Редакцияот 24.12.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ

 

2024-жылдын 24-декабры № 827-т

 

Мамлекеттик баалуу кагаздардын ликвиддүүлүгүн жогорулатуу чараларын жана индикаторлорун актуалдаштыруу жана фондулук рынокту өркүндөтүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 24-январындагы № 14-т тескемесине төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

жогоруда аталган тескеме менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылга иш-аракеттер планында:

- 112-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"

112

Инвесторлордун чөйрөсүн кеңейтүү үчүн мамлекеттик баалуу кагаздардын ликвиддүүлүгүн жогорулатуу жана фондулук рыноктун санариптик инфратүзүмүн өркүндөтүү

"Кыргыз фондулук биржасы жабык акционердик коомунун соода аянтчасына чыгууну камсыздоо

"Кыргыз фондулук биржасы" жабык акционердик коомунун соода аянтчасына чыгуу

ФМ

30-июнь

Республикалык бюджеттин каражаттарынын алкагында

Кыргыз Республикасынын

Министрлер Кабинетинин

Төрагасы

 

А.А. Касымалиев