Загрузка документа…
28-тиркеме
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 11-апрелиндеги № 201 токтому менен бекитилген
"Турак жайларды жана коомдук имараттардын жайларын табигый, жасалма жана аралаш жарыктандырууга карата гигиеналык талаптар" САНИТАРДЫК ЭРЕЖЕЛЕРИ ЖАНА ГИГИЕНАЛЫК ЧЕНЕМДЕРИ
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 1-сентябрындагы № 158 токтомунун редакциясына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. "Турак жайларды жана коомдук имараттардын жайларын табигый, жасалма жана аралаш жарыктандырууга карата гигиеналык талаптар" санитардык эрежелери жана гигиеналык ченемдери турак жайларды жана коомдук имараттардын жайларын табигый, жасалма жана аралаш жарыктандырууга карата гигиеналык талаптарды белгилейт.
2. Санитардык эрежелер жана гигиеналык ченемдер (мындан ары -санитардык эрежелер) долбоорлонуучу, курулуучу, реконструкциялануучу турак жайларга жана коомдук имараттардын жайларына жайылтылат.
3. Ушул санитардык эрежелердин талаптарын сактоо турак жайларды жана коомдук имараттардын жайларын долбоорлоо, куруу, реконструкциялоо жүргүзгөн жеке жана юридикалык жактар үчүн милдеттүү болуп саналат.
5. Ушул санитардык эрежелерди бузгандык үчүн жоопкерчилик Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине ылайык белгиленет.
2. Терминдер жана аныктамалар
6. Ушул санитардык эрежелерде төмөнкүдөй терминдер жана аныктамалар колдонулат:
1) аудиовизуалдык чыгармалар - бири-бири менен байланышкан сүрөттөрдүн (үн коштоосу менен же үн коштоосу жок) фиксацияланган сериясынан турган жана тиешелүү техникалык түзүлүштөрдүн жардамы менен көрүү жана угуу (үн менен коштолгон учурда) кабылдоолору үчүн арналган чыгарма;
2) капталдан табигый жарыктандыруу - сырткы дубалдардагы жарык өткөрүүчү тешиктер аркылуу жайларды табигый жарыктандыруу;
3) бир тараптуу капталдан табигый жарыктандыруу - бир дубалда жайгашкан жарык өткөрүүчү тешиктердин эсебинен жайларды табигый жарыктандыруу;
4) эки тараптуу капталдан табигый жарыктандыруу - эки дубалдын түрдүү тегиздигинде жайгашкан жарык өткөрүүчү тешиктердин эсебинен жайларды табигый жарыктандыруу;
5) жогорудан табигый жарыктандыруу - фонарлар, түрдүү бийиктиктеги имараттардын дубалдарындагы жарык өткөрүүчү тешиктер аркылуу жайларды табигый жарыктандыруу;
6) табигый жарыктандыруу - сырткы курчап турган конструкциялардагы жарык өткөрүүчү тешиктер аркылуу асмандын (тикелей же чагылдырылган) жарыгы, ошондой эле жарык өткөргүчтөр менен жайларды жарыктандыруу;
7) түс өткөрүү индекси Ra - байкоонун бирдей шартында изилденген жана стандарттуу жарык булактары менен жарыктандырылган түстүү объекттин визуалдык кабылдоолоруна шайкеш келүү ченеми;
8) турак жай - туруктуу же убактылуу жашоо үчүн арналган жана колдонулган, белгиленген техникалык, санитардык жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен белгиленген башка милдеттүү талаптарга жооп берүүчү турак жай фондунун өзүнчө бирдиги (жеке турак үй, жеке турак үйдүн бөлүгү, көп батирлүү үйдөгү батир, коммуналдык батир, коммуналдык батирдеги бөлмө, адистешкен турак жай фондунун үйлөрүндөгү бөлмө, көчмө турак жай фондунун турак үйү);
9) жайларды комбинацияланган жасалма жарыктандыруу - жалпы жарыктандырууга жергиликтүү кошулгандагы жарыктандыруу;
10) жайларды комбинацияланган табигый жарыктандыруу - жогорудан жана капталдан табигый жарыктандырууну айкалыштыруу;
11) табигый жарыктандыруунун коэффициенти (ТЖК) - жайдын ичинде берилген тегиздиктин эсептелген чекитинде асмандын (тикелей же чагылдырылгандан кийинки) жарыгы менен түзүлгөн табигый жарыктандыруунун толук ачык асмандын жарыгы менен түзүлүүчү сырткы горизонталдык жарыктандыруунун бир учурда өлчөнгөн маанисине карата катышы, мында бул же тигил жарыктандырууну түзүүдө тикелей күн нурунун катышуусу жокко чыгарылат;
