Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 3-декабры № 725
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 12-июнундагы № 304 "Мамлекеттик органдардын жана алардын ведомстволук мекемелеринин мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрүнүн бирдиктүү реестрин бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Жарандарга жана юридикалык жактарга көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызматтардын сапатын жана жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу боюнча милдеттерди ишке ашыруу максатында, "Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5, 8-беренелерине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 12-июнундагы № 304 "Мамлекеттик органдардын жана алардын ведомстволук мекемелеринин мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрүнүн бирдиктүү реестрин бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Мамлекеттик органдардын жана алардын ведомстволук мекемелеринин мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрүнүн бирдиктүү реестринде:
1) "Медициналык кызмат көрсөтүүлөр" 2-главасында:
- "Мамлекеттик кызмат көрсөтүүчү мамлекеттик органдар жана алардын ведомстволук мекемелери" графасындагы 8, 20, 21-пункттар "ССМ" деген аббревиатурадан кийин ", КРПИБ" деген сөздөр менен толукталсын;
- 28-40-пункттар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"
28 | Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасынын мамлекеттик мекемелеринде медициналык жактан тейлене турган кызмат орундарынын жана адамдардын тизмегине кирбеген, ага бекитилбеген контингентке амбулаториялык деңгээлде консультациялык-диагностикалык жардам көрсөтүү, медициналык кароолорду жана дарылоо иш-чараларын, суу процедураларын жүргүзүү | ССМ | КРПИБ | Акы төлөнөт |
29 | Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасынын мамлекеттик мекемелеринде медициналык жактан тейлене турган кызмат орундарынын жана адамдардын тизмегине ылайык ага бекитилген контингентке амбулаториялык деңгээлде консультациялык-диагностикалык жардам көрсөтүү, медициналык кароолорду жана дарылоо иш-чараларын жүргүзүү | ССМ | КРПИБ | Акысыз |
30 | Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасынын мамлекеттик мекемелеринде медициналык жактан тейлене турган кызмат орундарынын жана адамдардын тизмегине кирбеген, ага бекитилбеген контингентке адистештирилген стационарларда медициналык жардам көрсөтүү | ССМ | КРПИБ | Акы төлөнөт |
31 | Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасынын мамлекеттик мекемелеринде медициналык жактан тейлене турган кызмат орундарынын жана адамдардын тизмегине ылайык ага бекитилген контингентке адистештирилген стационарларда медициналык жардам көрсөтүү | ССМ | КРПИБ | Акысыз |
32 | Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасынын мамлекеттик мекемелеринде медициналык жактан тейлене турган кызмат орундарынын жана адамдардын тизмегине кирбеген, ага бекитилбеген контингентке медициналык жардамдын жогорку технологиялык түрлөрүн көрсөтүү | ССМ | КРПИБ | Акы төлөнөт |
33 | Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасынын мамлекеттик мекемелеринде медициналык жактан тейлене турган кызмат орундарынын жана адамдардын тизмегине ылайык ага бекитилген контингентке медициналык жардамдын жогорку технологиялык түрлөрүн көрсөтүү | ССМ | КРПИБ | Акысыз |
34 | Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасынын мамлекеттик мекемелеринде медициналык жактан тейлене турган кызмат орундарынын жана адамдардын тизмегине кирбеген, ага бекитилбеген контингентке реабилитациялык медициналык жардам көрсөтүү | ССМ | КРПИБ | Акы төлөнөт |
35 | Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасынын мамлекеттик мекемелеринде медициналык жактан тейлене турган кызмат орундарынын жана адамдардын тизмегине ылайык ага бекитилген контингентке реабилитациялык медициналык жардам көрсөтүү | ССМ | КРПИБ | Акысыз |
36 | Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасынын мамлекеттик мекемелеринде медициналык жактан тейлене турган кызмат орундарынын жана адамдардын тизмегине кирбеген, ага бекитилбеген контингентке стоматологиялык жардам көрсөтүү | ССМ | КРПИБ | Акы төлөнөт |
37 | Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасынын мамлекеттик мекемелеринде медициналык жактан тейлене турган кызмат орундарынын жана адамдардын тизмегине ылайык ага бекитилген контингентке стоматологиялык жардам көрсөтүү | ССМ | КРПИБ | Акысыз |
38 | Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасынын мамлекеттик мекемелеринде медициналык жактан тейлене турган кызмат орундарынын жана адамдардын тизмегине ылайык ага бекитилген контингентке стоматологиялык жардам көрсөтүү (кымбат жана жаңы муундагы препараттар жана медикаменттер) | ССМ | КРПИБ | Акы төлөнөт |
39 | Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасынын мамлекеттик мекемелеринде медициналык тейлене турган кызмат орундарынын жана адамдардын тизмегине кирбеген, ага бекитилбеген контингентке тиешелүү бейтапты ооруканага жеткирүү, шашылыш көрсөткүчтөр боюнча бир ооруканадан экинчиге ташуу | ССМ | КРПИБ | Акы төлөнөт |
40 | Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасынын мамлекеттик мекемелеринде медициналык жактан тейлене турган кызмат орундарынын жана адамдардын тизмегине ылайык ага бекитилген контингентке тиешелүү бейтапты ооруканага жеткирүү, шашылыш көрсөткүчтөр боюнча бир ооруканадан экинчиге ташуу (КРПИБдин тиешелүү мамлекеттик мекемеси жайгашкан калктуу конуштун чегинде) | ССМ | КРПИБ | Акысыз |