Загрузка документа…
1-тиркеме
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 20-декабрындагы № 776 токтомуна)
Балдар-өспүрүмдөр спорт мектеби, адистештирилген балдар-өспүрүмдөр олимпиадалык резерв мектеби, балдар-өспүрүмдөр спорттук-адаптациялык мектеби, балдар-өспүрүмдөр паралимпиадалык резерв мектеби, региондук олимпиадалык резерв мектеби, республикалык спорт колледжи, спорттун түрлөрү боюнча дирекциялар жана "Допингге каршы улуттук борбор" допингге каршы аракеттенүү боюнча дирекция жөнүндө ТИПТҮҮ ЖОБО
1-глава. Жалпы жоболор
1. Балдар-өспүрүмдөр спорт мектеби, адистештирилген балдар-өспүрүмдөр олимпиадалык резерв мектеби, балдар-өспүрүмдөр спорттук-адаптациялык мектеби, балдар-өспүрүмдөр паралимпиадалык резерв мектеби, региондук олимпиадалык резерв мектеби, республикалык спорт колледжи, спорттун түрлөрү боюнча дирекциялар жана "Допингге каршы улуттук борбор" допингге каршы аракеттенүү боюнча дирекция жөнүндө типтүү жобо (мындан ары - Жобо) мамлекеттик балдар-өспүрүмдөр спорт мектептеринин (мындан ары - БӨСМ), адистештирилген балдар-өспүрүмдөр олимпиадалык резерв мектептеринин (мындан ары - АБӨОРМ), балдар-өспүрүмдөр спорттук-адаптациялык мектептеринин (мындан ары - БӨСАМ), балдар-өспүрүмдөр паралимпиадалык резерв мектептеринин (мындан ары - БӨПРМ), региондук олимпиадалык резерв мектебинин (мындан ары - РОРМ), республикалык спорттук колледжинин (мындан ары - РСК), спорттун түрлөрү боюнча дирекциясынын (мындан ары - СТД) жана "Допингге каршы улуттук борбор" допингге каршы аракеттенүү боюнча дирекциясынын (мындан ары - "ДКУБ" ДКАД) ишинин тартибин аныктайт.
2. БӨСМ, АБӨОРМ жана БӨСАМ, БӨПРМ юридикалык жак болуп саналат, дене тарбия жана спорт чөйрөсүндөгү мекеме статусуна ээ, алар төмөнкүлөрдү жүзөгө ашырат:
1) балдардын, өспүрүмдөрдүн жана жаштардын ден соолугун чыңдоого жана алардын дене бой жагынан ар тараптуу өнүгүшүнө багытталган дене тарбия-ден соолукту чыңдоо жана тарбия иштерин;
2) окуучуларды дене тарбия жана спорт менен системалуу машыгууга, окуу жайларына спорттук мектептерде спорттун түрлөрү менен машыгуу боюнча методикалык жана спорттук-массалык ишти уюштурууга ар тараптан жардам көрсөтүүгө тартуу боюнча иштерди;
3) адистештирилген спорт менен машыгууга тартуу үчүн жөндөмдү балдарды жана өспүрүмдөрдү табууну (туруктуу машыгуу процессинде);
4) спортчуларды Олимпиадалык, Азиялык, Паралимпиадалык, Азиялык паралимпиадалык оюндарына, дүйнө, Азия чемпионаттарына, кубокторуна жана биринчиликтерине, башка расмий эл аралык мелдештерге даярдоо жана ийгиликтүү чыгуусун камсыз кылууну;
5) алдынкы спортчулардын чеберчилигин өркүндөтүүнү;
6) допингге каршы билим берүү жана допингге каршы сабаттуулуктун зарыл деңгээлин калыптандырууну.
3. Дене тарбия жана спорт чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чечими менен БӨСМге машыктырылуучу спорттун түрлөрүнүн бири боюнча спорттук өркүндөтүү боюнча кеминде 4 топ жана жогорку спорттук чеберчиликтин бир тобу болсо 4 жылга олимпиадалык резерв статусу ыйгарылат.
Паралимпиадалык резерв статусун ыйгаруу үчүн БӨСАМга ушундай эле талаптар коюлат.
4. Спорт мектептерин ачуунун шарттары болуп окуу-машыгуу процессин өткөрүү үчүн зарыл болгон менчик же ижарага (1 жылдан кем эмес ижара келишими түзүлгөн) алган базасынын, квалификациялуу жетекчилик жана машыктыруучу-окутуучулар курамынын, административдик жайлардын, ден соолукту чыңдоо-спорттук лагерди уюштуруу мүмкүнчүлүгүнүн болусу, финансы менен камсыздалышы саналат. Өзүнчө почталык дареги жана техпаспорту бар спорттук объекттер спорттук база болуп эсептелет.
5. БӨСМ, АБӨОРМ, БӨСАМ, БӨПРМде спорттун түрлөрү боюнча бөлүмдөрдүн саны машыктырылуучу спорттун түрлөрүнүн санына ылайык спорттук мектеп карамагына кирген жогору турган уюм тарабынан белгиленет, ал эми окуу топторунун саны болгон шарттарга жараша белгиленет жана дене тарбия жана спорт чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча спорт мектебинин администрациясы тарабынан аныкталат.
6. Балдар-өспүрүмдөрдүн спорт мектеби 20дан кем эмес окуу тобу, анын ичинде ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү окуучулар үчүн окуу топтору болгондо ачылат жана баштапкы даярдоо, окуу-машыгуу топтору менен окуу-машыгуу процессин жүзөгө ашырат, ошондой эле спортту өркүндөтүү топторун комплекттейт. Бул үчүн зарыл шарт болуп окуучулардын контингентинин, окуу-машыгуу ишинин режимин аткарууга мүмкүнчүлүк берген шарттардын (квалификациялуу машыктыруучу-окутуучулар кадрлардын, материалдык-спорттук базанын) болушу саналат.
7. БӨСМ, БӨСАМ, БӨПРМ, АБӨОРМ баштапкы даярдоо, окуу-машыгуу, спорттук өркүндөтүү жана жогорку спорттук чеберчилик топторун түзөт. Спорттук өркүндөтүү жана жогорку спорттук чеберчилик топторунун курамы дене тарбия жана спорт чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан бекитилет.
8. РОРМ, РСК, БӨСМ, АБӨОРМ, БӨСАМ, БӨПРМдин алдында "Көзөмөлчүлүк кеңеши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык көзөмөлчүлүк кеңештери түзүлүшү мүмкүн.
9. РОРМ юридикалык жак болуп саналат, билим берүү, дене тарбия жана спорт чөйрөсүндөгү мамлекеттик кесиптик билим берүү мекемеси статусуна ээ, төмөнкүлөрдү жүзөгө ашырат:
1) спорттун түрлөрү боюнча Кыргыз Республикасынын курама командаларынын резервдерин комплектөө жана толуктоо үчүн БӨСМ, АБӨОРМден келечектүү окуучуларды тандоону;
2) РОРМ спортчуларына жана спорттун түрлөрү боюнча Кыргыз Республикасынын курама командаларынын мүчөлөрүнө жыл бою адистештирилген даярдыкты камсыз кылууну;
3) бюджетте каралган каражаттардын чегинде РОРМ окуучуларын жатакана, тамак-аш жана спорттук экипировка менен камсыз кылууну.
10. РОРМди ачуунун шарттары болуп БӨСМдин жана АБӨОРМдин окуучуларынын болушу, ошондой эле окуу процессин, окуу-машыгуу процессин жүргүзүү үчүн зарыл болгон менчик базанын, квалификациялуу жетекчилик, окутуучулук жана машыктыруучу-окутуучулук курамдын, административдик жана окуу жайларынын болушу, окуучуларга жатакана жана тамак-аш, медициналык кабинет уюштуруу мүмкүнчүлүгү саналат. Өзүнчө почталык дареги жана техпаспорту бар спорттук объекттер спорттук база болуп эсептелет.
