Загрузка документа…
Көңүл буруңуздар! КР 2025-жылдын 14-ноябрындагы № 257 Мыйзамы менен киргизилген өзгөртүүлөр, 2027-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН КОДЕКСИ
2025-жылдын 23-январы № 23
Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси
(КР 2025-жылдын 23-январындагы № 24 Мыйзамы менен колдонууга киргизилди)
(Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 4-июнундагы № 111, 2025-жылдын 10-июлундагы № 137, 2025-жылдын 29-октябрындагы № 243, 2025-жылдын 14-ноябрындагы № 257, 2026-жылдын 23-июнундагы № 93, 2026-жылдын 28-июлундагы № 136 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
ЖАЛПЫ БӨЛҮК
I БӨЛҮМ. ЖАЛПЫ ЖОБОЛОР
1-глава. Негизги жоболор
1-берене. Ушул Кодексте колдонулуучу негизги түшүнүктөр
Ушул Кодексте төмөнкү негизги түшүнүктөр пайдаланылат:
1) коопсуз эмгек шарттары - иштегендерге зыяндуу же кооптуу өндүрүштүк факторлордун таасири жокко чыгарылган же болбосо алардын таасиринин деңгээли ченемдер менен белгиленген деңгээлден ашпаган эмгек шарттары;
2) вахталык метод - кызматкерлердин туруктуу жашаган жерине күн сайын кайтып келүүсүн камсыз кылуу мүмкүн болбогон учурда, эмгек процессин алардын туруктуу жашаган жеринен тышкары жүзөгө ашыруунун өзгөчө формасы;
3) зыяндуу эмгек шарттары - гигиеналык ченемдерден ашкан жана кызматкердин организмине жагымсыз таасир тийгизүүчү зыяндуу өндүрүштүк факторлордун болушу менен мүнөздөлгөн эмгек шарттары;
4) эс алуу убактысы - анын аралыгында кызматкер эмгек милдеттерин аткаруудан бош болгон жана аны өзүнүн каалоосу боюнча пайдалана ала турган убакыт;
5) зыяндуу өндүрүштүк фактор - анын таасири кызматкердин ооруп калуусуна же ишке жөндөмдүүлүгүнүн төмөндөөсүнө алып келиши мүмкүн болгон өндүрүштүк фактор;