Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому
2017-жылдын 3-февралы № 70
2015-жылдын 30-октябрында Дүйшөмбү шаарында кол коюлган Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучулары жана майыптары, башка мамлекеттин аймагындагы согуш аракеттеринин катышуучулары, курман болгон аскер кызматчыларынын үй-бүлөлөрү үчүн жеңилдиктерди жана кепилдиктерди өз ара таануу жөнүндө 1994-жылдын 15-апрелиндеги Макулдашууга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу Протоколду бекитүү жөнүндө
Мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу максатында, "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. 2015-жылдын 30-октябрында Дүйшөмбү шаарында кол коюлган Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучулары жана майыптары, башка мамлекеттин аймагындагы согуш аракеттеринин катышуучулары, курман болгон аскер кызматчыларынын үй-бүлөлөрү үчүн жеңилдиктерди жана кепилдиктерди өз ара таануу жөнүндө 1994-жылдын 15-апрелиндеги Макулдашууга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу тиркелген Протокол бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги аталган Протоколдун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболорду Кыргыз Республикасынын аткаргандыгы жөнүндө Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Аткаруу комитетине билдирсин.
3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2017-жылдын 14-февралында N 22 жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
| С.Жээнбеков |