11. Дене тарбия жана спорт чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чечими боюнча РОРМде 8-класстан баштап окуучуларды тандоо үчүн машыктырылуучу спорттун түрлөрү аныкталат.
12. РОРМде билим берүү 8-класстан баштап жалпы билим берүү мектеп программасын камтыйт.
13. РОРМ окуу-машыгуу топторун, спорттук өркүндөтүү жана жогорку спорттук чеберчилик топторун түзөт. Спорттук өркүндөтүү жана жогорку спорт чеберчилик топторунун курамы дене тарбия жана спорт чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан бекитилет.
14. РСК юридикалык жак болуп саналат билим берүү, дене тарбия, спорт чөйрөсүндөгү мамлекеттик кесиптик билим берүү мекемеси статусуна ээ, төмөнкүлөрдү жүзөгө ашырат:
1) спорттун түрлөрү боюнча Кыргыз Республикасынын курама командаларынын резервдерин комплектөө жана толуктоо үчүн БӨСМ, АБӨОРМден келечектүү окуучуларды тандоону;
2) спортчуларга жана Кыргыз Республикасынын курама командаларынын мүчөлөрүнө спорттун түрлөрү боюнча жыл бою адистештирилген даярдыкты камсыз кылууну;
3) орто кесиптик билими бар дене тарбия жана спорт боюнча адистерди, машыктырууларды жана окутуучуларды даярдоону;
4) допингге каршы билим берүүнү киргизүү жана окуучулар арасында допингге каршы сабаттуулуктун зарыл деңгээлин калыптандырууну;
5) бюджетте каралган каражаттардын чегинде РСКнын окуучуларын жатакана, тамак-аш жана спорттук экипировка менен камсыз кылууну.
15. РСКны ачуунун шарттары болуп БӨСМдин жана АБӨОРМдин окуучуларынын болушу, ошондой эле окуу процессин, окуу-тарбия процессин жүргүзүү үчүн зарыл болгон менчик базанын, квалификациялуу жетекчилик, окутуучулук жана машыктыруучу-окутуучулук курамдын, административдик жана окуу жайларынын болушу, окуучуларга жатакана жана тамак-аш, медициналык кабинет уюштуруу мүмкүнчүлүгү саналат. Өзүнчө почталык дареги жана техпаспорту бар спорттук объекттер спорттук база болуп эсептелет.
16. Дене тарбия жана спорт чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чечими боюнча РСКда 8-класстан баштап окуучуларды тандоо үчүн машыктырылууучу спорттун түрлөрү аныкталат.
17. РСКда билим берүү эки этаптан турат:
1) 1-этап - 8ден баштап бүтүрүүчү класска чейин (11 же 12 жылдык билим берүү программасына жараша) жалпы билим берүү мектеби;
- 1-этап эки баскычтан турат:
а) 1-баскыч - негизги жалпы билим берүү (8, 9-класстар);
б) 2-баскыч - орто жалпы билим берүү (10, 11-класстар же окуу программасына жараша 12-класс);
2) 2-этап - 1, 2, 3-курстар;
- 1, 2, 3-курстар - орто кесиптик билим берүү. Окуунун ченемдик мөөнөтү - мамлекеттик билим берүү стандарттарына ылайык. Окугандардын дене тарбия мугалимдерин жана спорт боюнча машыктыруучуларды даярдоо программаларын өздөштүрүүсүн камсыз кылат.
18. РСК окуу-машыгуу топторун, спорттук өркүндөтүү жана жогорку спорттук чеберчилик топторун түзөт. Спорттук өркүндөтүү жана жогорку спорттук чеберчилик топторунун курамы дене тарбия жана спорт чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан бекитилет.
19. СТД юридикалык жак болуп саналат, дене тарбия жана спорт чөйрөсүндөгү мекеме статусуна ээ, төмөнкүлөрдү жүзөгө ашырат:
1) жогорку класстагы спортчулардын негизги даярдыгын жана спорттун олимпиадалык, олимпиадалык оюндардын түрлөрүн, улуттук, олимпиадалык эмес, паралимпиадалык, сурдлимпиадалык жана адаптациялык спорттун түрлөрүн өнүктүрүүнү;
2) допингге каршы билим берүү жана допингге каршы сабаттуулуктун зарыл деңгээлин калыптандырууну;
3) Кыргыз Республикасынын курама командаларын комплектөө үчүн машыктырылуучу спорттун түрлөрү боюнча Кыргыз Республикасынын чемпионаттарын өткөрүүнү;
4) спорттун түрлөрү боюнча расмий эл аралык мелдештерди өткөрүүнү;
5) спорттун түрлөрү боюнча Кыргыз Республикасынын улуттук курама командаларынын башкы жана улук машыктыруучуларын дайындоо жана бошотууну;
6) спортчулардын Олимпиадалык оюндарда, Азия оюндарында, дүйнө, Азия чемпионаттарында, кубокторунда, Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында жана башка расмий эл аралык мелдештерде даярдоо жана ийгиликтүү чыгышын камсыз кылууну;
7) ата мекендик спортчулардын дүйнөлүк аренада атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу аркылуу өлкөнүн аброюн көтөрүү.
20. СТД дене тарбия жана спорт чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан түзүлөт. СТДда дене тарбия жана спорт чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чечими менен аныкталган спорттун түрлөрү аныкталат.
21. СТДны ачуунун шарттары болуп окуу-машыгуу процессин жүргүзүү үчүн зарыл болгон менчик базанын, квалификациялуу жетекчилик жана машыктыруучу-окутуучулук курамдын, административдик жайлардын болушу, ден соолукту чыңдоочу-спорттук лагерди уюштуруу мүмкүнчүлүгү, финансы менен камсыз болушу саналат. Өзүнүн почталык дареги жана техпаспорту бар спорттук объект спорттук база болуп эсептелет.
22. СТД мамлекеттик баланста турган бардык спорттук жана эс алуу базаларын пайдаланууга укуктуу.
23. "ДКУБ" ДКАД юридикалык жак болуп саналат, мекеме статусуна ээ, төмөнкүлөрдү жүзөгө ашырат:
1) Кыргыз Республикасы тарабынан белгиленген тартипте ратификацияланган Спорттогу допингге каршы күрөшүү жөнүндө эл аралык конвецияга кол койгон мамлекеттин милдеттенмелерин;
2) Кыргыз Республикасында жана чет өлкөлөрдө спортчуларга мелдештик жана мелдештен тышкары допинг-тестирлөөнү уюштурууну;
3) допинг үлгүлөрүн ДДКА тарабынан аккредиттелген допингге каршы лабораторияларга коопсуз жана өз убагында ташууну камсыз кылууну;
4) тыюу салынган дары препараттары жана фармакологиялык таасири бар башка заттар жөнүндө маалыматтар базасын дайыма жаңыртып турууну;
5) допинг-контролдун инспекторлорун даярдоону;
6) допингге каршы билим берүү жана жогорку спорт чеберчилигин көрсөткөн атлеттер арасында допингге каршы сабаттуулуктун зарыл деңгээлин калыптандырууну;
7) Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги, Кыргыз Республикасынын Улуттук олимпиада комитети, спорт федерациялары (ассоциациялары) жана башка мамлекеттик органдар менен спортто тыюу салынган препараттардын жана методдордун жеткиликтүүлүгүн чектөө боюнча өз ара аракеттенүүнү.
24. "ДКУБ" ДКАД дене тарбия жана спорт чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан түзүлөт.
25. "ДКУБ" ДКАД ачуунун шарттары болуп тыюу салынган субстанцияларды аныктоо максатында фармацевтикалык препараттарды, биологиялык активдүү кошулмаларды, спорттук тамак-аш азыктарын жана спортто колдонулуучу башка каражаттарды допингге каршы контролдоо үчүн зарыл жайлардын болушу саналат.