Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2025-жылдын 9-сентябры № 772-т
Санариптик экономиканы өлчөө индексин эсептөө үчүн маалыматты оптималдаштыруу, актуалдуулугун жана аныктыгын камсыз кылуу максатында, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 25-декабрындагы № 848-т тескемесине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 2, 3-пункттар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“2. Маалыматтарды берүүгө жооптуу болуп аныкталган мамлекеттик органдар жыл сайын, отчеттук мезгилден кийинки жылдын 10-февралына чейинки мөөнөттө ар бир өткөн жыл үчүн санариптик экономиканы өлчөө индексин эсептөө үчүн Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министрлигине толук жана анык маалыматты берсин.
3. Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министрлиги:
1) жыл сайын, отчеттук мезгилден кийинки жылдын 10-мартына чейинки мөөнөттө 2024-жылдын жыйынтыгы боюнча биринчи эсептөөдөн баштап санариптик экономиканын индексин өлчөөнүн натыйжаларын Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчисине берсин, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министрлигинин расмий веб-сайтына жарыяласын;
2) 2026-жылдын 31-августуна чейинки мөөнөттө санариптик экономиканы өлчөө индексин эсептөө үчүн зарыл болгон мамлекеттик органдардын маалыматтарын чогултууну жана иштеп чыгууну камсыз кылууга мүмкүндүк берүүчү бирдиктүү борборлоштурулган санариптик платформаны иштеп чыгуу жана колдонуу боюнча чараларды көрсүн.”;
2) жогоруда аталган тескеме менен бекитилген Санариптик экономиканы өлчөө индекси жөнүндө жободо:
– жогоруда аталган Жобонун 1, 2-тиркемелери ушул тескеменин 1, 2-тиркемелерине ылайык редакцияда баяндалсын.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
|
А.А. Касымалиев |
1-тиркеме “Санариптик экономиканын өлчөө индекси жөнүндө жобонун 1-тиркемеси |
Санариптик экономиканын субиндекс параметрлеринин жана индикаторлорунун топтому
№ | Субиндекс | Параметрлер
| Индикаторлор | Маалымат берүүчү |
1 | Инфратүзүм жана жеткиликтүүлүк
| 1) интернетке жеткиликтүүлүк
| – көчмө радиотелефон байланышынын интернет-колдонуучуларынын саны | СӨИТМ |
– фиксацияланган байланыштын интернет-колдонуучуларынын саны, жеке жактар | СӨИТМ | |||
– фиксацияланган байланыштын интернет-колдонуучуларынын саны, юридикалык жактар | СӨИТМ | |||
– интернетке фиксацияланган кеңири тилкелүү жеткиликтүүлүк менен кошулган социалдык объекттердин саны1 | УСК | |||
2) мобилдик байланыш | – көчмө (мобилдик) радиотелефон байланышынын активдүү абоненттери | СӨИТМ | ||
– көчмө (мобилдик) 3G байланыш тармагы менен камтылган калктуу конуштардын пайызы | СӨИТМ | |||
– көчмө (мобилдик) 4G байланыш тармагы менен камтылган калктуу конуштардын пайызы | СӨИТМ | |||
3) маалыматтарды иштеп чыгуу борборлору (МИБ) | – МИБдин саны
| СӨИТМ, ЭМ | ||
2 | Санариптик мамлекет
| 1) санариптик мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр жана сервистер
| – электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталында санариптик кызматтарды жана сервистерди көрсөтүүчү мамлекеттик органдардын саны | “Түндүк” ААК |
– бардык мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн жалпы санына карата автоматташтырылган жана жарым-жартылай автоматташтырылган электрондук түрдө көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн пайызы | СӨИТМ
