Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТӨРАГАСЫНЫН ТЕСКЕМЕСИ
2024-жылдын 12-апрели № 210
"Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 18-беренесине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын 2021-жылдын 30-ноябрындагы № 627 тескемесине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) жогоруда аталган тескеменин 1-тиркемесинде:
- 1-главанын 13-пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"13) Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчисинин ыйгарым укуктарын ишке ашырат, ушул ыйгарым укуктардын бир бөлүгүн өткөрүп берүүгө укуктуу;";
- 2-главада:
главанын аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары А.А. Касымалиев";
- 3-главада:
главанын аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары - Кыргыз Республикасынын суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Б.Э.Торобаев";
1-пунктчада:
төмөнкүдөй мазмундагы алтынчы абзац менен толукталсын:
"- этил спиртин, алкоголдук продукцияны өндүрүүнү жана жүгүртүүнү контролдоо;";
жетинчи-тогузунчу абзацтар күчүн жоготту деп таанылсын;
- 4-главанын 1-пунктчасы төмөнкүдөй мазмундагы алтынчы-сегизинчи абзацтар менен толукталсын:
"- маалыматтык технологиялар жана санариптик трансформациялоо, электрондук башкаруу, электрондук санариптик кол тамга, электрондук өкмөт, электрондук кызмат көрсөтүүлөр, жеке маалыматтарды коргоо;
- электр жана почта байланышы;
- каттоо саясаты жана архив иши;";
2) жогоруда аталган тескеменин 2-тиркемеси ушул тескеменин тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын 2022-жылдын 26-апрелиндеги № 310 тескемеси күчүн жоготту деп таанылсын.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.У. Жапаров |
|
| Тиркеме |
|
|
|
|
| "2-тиркеме |
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары жана Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарлары ишин тейлеген жана координациялаган мамлекеттик органдардын жана башка уюмдардын ТИЗМЕСИ
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетин жалпы жетектейт, анын ишин уюштурат, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басарынын жана орун басарларынын, министрлердин, мамлекеттик комитеттин төрагасынын, аткаруу бийлигинин башка органдарынын жетекчилеринин, Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн ишин координациялайт жана контролдойт.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары
Төмөнкүлөрдүн ишин координациялайт:
- Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин (туризм чөйрөсүндөгү саясатты иштеп чыгууну жана ишке ашырууну кошпогондо);
- Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин (бажы чөйрөсүндө укук коргоо иши маселелеринен тышкары);
- Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин (жазык аткаруу системасы, соттук-эксперттик иш жана пробация маселелеринен тышкары);
- Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин;
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин;
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин;
- Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин;
- Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Стратегиялык изилдөөлөр улуттук институтунун;
- "Кыргыз Республикасынын Экономикалык саясатты изилдөөлөр институту" мекемесинин;
- Кыргыз Республикасынын эркин экономикалык зоналарынын;
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик ишканаларынын жана мамлекеттин катышуу үлүшү бар акционердик коомдордун;
- жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын берилген мамлекеттик ыйгарым укуктар боюнча, Министрлер Кабинетинин карамагындагы мамлекеттик ишканалардын, уюмдардын, мекемелердин жана алардын бирикмелеринин тейлеген багыттар боюнча;
- белгиленген компетенциянын чегинде Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн.
Евразия экономикалык бирлигинин маселелери боюнча мамлекеттик органдардын ведомстволор аралык өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылат.
3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары - Кыргыз Республикасынын суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри