Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2024-жылдын 20-декабры № 816-т
Агрардык секторго мамлекеттик колдоо көрсөтүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 16-мартындагы № 120-т тескемесине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 1-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
1) "Агроөнөр жай комплексин кредиттөө" долбоору 1-тиркемеге ылайык;
2) "Субсидиялоо механизмин ишке ашыруу жолу менен агроөнөр жай комплексин кредиттөө" долбоору 2-тиркемеге ылайык.";
- 2-пункт төмөнкүдөй мазмундагы 7-пунктча менен толукталсын:
"7) "Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги белгиленген тартипте 2024-жылга республикалык бюджеттин каражаттарынан "Субсидиялоо механизмин ишке ашыруу жолу менен агроөнөр жай комплексин кредиттөө" долбоорун ишке ашыруу үчүн пайыздык ставкаларды субсидиялоого "Айыл Банк" ААКка 125700000 (бир жүз жыйырма беш миллион жети жүз миң) сом бөлсүн.";
- 3-пунктта:
биринчи абзацтагы "РСК" деген аббревиатура "Элдик" деген сөзгө алмаштырылсын;
экинчи жана үчүнчү абзацтар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- агроөнөр жай кластерлеринин чарба жүргүзүүчү субъекттерин каржылоону жана аларга кредиттерди берүүнү, анын ичинде ислам принциптери боюнча, ошондой эле жогоруда аталган долбоорлордо аныкталган шарттарда лизингдик каржылоону камсыз кылуу;
- жеңилдетилген каржылоодо жана кредиттөөдө, анын ичинде ислам принциптерине ылайык, ошондой эле аталган долбоорлорду ишке ашыруунун алкагында лизингдик каржылоодо комиссияларды жана башка жыйымдарды албоо.";
- жогоруда аталган тескеменин тиркемеси ушул тескеменин 1-тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын;
- ушул тескеменин 2-тиркемесине ылайык редакциядагы 2-тиркеме менен толукталсын.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.А. Касымалиев |
|
| 1-тиркеме |
|
|
|
|
|
"Агроөнөр жай комплексин кредиттөө" долбоору
1. Жалпы жоболор
1. "Агроөнөр жай комплексин кредиттөө" долбоорунун (мындан ары - Долбоор) максаты азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу, экспорттук потенциалды өстүрүү, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 8-февралындагы № 25 "Кыргыз Республикасынын агроөнөр жай комплексин өнүктүрүү боюнча чаралар жөнүндө" Жарлыгын ишке ашыруунун натыйжалуулугун жогорулатуу жана жеңилдетилген кредит берүү, ислам принциптери боюнча лизинг берүү жана каржылоо жолу менен, сүт, эт, кант, тоок жумурткасы, жашылчалар жана бакча өсүмдүктөрү, жемиштер жана мөмөлөр, картошка, өсүмдүк майы, дан өсүмдүктөрү, жүгөрү, жүзүмчүлүк, балык чарбасы, пахта, жүн жана тери, бал, буурчак өсүмдүктөрү, жаңгак мөмөлүү өсүмдүктөр (грек жаңгагы жана токой продукциясынын башка түрлөрү) жана органикалык өндүрүш сыяктуу агроөнөр жай кластерлерин өнүктүрүү аркылуу агрардык сектордун чарбакер субъекттеринин ишине дем берүү болуп саналат.
2. Долбоордо колдонулуучу аныктамалар:
агроөнөр жай кластери (кластердик бирикме) - ыктыярдуу бирикме, анын катышуучулары болуп айыл чарба продукциясын өндүрүүнүн бардык стадияларын кошкондо, чийки затты өндүрүүдөн баштап даяр продукцияны сатууга чейинки бирдиктүү кайра өндүрүү процессине катышкан айыл чарбасынын (агроөнөр жай комплексинин) субъекттери, товар өндүрүүчүлөр, агроөнөр жай ишканалары (кайра иштетүү ишканалары жана соода-логистикалык борборлор), экспортко багытталган ишканалар жана субконтракторлор саналат.
Агроөнөр жай кластери (кластердик бирикме) аймактык жана географиялык жайгашуусун эске алуу менен райондук жана регионалдык деңгээлдерде түзүлүшү мүмкүн;
айыл чарбасынын (агроөнөр жай комплексинин) субъекттери - айыл чарба (агро азык-түлүк) товар өндүрүүчүлөрү, агроөнөр жай ишканалары (кайра иштетүүчү ишканалар жана соода-логистикалык борборлор), экспортко багытталган ишканалар жана субконтракторлор;
Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин алдындагы Кластердик өнүктүрүү кеңеши (мындан ары - Кеңеш) - Кыргыз Республикасынын агроөнөр жай кластердик саясаты жаатындагы туруктуу иштөөчү кеңешүүчү коллегиалдуу эксперттик-консультациялык орган.
Кеңештин курамы жана Жобосу Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин чечими менен бекитилет;
Кыргыз Республикасынын агроөнөр жай комплексинин кластерлеринин реестри (мындан ары - Реестр) - Кыргыз Республикасынын агроөнөр жай комплексинин кластердик бирикмелеринин маалыматтык базасы. Реестрди түзүү жана жүргүзүү боюнча жооптуу жак болуп Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги эсептелет. Реестр маалыматты актуалдаштыруу, системалаштыруу, кластердик бирикмени түзүү жөнүндө макулдашуунун жана колдоо чараларын иштеп чыгуу үчүн ишке мониторинг жүргүзүүнүн негизинде расмий тариздөө максатында түзүлөт. Кластердик бирикмеге кирүү жана Кластердин катышуучуларынын реестрине киргизүү жөнүндө чечим Кеңеш тарабынан кабыл алынат;
айыл чарба (агро азык-түлүк) товар өндүрүүчү - жеке көмөкчү чарба жүргүзгөн, айыл чарба, балык өстүрүү, агротокой өстүрүү продукцияларын өндүргөн жеке же юридикалык жактар;
агрегатор - агроөнөр жай кластериндеги негизги звено (кайра иштетүүчү ишканалар жана/же соода-логистикалык борборлор же жеке ишкерлер), ал продукцияны консолидациялоо, продукциянын абалын өзгөртүү (кайра иштетүү жана/же сорттоо жана/же таңгактоо), аны формалдаштыруу (сертификациялоо) жана продукцияны андан ары кошумча нарк чынжырчасы боюнча илгерилетүү (маркетинг жана сатуу) операцияларын, ошондой эле региондук продуктунун атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жана анын айланасында кластер түзүлүүчү тереңирээк кайра иштетүү даражасын жогорулатуу боюнча ишти жүзөгө ашырат;
соода-логистикалык борбор (мындан ары - СЛБ) - айыл чарба продукциясын алдын ала кайра иштетүү жана/же сорттоо жана/же таңгактоо жана/же сактоо мүмкүнчүлүгү менен аны кийин айыл чарба жана башка рынокторго жеткирүү менен бириктирүү жүргүзүлүүчү ишкана;
субконтракторлор - агроөнөр жай кластеринин агрегаторлору же айыл чарба (агро азык-түлүк) товар өндүрүүчүлөрү үчүн айыл чарба чөйрөсүндөгү товарларды берүүчү же кызматтарды көрсөтүүчү жеке же юридикалык жактар, анын ичинде жеткирүүчүлөр, билим берүү жана илимий-изилдөө институттары, жогорку окуу жайлары жана башка субъекттер;
кошумча нарк чынжырчасы - өндүрүштүн ар кандай этаптары аркылуу анын концепциясынан тартып (физикалык өзгөрүүлөрдүн комбинациясын жана ар кандай кызмат көрсөтүүлөрдүн өкүлдөрүнүн салымын кошкондо), акыркы керектөөчүгө жеткирүү жана сатуудан кийинки кызмат көрсөтүүлөргө чейин продуктту же кызмат көрсөтүүнү иштеп чыгуу үчүн зарыл болгон иштин толук ассортименти;
органикалык өндүрүштүн кластери - Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Органикалык айыл чарба департаментинин күбөлүгүнүн негизинде иш жүргүзгөн жана/же органикалык өндүрүшкө эл аралык сертификаттары бар айыл чарба субъекттерин камтыган бирикме;
макулдашуу - продукцияны жеткирүүгө же кызматтарды көрсөтүүгө агроөнөр жай кластеринин катышуучуларынын ортосунда акысыз негизде түзүлүүчү келишим).
3. Долбоордун наркы - 17 млрд. сом.
4. Долбоорду ишке ашыруу мөөнөтү ушул Долбоордун 12-пунктунда белгиленген кредиттерди зайымчылар тарабынан кайтаруу мөөнөттөрүндө револьвердик негизде чектөөлөрсүз.
5. Долбоорду ишке ашыруунун башталышы - 2022-жылдын майы.
6. Жооптуу аткаруучулар:
Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги, Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги, "Айыл Банк" жана "Элдик Банк" ачык акционердик коомдору (мындан ары - ААК) ААК.