| |||
– маалыматтык ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү сервистеринин саны | “Түндүк” ААК
| |||
– “Түндүк” ЭВӨСкө кошулган мамлекеттик жана муниципалдык органдардын саны | “Түндүк” ААК
| |||
– “Түндүк” ЭВӨСтөгү коммерциялык катышуучулардын саны | “Түндүк” ААК
| |||
– “Түндүк” ЭВӨСтөгү G2B форматындагы транзакциялардын саны | “Түндүк” ААК
| |||
– “Түндүк” ЭВӨСтөгү G2G форматындагы транзакциялардын саны | Түндүк” ААК
| |||
2) мамлекеттик органдардын ачыктыгы жана ачык-айкындуулугу
| – Ачык маалыматтар порталына жарыялануучу маалыматтар топтомдорунун саны
| СӨИТМ | ||
– Ачык маалыматтар порталына маалыматтар топтомдорун жарыялоочу мамлекеттик органдардын саны | СӨИТМ
| |||
3) электрондук колтамга каражаттарын колдонуу | – электрондук колтамга каражаттарын колдонуучу жеке жактардын саны | СӨИТМ
| ||
– электрондук колтамга каражаттарын колдонуучу юридикалык жактардын саны | СӨИТМ
| |||
3 | Экономиканы санариптик трансформациялоонун натыйжалуулугу
| 1) экономикалык өсүш
| – МКТ чөйрөсүндөгү жогорку технологиялык импорт, жалпы импорттон % | ЭКМ, УСК |
– МКТ чөйрөсүндөгү жогорку технологиялык экспорт, жалпы экспорттон % | ЭКМ, УСК | |||
2) салык салуу
| – ЭИМКге ылайык экономикалык иштин 26.20 коду боюнча катталган субъекттердин салыктык чегерүүлөрүнүн суммасы | МСК | ||
– ЭИМКге ылайык экономикалык иштин 26.30 коду боюнча катталган субъекттердин салыктык чегерүүлөрүнүн суммасы | МСК
| |||
– ЭИМКге ылайык экономикалык иштин 27.31 коду боюнча катталган субъекттердин салыктык чегерүүлөрүнүн суммасы | МСК
| |||
– ЭИМКге ылайык экономикалык иштин 61 коду боюнча катталган субъекттердин салыктык чегерүүлөрүнүн суммасы | МСК
| |||
– ЭИМКге ылайык экономикалык иштин 62 коду боюнча катталган субъекттердин салыктык чегерүүлөрүнүн суммасы | МСК
| |||
– ЭИМКге ылайык экономикалык иштин 63 коду боюнча катталган субъекттердин салыктык чегерүүлөрүнүн суммасы | МСК
| |||
4 | Санариптик бизнес
| 1) электрондук коммерция
| – чекене сооданын жана дүң сооданын жалпы көлөмүндөгү электрондук сооданын көлөмү | ЭКМ, УСК
|
– электрондук соода чөйрөсүндө катталган субъекттердин саны | МСК
| |||
– катталган контролдук-кассалык машиналардын саны | МСК
| |||
– электрондук соода чөйрөсүндө катталган субъекттердин жалпы түшкөн акчасы | МСК
| |||
2) накталай эмес төлөмдөр
| – акча массасынын түзүмүндө накталай эмес акчанын үлүшү | УБ | ||
– Майда чекене жана үзгүлтүксүз төлөмдөрдүн пакеттик клиринг системасы жана реалдуу убакыт режиминде эсептешүүлөрдүн гросстук системасы аркылуу жүргүзүлгөн төлөмдөрдүн саны жана көлөмү | УБ | |||
3) банктык төлөм картасы
| – банктык төлөм карталарынын саны | УБ | ||
– банктык төлөм картасы аркылуу операциялардын саны жана көлөмү | УБ | |||
4) өз ара аракеттенүүнүн негизги оператору аркылуу жүргүзүлгөн төлөмдөр жана которуулар2 | – өз ара аракеттенүүнүн негизги оператору аркылуу жүргүзүлгөн төлөмдөрдүн жана которуулардын саны, анын ичинде мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөмдөрдүн саны | УБ | ||
– өз ара аракеттенүүнүн негизги оператору аркылуу төлөмдөрдүн жана которуулардын көлөмү, анын ичинде мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөмдөрдүн суммасы | УБ | |||
5) электрондук акча/капчыктар
