Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН
МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 18-июну № 425
Жөнөкөй векселдерди чыгаруу, жүгүртүү
жана төлөө жөнүндө жобону бекитүү тууралуу
Жөнөкөй векселдерди чыгаруу, жүгүртүү жана төлөө механизмин өркүндөтүү максатында, «Которулма жана жөнөкөй векселдерге бирдиктүү мыйзам белгилеген Конвенцияга Кыргыз Республикасынын кошулушу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Жөнөкөй векселдерди чыгаруу, жүгүртүү жана төлөө жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 25-декабрындагы № 791 «Жөнөкөй векселдерди чыгаруу, жүгүртүү жана төлөө жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтому күчүн жоготту деп таанылсын.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2026-жылдын 19-июнундагы № 45 (3805) саны менен жарыяланды.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
|
А.А. Касымалиев |