Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЭМГЕК, СОЦИАЛДЫК КАМСЫЗДОО ЖАНА МИГРАЦИЯ МИНИСТРЛИГИНИН БУЙРУГУ
2024-жылдын 18-ноябры № 210
Жакыр үй-бүлөнүн Социалдык паспортунун формасын, Жакыр үй-бүлөнүн социалдык паспортун толтуруу тартиби жөнүндө усулдук көрсөтмөлөрүн бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы № 115 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына өткөрүп берүү жөнүндө" токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарына жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына өткөрүп берилген Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарынын тизмесинин 8-пунктунун 2-пунктчасына, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 2-сентябрындагы № 481 токтому менен бекитилген "Санарип аймак" автоматташтырылган маалыматтык системасы жөнүндө" жобого жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 252 "Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги жөнүндө" токтомуна ылайык,
БУЙРУК КЫЛАМ:
1. Бекитилсин:
1) "Жакыр үй-бүлөнүн социалдык паспорту" формасын 1-тиркемеге ылайык;
2) "Жакыр үй-бүлөнүн социалдык паспортун толтуруу тартиби жөнүндө усулдук көрсөтмөлөрү" 2-тиркемеге ылайык.
2. Сатып алууларды уюштуруу жана техникалык тейлөө бөлүмү:
1) Социалдык жардам көрсөтүүнүн корпоративдик маалыматтык тутуму аркылуу "Санарип аймак" автоматташтырылган маалыматтык системасынын "Жакыр үй-бүлөнүн социалдык паспорту" модулуна маалыматтарды берүү бөлүгүн үзгүлтүксүз иштешин камсыз кылсын;
2) бул буйрукту Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин расмий веб-сайтына жайгаштырууну камсыз кылсын.
3. Мамлекеттик социалдык төлөмдөр боюнча чечимдерди даярдоо башкармалыгынын Социалдык паспорттоштуруу сектору:
1) бул буйрук катталган күндөн тартып үч жумушчу күндүн ичинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын расмий жарыялоо булактары жөнүндө" 2010-жылдын 26-февралындагы № 117 токтомуна ылайык, "Эркин-Тоо" гезитине расмий жарыялоону камсыз кылсын;
2) расмий жарыяланган күндөн тартып үч жумушчу күндүн ичинде буйруктун көчүрмөсүн мамлекеттик жана расмий тилдерде, кагаз жүзүндө жана электрондук түрдө жарыялоо булагын көрсөтүү менен Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жиберсин;
3) буйрук күчүнө кирген күндөн тартып, үч жумушчу күндүн ичинде буйруктун көчүрмөсүн маалымат үчүн Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына жиберсин;
4) ушул буйрукту андан ары "Санарип аймак" автоматташтырылган маалымат системасынын "Жакыр үй-бүлөнүн социалдык паспорту" модулуна маалыматтарды түзүү жана өзгөртүүлөрдү киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигине жөнөтүүнү камсыз кылуу боюнча чараларды көрсүн.
4. Чечимдерди көзөмөлдөө жана административдик камсыздоо башкармалыгы бул буйрукту аткаруучуларга жеткирсин.
5. Бул буйрук расмий жарыяланган күндөн тартып жети күндүн ичинде күчүнө кирет.
6. Бул буйруктун аткарылышын көзөмөлдөө министрдин орун басары Чынгызбек Мамат уулуна жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри |
| Ж.Полотова |
1-тиркеме
ЖАКЫР ҮЙ-БҮЛӨНҮН СОЦИАЛДЫК ПАСПОРТУ
Каттоо №_____________________________Толтуруу күнү_______________________________________________
ЖҮСП толтуруу үчүн жер: Облусу ______________________району (шаары)_________________________________
Аткаруучу ЖӨАБО______________________________________________айыл (АКӨБ, квартал)_________________
Аты-жөнү (арыз берүүчүнүн)__________________________________________________________________________
Дареги (каттоо/катталгандыгы)_________________________________________________________________________
(облусу, район/шаар, айыл аймак (шаар башкармалыгы), айыл, (АКӨБ, квартал), көчө, үйдүн/батирлердин номери)
Дареги (иш жүзүндө жашаган жери):___________________________________________________________________
(облусу, район/шаар, айыл аймак (шаар башкармалыгы), айыл, (АКӨБ, квартал), көчө, үйдүн/батирлердин номери)
Телефон номуру ______________________почта бөлүмү ______________________________________________
I бөлүм. Үй-бүлөнүн социалдык маалыматтары.
1-пункт. Арыз берүүчүнүн үй-бүлөлүк абалы (белги коюу).
1 никеси жок 3. ата/эне (жалгыз бой) 4. Катталган ажырашуу 6. Катталган нике
2. жесир (жесил) 5. Катталбаган ажырашуу 7. Катталбаган нике
2-пункт. Үй-бүлө курамы: