өзгөрүүлөр болсо, анда алар ЖҮСПтүн тиешелүү бөлүмдөрүнө киргизилет.
5. ЖҮСП “Санарип аймак” АМСтин ЖҮСП модулунда түзүлөт жана сакталат. Ошол эле учурда, айыл жеринде ЖҮСПтү айыл өкмөтүнүн жооптуу кызматкери, ал эми шаарларда - аймактык социалдык камсыздоо бөлүмүнүн жооптуу кызматкери толтурат.
6. АМСте түзүлгөн ЖҮСП басылып чыгарылат, андагы маалыматтардын аныктыгы үй-бүлөсүнө ЖҮСП толтурулган арыз ээсинин колу менен ырасталат.
АМСте түзүлгөн ЖҮСПтүн кагаз түрүндөгү варианты, кызматтык документтер катары бул документти сактоо, киргизилген маалыматтардын тууралыгы, бардык өзгөрүүлөр менен толуктоолорду өз убагында киргизүү, отчетторду түзүү жопкерчиликтери жүктөлгөн айыл өкмөтүнүн (айыл жеринде), аймактык социалдык камсыздоо башкармалыгынын (шаарларда) жооптуу адистеринде сакталат.
7. Ар бир түзүлгөн ЖҮСПтө жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын социалдык маселелер боюнча комиссиясынын (мындан ары – Комиссия), кедейчиликтин себептери жөнүндө, үй-бүлөнүн (арыз ээсинин) чыныгы материалдык абалын жана муктаждык даражасын тастыктоочу корутундусу, ошондой эле үй-бүлөнү кедейчиликтен чыгаруу боюнча комиссиянын сунуштары болууга тийиш.
8. ЖҮСП үй-бүлөнүн кирешеси жашоо минимумунан ашкан учурда гана жабылат.
2. Жакыр үй-бүлөнүн социалдык
паспортун толтуруу механизми
9. ЖҮСП түзүүнүн алдында жеке мүнөздөгү маалымат чөйрөсүндөгү мыйзамдарга ылайык жеке маалыматтарды чогултууга жана иштеп чыгууга арыз ээсинин макулдугун алуу керек.
10. АМСке үй-бүлө жөнүндө маалыматтарды киргизгенде, автоматтык түрдө ЖҮСПгө “каттоо номери” ыйгарылат.
11. АМСке үй-бүлө жөнүндө маалыматтарды киргизүү жүргүзүлгөн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органында/социалдык камсыздоонун аймактык башкармалыгында, 1-тиркемеге ылайык ЖҮСП каттоо журналы автоматтык түрдө түзүлөт.
ЖҮСПтун каттоо журналында, үй-бүлөсүнө ЖҮСП толтурулган бардык арыз ээлери көрсөтүлөт.
12. АМС ЖҮСП модулуна маалыматтарды киргизүү, АМС оператору тарабынан иштелип чыккан жана АМС ээси тарабынан бекитилген “Колдонуучунун колдонмосунун” негизинде жүргүзүлөт.
I бөлүм.
Үй-бүлөнүн социалдык маалыматтары
13. 1-пункт. “Арыз берүүчүнүн үй-бүлөлүк абалы”
1) Арыз берүүчүнүн үй-бүлөлүк абалы анын айтуусу боюнча толтурулат. Бул учурда, арыз берүүчүнүн статусу төмөнкүдөй аныкталат:
- “никеде турбаган” - ЖҮСП толтуруу учурунда никеде турбаган, жана эч качан катталган же катталбаган никеде болбогон арыз берүүчү;
- “жесир (жесил)” - катталган же катталбаган никеде турган, бирок ЖҮСП толтуруу учурунда каза болгондугуна байланыштуу күйөөсүнөн (аялынан) айрылган арыз берүүчү;
- “ата/эне (жалгыз бой)” - бирге жашаган балдары бар, ЖҮСП толтуруу учурунда катталган же катталбаган никеде турбаган арыз берүүчү;
- “катталган ажырашуу” - катталган никеде турган, бирок ЖҮСП толтуруу учурунда расмий ажырашкан, б.а. ажырашуусу ЖААКО органдарында катталган арыз берүүчү;
- “катталбаган ажырашуу” - катталган никеде турган, бул никеден балдары бар, бирок ЖҮСП толтуруу учурда жубайы менен жашабаган арыз берүүчү;
- “катталган нике” - ЖҮСП толтуруу учурунда катталган никеде турган, б.а. никеси ЖААК органдарында катталган арыз берүүчү;
- “катталбаган нике” - ЖҮСП толтуруу учурунда катталбаган никеде турган, б.а. никеси ЖААК органдарында катталбаган арыз берүүчү.
