Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 29-ноябры № 716
Кыргыз Республикасынын өзгөчө маанилүү маалыматтык инфратүзүм объекттерин категорияга бөлүү тартиби жөнүндө жобону жана Кыргыз Республикасынын өзгөчө маанилүү маалыматтык инфратүзүм объекттеринин маанилүүлүк критерийлеринин көрсөткүчтөрүнүн тизмегин бекитүү тууралуу
"Кыргыз Республикасынын киберкоопсуздугу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесинин 1-бөлүгүнүн 4, 5-пункттарына, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
1) Кыргыз Республикасынын өзгөчө маанилүү маалыматтык инфратүзүм объекттерин категорияга бөлүү тартиби жөнүндө жобо 1-тиркемеге ылайык;
2) Кыргыз Республикасынын өзгөчө маанилүү маалыматтык инфратүзүм объекттеринин маанилүүлүк критерийлеринин көрсөткүчтөрүнүн тизмеги 2-тиркеме ылайык.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
«Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин 2024-жылдын 6-декабрындагы № 94 (3649) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.У. Жапаров |
|
| 2-тиркеме |
Кыргыз Республикасынын өзгөчө маанилүү маалыматтык инфраструктура объекттеринин маанилүүлүк критерийлеринин көрсөткүчтөрүнүн ТИЗМЕГИ
№ | Көрсөткүч | Көрсөткүчтүн мааниси | ||
III категория | II категория | I категория | ||
I. Социалдык маанилүүлүк | ||||
| Калктын өмүрүнө жана ден соолугуна зыян келтирилиши | Облустук райондун, райондук маанидеги шаардын аймагынын чегинде | Облустун, облустук маанидеги шаардын аймагынын чегинде | Республикалык масштабда, республикалык маанидеги шаардын аймагынын чегинде |
2 | Аймактар боюнча баа берилүүчү, калктын турмуш-тиричилигин камсыз кылуу объекттеринин(3) иштөөсүнүн токтошу(1) же бузулушу(2) | Облустук райондун, райондук маанидеги шаардын аймагынын чегинде | Облустун, облустук маанидеги шаардын аймагынын чегинде | Республикалык масштабда, республикалык маанидеги шаардын аймагынын чегинде |
3 | Транспорт байланышы же транспорттук кызмат көрсөтүү бузулушу мүмкүн болгон аймакта баа берилүүчү транспорттук инфраструктура объекттеринин иштөөсүнүн токтошу(1) же бузулушу(2) | Облустук райондун, райондук маанидеги шаардын аймагынын чегинде | Облустун, облустук маанидеги шаардын аймагынын чегинде | Республикалык масштабда, республикалык маанидеги шаардын аймагынын чегинде |
4 | Байланыш тармагынын иштөөсүнүн токтошу(1) же бузулушу(2) (байланыш кызматтарынын жеткиликсиздиги) | Облустук райондун, райондук маанидеги шаардын аймагынын чегинде | Облустун, облустук маанидеги шаардын аймагынын чегинде | Республикалык масштабда, республикалык маанидеги шаардын аймагынын чегинде |
5 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү мындай кызмат көрсөтүүнү алуучулар үчүн жеткиликтүү болбошу мүмкүн болгон максималдуу жол берилген убакытта (саат) баалана турган, мамлекеттик кызмат көрсөтүүгө жетүү мүмкүнчүлүгүнүн жоктугу | 3 саат | 2 саат | 1 саат |
II. Экономикалык маанилүүлүк | ||||
6 | Экономикалык зыянга алып келген (түздөн-түз жана (же) кыйыр, колдон чыгарылган пайданы, өзгөчө маанилүү маалыматтык инфраструктура объектинин иштөөсүнүн токтошунун же бузулушунун кесепеттерин жоюуга жана анын жарамдуулугун калыбына келтирүүгө, материалдык зыяндын ордун толтурууга кеткен чыгымдарын кошкондо) өзгөчө маанилүү маалыматтык инфраструктура объекттеринин иштөөсүнүн токтошу(1) же бузулушу(2) | Облустук райондун, райондук маанидеги шаардын аймагынын чегинде | Облустун, облустук маанидеги шаардын аймагынын чегинде | Республикалык масштабда, республикалык маанидеги шаардын аймагынын чегинде |
7 | Кыргыз Республикасынын бюджетине Өзгөчө маанилүү маалымат инфраструктура субъекти тарабынан жүзөгө ашырылуучу төлөмдөрдү (чегерүүлөрдү) төмөндөтүүдө баалануучу Кыргыз Республикасынын бюджетине зыяндын келип чыгышы | Райондук же облустук маанидеги шаардын жергиликтүү бюджетине келтирилген зыян | Республикалык маанидеги шаардын жергиликтүү бюджетине келтирилген зыян | Республикалык бюджетке келтирилген зыян |
III. Экологиялык маанилүүлүк | ||||
8 | Айлана-чөйрө зыяндуу таасирлерге дуушар болушу мүмкүн болгон аймакта баа берилүүчү айлана-чөйрөгө зыяндуу таасирлер(4) | Облустук райондун, райондук маанидеги шаардын аймагынын чегинде | Облустун, облустук маанидеги шаардын аймагынын чегинде | Республикалык масштабда, республикалык маанидеги шаардын аймагынын чегинде |
IV. Өлкөнүн коргонуусун, мамлекеттин коопсуздугун жана укук тартибин камсыздоо үчүн маанилүүлүк | ||||
9 | Өзгөчө маанилүү маалыматтык инфраструктура объектинин иштөөсүнүн токтошу(1) же бузулушу(2) | Облустук райондун, райондук маанидеги шаардын аймагынын чегинде | Облустун, облустук маанидеги шаардын аймагынын чегинде | Республикалык масштабда, республикалык маанидеги шаардын аймагынын чегинде |
10 | Өзгөчө маанилүү маалыматтык инфраструктура объектинин колдонуучу үчүн жеткиликтүү болбошу мүмкүн болгон максималдуу жол берилген убакытта (саат) баалана турган, өлкөнүн коргонуусун, мамлекеттин коопсуздугун жана укук тартибин камсыздоо жаатындагы өзгөчө маанилүү маалыматтык инфраструктура объектинин иштөөсүнүн токтошу(1) же бузулушу(2) (белгиленген көрсөткүчтөрдү аткарбоо) | 3 саат | 2 саат | 1 саат |