Загрузка документа…
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 25-декабрындагы № 848-т тескемесине)
Санариптик экономиканы өлчөө индекси жөнүндө ЖОБО
1-глава. Жалпы жоболор
1. Санариптик экономиканы өлчөө индекси жөнүндө жобо өзүнө санариптик экономика жаатында өлкөнүн өнүгүү абалына жана динамикасына талдоо жана мониторинг жүргүзүүгө, ошондой эле санариптик технологияларды өнүктүрүү жана колдонуу багытында кабыл алынган саясаттын жана иш-чаралардын натыйжалуулугун баалоого мүмкүнчүлүк берген негизги көрсөткүчтөрдүн системасын камтыган өлкөнүн санариптик өнүгүү деңгээлин баалоо жана чагылдыруу үчүн иштелип чыккан комплекстүү инструмент болуп саналат.
2. Санариптик экономиканы өлчөө индексин (мындан ары - Индекс) иштеп чыгуунун негизги максаты санариптик өнүктүрүүдөгү прогресске байкоо жүргүзүү, негизги тенденцияларды аныктоо жана жакшыртууну жана өнүктүрүүнү талап кылган тармактарды жана багыттарды аныктоо болуп саналат.
3. Баалоо предмети болуп отчеттук мезгилде санариптик экономиканын көрсөткүчтөрүнүн өсүү темптерине жетишүү болуп саналат, бул өлкөнү санариптик трансформациялоо максатында артыкчылыктуу милдеттерди иштеп чыгуу жана ишке ашыруу үчүн негиз болот.
4. Индексти түзүү төмөнкү принциптерге негизделген:
1) объективдүүлүк - көрсөткүчтөрдү тандоо жана эсептөө методологиясы объективдүү маалыматтарга негизделүүгө тийиш;
2) комплекстүүлүк - Индекс толук жана ар тараптуу талдоо үчүн санариптик экономиканын аспектилеринин кеңири спектрин камтууга тийиш;
3) актуалдуулук - Индекс санариптик экономикадагы акыркы тенденцияларды чагылдыруу үчүн анын компоненттерине оперативдүү түрдө өзгөртүүлөрдү киргизүүгө мүмкүндүк берүүгө тийиш, ошону менен өзгөрүп жаткан шарттарга жана керектөөлөргө адаптациялоо мүмкүнчүлүгү менен анын актуалдуулугун жана колдонулуучулугун кармап турууга тийиш;
4) ачыктык - эсептөө методологиясы жана баштапкы маалыматтар жыйынтыктарга ишенимдүүлүктү камсыз кылуу үчүн жалпыга жеткиликтүү болушу керек;
5) колдонуунун жөнөкөйлүгү - Индекс жана эсептөө методологиясы колдонуучулар үчүн алардын жеңил чечмелениши жана практиканы колдонулушун камсыз кылгандай түшүнүктүү жана ыңгайлуу болушу керек.
2-глава. Санариптик экономиканын индексинин компоненттери
5. Санариптик экономиканын индекси тематикалык тармактары боюнча бириктирилген төмөнкүдөй субиндекстерге топтоштурулган:
№ | Субиндекстин аталышы | Мүнөздөмөсү |
1 | Инфратүзүм жана жеткиликтүүлүк (3 параметр, 9 индикатор) | Калк, мамлекеттик органдар жана бизнес үчүн жеткиликтүү МКТ-инфратүзүмүн өнүктүрүү деңгээлин аныктайт |
2 | Санариптик мамлекет (3 параметр, 11 индикатор) | Мамлекеттик кызматтарды санариптик форматта көрсөтүү үчүн МКТны колдонуунун деңгээлин аныктайт |
3 | Экономиканы санариптик трансформациялоонун натыйжалуулугу (2 параметр, 8 индикатор) | МКТны ишке киргизүүнүн экономикалык көрсөткүчтөргө тийгизген таасирин чагылдырат |
4 | Санариптик бизнес (5 параметр, 28 индикатор) | Ишкердик иште МКТны колдонуунун деңгээлин аныктайт |
5 | Киберкоопсуздук (1 параметр, 3 индикатор) | Киберкоопсуздуктун абалын санариптик инструменттерди колдонууну, ошондой эле кесиптик даярдыкты жогорулатуунун деңгээлин камтуу менен чагылдырат |
6 | Адам капиталы (2 параметр, 6 индикатор) | Калктын санариптик көндүмдөрүнүн жана компетенцияларынын деңгээлин өлчөйт |
6. Ар бир субиндекс параметрлердин жана индикаторлордун топтомунан турат (ушул Жобонун 1-тиркемеси).
3-глава. Маалыматтарды чогултуу жол-жобосу, Индексти эсептөө жана аны жарыялоо
7. Санариптик экономиканын деңгээлин баалоо индикаторлорду комплекстүү талдоонун негизинде төмөнкү тартипте жүргүзүлөт:
1) индексти эсептөө үчүн маалыматтарды чогултуу Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлиги (мындан ары - СӨМ) тарабынан санариптик экономиканын индексин баалоонун алкагында пайдалануу үчүн жеткиликтүү болгон мамлекеттик органдардын маалыматтарынын негизинде ишке ашырылат.
Ушул Жобонун 1-тиркемесинде көрсөтүлгөн мамлекеттик органдар жана уюмдар индексти андан ары иштеп чыгуу жана эсептөө үчүн зарыл болгон анык баштапкы ишенимдүү маалыматтарды берүүгө милдеттүү жана алардын тактыгы жана актуалдуулугу үчүн толук жоопкерчилик тартат;
2) СӨМдүн зарыл болгон маалыматтарды чогултуусунун жыйынтыгы боюнча бир айлык мөөнөттө Индексти эсептөө жүргүзүлөт, ал санариптик экономиканын учурдагы абалын чагылдырат, жакшыртууну жана өнүктүрүүнү талап кылган тармактарды жана багыттарды аныктайт.
Ар бир өткөн жыл үчүн Индексти эсептөө СӨМ тарабынан жыл сайын, отчеттук жылдан кийинки жылдын 20-февралынан кечиктирилбестен жүргүзүлөт. Индексти эсептөө үчүн ушул Жобонун 2-тиркемесинде көрсөтүлгөн эсептөө методдору колдонулат.
Индекс жүргүзүлгөн эсептөөнүн жыйынтыгы боюнча 10 жумуш күндүн ичинде СӨМдүн расмий веб-сайтында жарыяланат.