Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 9-декабры № 746
Кыргыз Республикасынын өзгөчө маанилүү маалыматтык инфраструктура объекттеринин киберкоопсуздук системаларын түзүүгө жана алардын иштөөсүн камсыз кылууга талаптарды бекитүү жөнүндө
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 14-апрелиндеги № 265 токтомунун редакциясына ылайык)
"Кыргыз Республикасынын киберкоопсуздугу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесинин 1-бөлүгүнүн 7-пунктуна, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын өзгөчө маанилүү маалыматтык инфраструктура объекттеринин киберкоопсуздук системаларын түзүүгө жана алардын иштөөсүн камсыз кылууга талаптар тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Өзгөчө маанилүү маалыматтык инфраструктура субъекттери ушул токтомдун 1-пункту менен бекитилген Талаптардан келип чыгуучу чараларды төмөнкүлөрдүн эсебинен көрсүн:
– бюджеттик мекемелер болуп саналган субъекттер үчүн бюджеттик системанын тийиштүү бюджеттеринде каралган каражаттардын жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен тыюу салынбаган башка булактардын;
– коммерциялык жана коммерциялык эмес уюмдар, ошондой эле чарбалык шериктештиктер жана коомдор болуп саналган субъекттер үчүн өздүк каражаттардын жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен тыюу салынбаган (бюджеттик каражаттардан тышкары) башка булактардын.
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 14-апрелиндеги № 265 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо киберкоопсуздукту камсыз кылуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жүктөлсүн.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.У. Жапаров |