12) жарыктандыруунун пульсация коэффициенти, Жп,% - өзгөрүлме ток берүүдө жарык булактарынын жарык агымынын учурундагы өзгөрүүлөрдүн натыйжасында жарык берүү түзүлмөсүнүн жарыктандыруу термелүүсүнүн салыштырмалуу тереңдигине баа берүү критерийлери, ал төмөнкү формула менен берилет:
(2)
мында:
Емакс жана Емин - термелүү мезгилиндеги жарыктандыруунун тиешелүү түрдөгү максималдуу жана минималдуу маанилери, лк;
Еорт - ошол эле мезгилдеги жарыктандыруунун орточо мааниси, лк;
13) медиафасад - имараттын архитектуралык көрүнүшүнө шайкеш курулган эркин формадагы жана өлчөмдөгү дисплей (медиа маалыматтарды -тексттик билдирүүлөрдү, графиканы, анимацияны жана анын үстүндөгү видеону трансляциялоо мүмкүндүгү менен), ал имараттын сырткы жана ички бөлүгүндө (айнек фасаддар үчүн) орнотулат;
14) жергиликтүү жарыктандыруу - түздөн-түз жумуш орундарында жарыктын агымын топтоочу жарык бергичтер менен түзүлгөн, жалпыга кошумча жарыктандыруу;
15) жайларды жалпы тегиз жасалма жарыктандыруу - жарык бергичтердин жайдын үстүңкү зонасында жайгашкан жана жарыктандыруунун жумуш орундарында бирдей жайылышын шарттаган жарыктандыруу;
16) жайларды жалпы локалдаштырылган табигый жасалма жарыктандыруу - жарык бергичтердин жабдуунун так үстүндө, жайдын үстүңкү зонасында жайгашкан жарыктандыруу;
17) UGR ыңгайсыздыктын биргелешкен көрсөткүчү, салыштырмалуу бирдиктер: көрүү чөйрөсүндө жаркыроонун бирдей эмес бөлүштүрүлүшүндө жагымсыз сезимдерди пайда кылган ыңгайсыз жаркыроону баалоо критерийи, ал төмөнкүдөй формула боюнча аныкталат:
мында:
Li - жаркыроо булагынын жарыктыгы, кд/м2;
ωi - жаркыроо булагынын бурчтук өлчөмү, стерадиан;
pi - көз караш багыты боюнча жаркыроо булагынын позициясынын индекси;
La - адаптациянын жарыктыгы, кд/м2;
18) табигый жарыгы жок жай - табигый жарык коэффициенти 0,1%дан төмөн болгон жай;
19) табигый жарыгы жетишсиз болгон жай - табигый жарыктандыруу коэффициенти ченемделгенден төмөн болгон жай;
20) жумушчу бет - жумуштарды аткаруу үчүн, жарыктандыруу ченемделген же өлчөнгөн үстүңкү бет;
21) аралаш жарыктандыруу - ченем боюнча жетишсиз болгон табигый жарыктандыруу толук жумуш күндүн ичинде жасалма жарыктандыруу менен толукталуучу жарыктандыруу;
22) жарык диод - жарым өткөргүч диод аркылуу электр тогу өткөрүлгөндө толкун узундугунун көрүнгөн диапазонунда когеренттүү нурлануунун чыгышына негизделген жарыктын булагы;
23) чагылдыруунун орто салмакталган коэффициенти - аянт (фасаддын, жайдын, жумушчу беттин) боюнча орточо чыгарылган чагылдыруу коэффициенти;
24) шарттуу жумушчу бет -полдон 0,8 м бийиктикте жайгашкан шарттуу кабыл алынган горизонталдык үстүңкү бет;
25) жайдын мүнөздүү кесилиши - жайдын ортосунунан туура кесилиш, анын тегиздиги айнектелген жарык өткөрүүчү тешиктердин тегиздигине (капталдан жарык берүүдө) же жайдын кермараларынын узата огуна карата перпендикулярдуу болот. Жайдын мүнөздүү кесилишине эң көп сандагы жумуш орундары бар участоктор, ошондой эле жарык өткөрүүчү тешиктерден эң алыс турган жумушчу зонанын түйүндөрү туш келүүгө тийиш;
26) түс өткөрүү - жарыктын булагынын спектрдик курамынын түстүү объекттерди көз менен кабылдоо таасирин мүнөздөгөн, стандарттуу жарык булактары менен жарык кылынган объекттерди кабылдоону аң сезимдүү же аң сезимсиз салыштырган жалпы түшүнүк;
27) Ец, лк цилиндрдик жарыктандыруу - белгиленген чекиттеги борбору менен чексиз цилиндрдин каптал бетине түшүүчү жарык агымынын ушул цилиндрдин каптал бетинин аянтына болгон катышы;
28) Тц,К түстүү температурасы - нурлануунун, планканын (кара дененин) температурасы, анын нурлануусу каралып жаткан объектинин нурлануусунун түсүндөй эле түскө ээ.