2) АМСди колдонуу менен белгилүү бир үй-бүлөгө чыгуу маалыматтарын ЖҮСПтан түзүүдө, арыз ээсинин үй-бүлөлүк абалы АМСге маалыматтарды киргизүү учурундагы көрсөтүлгөн статусун көрсөтөт.
14. 2-пункт. “Үй-бүлөнүн курамы”
1) ЖҮСП толтурулуп жаткан үй-бүлө мүчөлөрү жөнүндө маалыматтарды толтурууда биринчи кезекте арыз берүүчү жөнүндө маалыматтар, андан кийин үй-бүлө башчысы жөнүндө маалыматтар киргизилет. Үй-бүлөнүн башка мүчөлөрү жөнүндө маалыматтар арыз берүүчү жана үй-бүлө башчысы жөнүндө маалыматтар киргизилгенден кийин киргизилет.
2) 6-графада үй-бүлө башчысына карата туугандык даражасы көрсөтүлөт.
Мисалы, арыз берүүчү катталган никедеги күйөөсү, үч жашы жете элек баласы (уулу, кызы жана бир камкорчулукка алынган бала) жана күйөөсүнүн ата-энеси менен жашаган аял. Үй-бүлө башчысы болуп күйөөсү эсептелинет.
Бул учурда:
- күйөөсү - башчысы;
- арыз берүүчү - жубайы;
- күйөөсүнүн атасы-жубайынын ата -энеси;
- күйөөсүнүн энеси-жубайынын ата-энеси;
- биринчи бала - уулу;
- экинчи баласы - кызы;
- үчүнчү баласы – камкорчулукка алынган баласы.
Башка туугандары деп: агасы/эжеси, күйө баласы/келини, жээни, чоң энеси/чоң атасы түшүндүрүлөт.
3) 7-графада бардык үй-бүлө мүчөлөрүнүн ишинин түрү көрсөтүлөт:
- “иштейт” - ЖҮСП толтуруу учурунда кайсы бир уюмда эмгек мамиледе турган, өзүн жумуш, анын ичинде чакан жана орто бизнес, ишкерлик менен өз алдынча камсыз кылган, айыл чарба продукциясын өндүрүүгө катышкан, ДМЧ баланы багуу боюнча жеке ассистент болгон үй-бүлө мүчөсү;
- “жумушсуз” - иштебеген үй-бүлө мүчөсү. Ал калкты иш менен камсыз кылуунун мамлекеттик органдарында катталган же катталбаган болушу мүмкүн;
- “баланы багуу” - баланы багуу үчүн үйдө олтурган эмгекке жарамдуу курактагы үй-бүлө мүчөсү (буларга студенттер, окуучулар, мектеп жаныша чейинки балдар, пенсионерлер, иштебеген ДМЧАлар кирбейт);
- “студент” - орто же жогорку кесиптик окуу жайында (кесиптик лицей, кесиптик окуу жайы, колледж, техникум, институт, академия, университет, консерватория ж. б.) окуган үй-бүлө мүчөсү;
- “окуучу”- жалпы билим берүү мекемесинде (мектеп, лицей, гимназия, мектеп-интернат, атайын (коррекциялык) мектеп ж. б.) окуган үй-бүлө мүчөсү;
- “мектеп жашына чейинки бала” – мектепке чейинки курактагы бала.
- “иштебеген ДМЧА” - майыптык тобу бар, эмгекке жарамдуу курактагы үй-бүлө мүчөсү. Эгерде ДМЧА иштесе, анда аны жумушчу катары көрсөтүү зарыл.
