Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын
18-июнундагы № 425 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
|
| Тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 25-декабрындагы № 791 токтомуна) |
Жөнөкөй векселдерди чыгаруу, жүгүртүү жана төлөө жөнүндө ЖОБО
1-глава. Жалпы жоболор
1. Бул Жобо Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги тарабынан чыгарылуучу жөнөкөй векселдерди чыгаруу, жүгүртүү жана тындыруу тартибин аныктайт.
2. Жөнөкөй вексель өткөрүлүп берилүүчү документ болуп саналат жана ар кандай валюталарда чыгарылышы мүмкүн.
2-глава. Бул Жободо пайдаланылуучу терминдер жана аныктамалар
3. Бул Жобонун максаттары жана аны түшүнүү үчүн төмөнкүдөй терминдер жана аныктамалар пайдаланылат:
Вексель берүүчү - жөнөкөй векселди алуучуга аны көрсөткөндө белгилүү бир акчалай сумманы төлөө милдеттенмеси менен жөнөкөй вексель берген жак;
Вексель кармоочу - жөнөкөй векселди алуучу жана кармоочу болгон жак;
Жөнөкөй вексель - пайызсыз жана мөөнөтсүз шарттарда берилген жана вексель кармоочу тарабынан көрсөтүлгөндө төлөнүүгө тийиш болгон жазуу жүзүндөгү документ;
Эсептешүү агенти - Кыргыз Республикасынын аймагында иш жүргүзгөн коммерциялык банк.
3-глава. Жөнөкөй векселди чыгаруу
4. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги ушул Жобонун негизинде Вексель берүүчү катары чыгат жана ар кандай валюталарда номинацияланган, белгиленген көлөмдөгү белгилүү суммаларга жөнөкөй векселдерди чыгарат.
5. Жөнөкөй векселдин тексти мамлекеттик жана расмий тилдерде, зарыл болгон учурда чет тилдерде даярдалат. Жөнөкөй вексель ушул Жобонун тиркемесине ылайык форма боюнча даярдалат.
6. Жөнөкөй векселдер датасы коюлууга, көрсөтүлгөндөн кийин төлөнүүгө, ошондой эле Вексель берүүчү тарабынан кол коюлууга тийиш.
7. Жөнөкөй векселдер Вексель берүүчү тарабынан белгисиз мөөнөткө берилиши мүмкүн.
8. Жөнөкөй векселдер өткөрүлүп берилүүчү документтер болуп саналат, бирок кандай түрдө болбосун күрөөлүк камсыздоо катары чыгарылбайт.
9. Жөнөкөй векселдер атайын коргоо элементтери менен корголушу керек жана Вексель берүүчүнүн атайын заказы менен жасалат.
10. Жөнөкөй векселдерди чыгаруу үчүн Вексель берүүчү тиешелүү буйрук чыгарат, анда төмөнкүлөр көрсөтүлөт:
- жөнөкөй векселдерди чыгаруунун көлөмү;
- бир жөнөкөй векселдин номиналдык наркы;
- төлөм шарттары.
11. Жөнөкөй векселдер Кыргыз Республикасынын соода компанияларынын суроо-талабынын негизинде Вексель берүүчү тарабынан чыгарылат.
12. Жөнөкөй вексель Вексель берүүчүнүн атайын бланкында таризделет жана ага Кыргыз Республикасынын финансы министри кол коёт.
4-глава. Жөнөкөй векселди сатуу тартиби
13. Жөнөкөй векселдер жүз пайыз акча каражаттары менен камсыз кылуунун ордуна берилет, тиешелүү түрдө Вексель берүүчүнүн милдеттенмеси болуп саналбайт жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик карызынын курамына кирбейт.
14. Вексель берүүчү жөнөкөй векселдерди ушул Жободо белгиленген шарттарга ылайык Кыргыз Республикасынын соода компанияларына сатат.
15. Жөнөкөй векселдерди сатуудан түшкөн акча каражаттары Вексель берүүчүнүн эсептешүү эсебине келип түшөт, ал Эсептешүү агентинде ачылат.
16. Соода компаниялары векселдерди үчүнчү жактарга сатууга укуктуу.
5-глава. Жөнөкөй векселдерди эсепке алуу жана каттоо
17. Бардык чыгарылган жөнөкөй векселдер Вексель берүүчүнүн жөнөкөй векселдерди эсепке алуу журналына жазылат. Каттоо кагаз жана электрондук түрдө жүргүзүлөт.
18. Кыргыз Республикасынын соода компанияларына берилүүчү жөнөкөй векселдер Вексель берүүчүнүн ички ченемдик актыларында белгиленген тартипке ылайык эсепке алынууга тийиш.
19. Жөнөкөй векселдин арткы бетинде соода компаниясынын фирмалык мөөрүн жана жооптуу адамдын колун көрсөтүү менен жөнөкөй векселди сатып алган Кыргыз Республикасынын соода компаниясынын маалыматтары көрсөтүлөт.
20. Чыгарылган жөнөкөй векселдердин көчүрмөлөрү Вексель берүүчүдө сакталат.
6-глава. Векселдерди төлөө тартиби
21. Векселдерди төлөө Вексель берүүчү тарабынан векселдер көрсөтүлгөндө жүзөгө ашырылат. Төлөм жөнөкөй векселде көрсөтүлгөн валютада жүргүзүлөт.
22. Жөнөкөй векселди төлөө Кыргыз Республикасынын соода компаниясы тарабынан жөнөкөй вексель көрсөтүлгөндө жүргүзүлөт.
23. Жөнөкөй векселди төлөө ушул Жобонун 15-пунктунда көрсөтүлгөн Вексель берүүчүнүн эсептешүү эсебиндеги акча каражаттарынын эсебинен жүргүзүлөт.
24. Эсептешүү агенттери Вексель берүүчүнүн эсептешүү эсебиндеги каражаттардын калдыгына пайыздарды чегерет, алардын өлчөмү Вексель берүүчү менен Эсептешүү агентинин ортосундагы макулдашууда көрсөтүлөт.
25. Ушул Жобонун 24-пунктунда көрсөтүлгөн каражаттардын калдыктарына кошуп эсептелинген пайыздар Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинин кирешесине келип түшөт.
26. Жөнөкөй векселдин түп нускасы аны төлөөгө чейинки үч жумуш күн мурда төлөнгөндүгү жөнүндө белги коюу менен андан ары каттоо үчүн Вексель берүүчүгө кайтарылып берилет жана жок кылынууга тийиш.