| – электрондук акча эмитенттеринин саны | УБ | ||
– электрондук акчаны эсептөөнүн локалдык системаларынын саны | УБ | |||
– электрондук капчыктар ортосунда акча каражаттарын которуу боюнча операциялардын көлөмү (сом менен) | УБ
| |||
– электрондук капчыктар ортосунда акча каражаттарын которуу боюнча которуулардын саны (млн операция) | УБ
| |||
– электрондук акчаны төлөө боюнча операциялардын саны (млн операция) жана электрондук акчаны төлөө боюнча операциялардын көлөмү (млрд сом) | УБ
| |||
– товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн акы төлөө боюнча операциялардын көлөмү (млрд сом) | УБ
| |||
– товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн акы төлөө боюнча операциялардын саны | УБ
| |||
– электрондук капчыкты толуктоо аркылуу электрондук акчаны жайылтуу боюнча операциялардын саны (млн операция) | УБ
| |||
6) төлөм инфратүзүмүнүн жеткиликтүүлүгү | – соода-сервистик ишканаларда, мамлекеттик жана муниципалдык мекемелерде орнотулган QR-коддордун саны | УБ
| ||
– региондор боюнча банкоматтардын саны | УБ | |||
– региондор боюнча POS-терминалдардын саны | УБ
| |||
– төлөм терминалдарынын саны | УБ | |||
7) МКТ чөйрөсүндөгү ишкердик активдүүлүк | – маалыматтык технологиялар чөйрөсүндөгү ойлоп табууларга берилген патенттердин саны | ИЖБИМ
| ||
– ЖТПдагы компаниялардын (резиденттердин) түзүлгөн жумуш орундарынын саны | ЖТП | |||
– ЖТП резиденттеринин түшкөн акчасынын көлөмү | ЖТП | |||
– КИПтеги резидент-компаниялардын жүгүртүүсүнүн көлөмү | ЭКМ, КИП | |||
– КИПтеги компаниялар (резиденттер) түзгөн жумуш орундарынын саны | ЭКМ, КИП | |||
5 | Киберкоопсуздук
| 1) киберкоопсуздук жаатындагы маалымдуулук жана даярдык | – киберкоопсуздук багыты боюнча билим берүү мекемелеринин (ЖОЖдордун) бүтүрүүчүлөрүнүн саны | ИЖБИМ
|
– билим берүү чөйрөсүндө аккредитациялоо жол-жобосунан өткөн, кадрларды даярдоонун “Киберкоопсуздук” багыты боюнча билим берүү уюмдарынын жана билим берүү программаларынын саны | ИЖБИМ
| |||
– киберкоопсуздук боюнча окутуудан өткөн мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылардын саны | СӨИТМ, УКМК, Мамкызмат жана ЖӨБ боюнча агенттик, ЖМКМА | |||
6 | Адам капиталы
| 1) санариптик сабаттуулук жана кесиптик даярдык
| – санариптик трансформациялоо жана санариптик көндүмдөрдү өнүктүрүү боюнча квалификацияны жогорулатуу курстарынан өткөн мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылардын үлүшү | Мамкызмат жана ЖӨБ боюнча агенттик |
– МКТ чөйрөсүндө квалификацияны жогорулатуу жана кайра даярдоо программаларын сунуштаган билим берүү уюмдарынын (ЖОЖдордун, ОКОЖдордун) саны, билим берүү мекемелеринин жалпы санында | ИЖБИМ
| |||
– эркектер жана аялдар боюнча санариптик технологиялар чөйрөсүндөгү кесиптер жана адистиктер боюнча билим берүү уюмдарынан чыгарылган адистердин саны | ИЖБИМ | |||
– бүтүрүүчүлөрдүн жалпы санына карата катышта санариптик технологиялар чөйрөсүндөгү кесиптер жана адистиктер боюнча билим берүү уюмдарынан чыгарылган адистердин үлүшү | ИЖБИМ
| |||
2) санариптик инклюзия боюнча билим берүү технологияларын жана программаларын ишке киргизүү
| – санариптик көндүмдөр боюнча окуудан өткөн ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдардын саны | ЭСКММ
| ||
– санариптик көндүмдөр боюнча окуудан өткөн жумушсуз жарандардын саны
| ЭСКММ
|