4) 8-графада үй-бүлө мүчөлөрүнүн билими көрсөтүлөт:
- “жогорку билим” – бүткөрүлгөн жогорку билими бар үй-бүлө мүчөлөрү (бакалаврлар, адистер жана магистрлер);
- “бүтпөгөн жогорку билим” - ЖҮСПтү толтуруу учурунда жогорку окуу жайларында окуп жаткан же кандайдыр бир себептер менен ЖОЖду бүтүрбөй калган үй-бүлө мүчөлөрү;
- “орто кесиптик билим берүү” - бүкөрүкесиптик орто билимди аяктаган үй-бүлө мүчөлөрү;
- “бүтпөгөн орто кесиптик билим берүү” - ЖҮСПтү толтуруу учурунда орто кесиптик окуу жайларында окуп жатышкан же кандайдыр бир себептер менен аларды бүтүрбөй калган үй-бүлө мүчөлөрү;
- “жалпы орто билим” – бүткөрүлгөн орто билимдүү үй-бүлө мүчөлөрү (11-класс);
- “жалпы негизги” - жалпы негизги билими бар үй-бүлө мүчөлөрү (9-класс);
- “жалпы башталгыч” - жалпы башталгыч билими бар үй-бүлө мүчөлөрү (4 класс);
- “билими жок” - эч кандай билими жок үй-бүлө мүчөлөрү (мектеп жашына чейинки балдар, чоң кишилер).
Мисалы:
4 адамдан турган үй-бүлө: атасы жалпы билим берүүчү мектептин 11-классын, апасы жалпы билим берүүчү мектептин 8-классын бүтүргөн, биринчи баласы жалпы билим берүүчү мектептин 10-классында окуйт, кичүү баласы мектепке чейинки курактагы бала.
Бул чурда ЖҮСПтүн 8-графасы төмөнкүдөй түрдө толтурулат:
Атасы - жалпы орто билими бар;
Энеси - жалпы негизги билими бар;
Биринчи бала - жалпы башталгыч билими бар;
Экинчи бала - билими жок.
5) 9-графада паспорттун же туулгандыгы тууралуу күбөлүктүн № жана сериясы көрсөтүлөт.
6) 10-графада үй-бүлө мүчөлөрүнүн турган жери көрсөтүлөт:
- “үй-бүлөдө” - эгерде үй-бүлө мүчөсү үй-бүлөдө жашаса же 6 айдан ашык эмес убакытка кандайдыр бир себептер менен үй-бүлөдө жок болсо;
- “үй-бүлөдөн тышкары” - үй-бүлө мүчөсү төмөнкү себептер менен 6 айдан ашык үй-бүлөдө жок болгондо: жумушка/жумуш издөөгө байланыштуу Кыргыз Республикасынын чегинен сыртка кеткендиктен (тышкы мигрант), Кыргыз Республикасынын чегинде жумушка орношуу/жумуш издөөгө байланыштуу (ички мигрант), окууга кеткендиктен, эркиндигинен ажыратылган жерлерде, мөөнөттүү аскердик кызматта, толук мамлекеттик камсыздоосундагы балдар үйүндө, карылар үчүн социалдык стационардык мекемеде болгондуктан, жеке менчик формасындагы социалдык тейлөө мекемелеринде туруктуу жашагандыктан же үй-бүлө мүчөсүнүн турган жери белгисиз болгондуктан.
15. 3-пункт. “Эмгекке жарамдуу үй-бүлө мүчөлөрү”
Бул пунктта эмгекке жарамдуу гана үй-бүлө мүчөлөрү көрсөтүлөт, аларга 16 жаштан ашкан жана пенсия курагына жете элек, майыптыгы жок бардык үй-бүлө мүчөлөрү кирет.
16. 4-пункт. “Эмгекке жарамсыз үй-бүлө мүчөлөрү”
Бул пунктка эмгекке жарамсыз гана үй-бүлө мүчөлөрү киргизилет, аларга 16 жашка чейинки балдар, пенсия курагына жеткен үй-бүлө мүчөлөрү, ДМЧАлар кирет.
Ошондой эле бул пунктта 16 жашка чейинки балдарды, анын ичинде мектепке чейинки курактагы балдарды, анын ичинде бала бакчага барган балдарды жана 16 жашка чыга элек ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды көрсөтүү керек.
17. 5-пункт. “Мектепке чейинки/мектеп жашындагы бала бакчага/мектепке барбаган балдар жөнүндө маалымат”
Бала бакчага/мектепке барбаган себептерин көрсөтүү менен бала бакчага/мектепке барбаган балдар жөнүндө маалыматтар киргизилет.
1-графага үй-бүлө мүчөсүнүн (баланын) катар номери коюлат, бул анын 1-графанын 2-пунктундагы (үй-бүлөнүн курамы) номерине дал келиши керек.
2, 3, 4, 5, 6, 7, 8, 9, 10-графаларга - бала бакчага/мектепке барбоонун бир гана (эң негизги) себеби көрсөтүлөт. Мында тиешелүү графага “+” белгиси коюлат.
Мисалы: