Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 20-декабры № 776
Кыргыз Республикасынын спорттук мекемелеринин типтүү жобосун жана типтүү штаттарын бекитүү жөнүндө
Дене тарбия жана спорт тармагын андан ары өнүктүрүү максатында, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
Төмөнкүлөр бекитилсин:
1) Балдар-өспүрүмдөр спорт мектеби, адистештирилген балдар-өспүрүмдөр олимпиадалык резерв мектеби, балдар-өспүрүмдөр спорттук-адаптациялык мектеби, балдар-өспүрүмдөр паралимпиадалык резерв мектеби, региондук олимпиадалык резерв мектеби, республикалык спорт колледжи, спорттун түрлөрү боюнча дирекциялар жана “Допингге каршы улуттук борбор” допингге каршы аракеттенүү боюнча дирекция жөнүндө типтүү жобо 1-тиркемеге ылайык;
2) Балдар-өспүрүмдөр спорт мектебинин, адистештирилген балдар-өспүрүмдөр олимпиадалык резерв мектебинин, балдар-өспүрүмдөр спорттук-адаптациялык мектебинин, балдар-өспүрүмдөр паралимпиадалык резерв мектебинин типтүү штаттары 2-тиркемеге ылайык;
3) Шералы Сыдыков атындагы Республикалык спорт колледжинин, Жалал-Абад шаарынын региондук олимпиадалык резерв мектебинин типтүү штаттары 3-тиркемеге ылайык;
4) Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциянын, Спорттун олимпиадалык эмес түрлөрү боюнча дирекциянын, Спорттун улуттук түрлөрү боюнча дирекциянын, Спорттун олимпиадалык оюн түрлөрү боюнча жана спорттук-массалык иш-чараларды өткөрүү боюнча “Жаштык” дирекциясынын типтүү штаттары 4-тиркемеге ылайык;
5) “Допингге каршы улуттук борбор” допингге каршы аракеттенүү боюнча дирекциянын типтүү штаты 5-тиркемеге ылайык.
2. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 30-майындагы № 264 “Кыргыз Республикасынын балдар-өспүрүмдөр спорттук мектеби, олимпиялык резервдеги адистештирилген балдар-өспүрүмдөр мектеби, балдар-өспүрүмдөр спорттук-адаптациялык мектеби, паралимпиадалык резервдеги балдар-өспүрүмдөр мектеби жөнүндө типтүү жобону бекитүү тууралуу” токтому;
2) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 1-февралындагы № 78 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 30-майындагы № 264 “Кыргыз Республикасынын балдар-өспүрүмдөр спорттук мектеби, олимпиялык резервдеги адистештирилген балдар-өспүрүмдөр мектеби, республикалык олимпиялык резервдеги адистештирилген балдар-өспүрүмдөр мектеби жөнүндө типтүү жобону бекитүү тууралуу” токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү жөнүндө” токтому;
3) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 27-сентябрындагы № 657 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 30-майындагы № 264 “Кыргыз Республикасынын балдар-өспүрүмдөр спорттук мектеби, олимпиялык резервдеги адистештирилген балдар-өспүрүмдөр мектеби, республикалык олимпиялык резервдеги адистештирилген балдар-өспүрүмдөр мектеби жөнүндө типтүү жобону бекитүү тууралуу” токтомуна толуктоолорду киргизүү тууралуу” токтому;
4) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 17-июнундагы № 337 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 30-майындагы № 264 “Кыргыз Республикасынын балдар-өспүрүмдөр спорттук мектеби, олимпиялык резервдеги адистештирилген балдар-өспүрүмдөр мектеби, республикалык олимпиялык резервдеги адистештирилген балдар-өспүрүмдөр мектеби жөнүндө типтүү жобону бекитүү тууралуу” токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө” токтому;
5) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 2-декабрындагы № 820 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү жөнүндө” токтомунун 2-пункту;
6) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 25-февралындагы № 81 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 30-майындагы № 264 “Кыргыз Республикасынын балдар-өспүрүмдөр спорттук мектеби, олимпиялык резервдеги адистештирилген балдар-өспүрүмдөр мектеби, республикалык олимпиялык резервдеги адистештирилген балдар-өспүрүмдөр мектеби жөнүндө типтүү жобону бекитүү тууралуу” токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө” токтому;
7) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 14-ноябрындагы № 740 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 30-майындагы № 264 “Кыргыз Республикасынын балдар-өспүрүмдөр спорттук мектеби, олимпиялык резервдеги адистештирилген балдар-өспүрүмдөр мектеби, республикалык олимпиялык резервдеги адистештирилген балдар-өспүрүмдөр мектеби жөнүндө типтүү жобону бекитүү тууралуу” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” токтому;
8) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 10-августундагы № 415 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн дене тарбия жана спорт чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” токтому.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.