Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 5-мартындагы № 150 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 31-декабры № 821
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 15-ноябрындагы № 326 "Кыргыз Республикасынын министрликтеринин жана ведомстволорунун райондук/региондук бөлүмд
өрүн жана өкүлчүлүктөрүн пилоттук жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын убактылуу жетектөөсүнө өткөрүп берүү боюнча пилоттук долбоор жөнүндө" Жарлыгын ишке ашыруу тууралуу
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 30-июнундагы № 377 токтомунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 15-ноябрындагы № 326 "Кыргыз Республикасынын министрликтеринин жана ведомстволорунун райондук/региондук бөлүмдөрүн жана өкүлчүлүктөрүн пилоттук жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын убактылуу жетектөөсүнө өткөрүп берүү боюнча пилоттук долбоор жөнүндө" Жарлыгын ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Өзгөн районун жана Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Ысык-Ата районун 2025-жылы комплекстүү социалдык-экономикалык өнүктүрүү программалары (мындан ары - Программалар) 1 жана 2-тиркемелерге ылайык бекитилсин.
2. Программаларды ишке ашыруу боюнча иш-чаралар пландары (мындан ары - иш-чаралар пландары) 3 жана 4-тиркемелерге ылайык бекитилсин.
3. Программалардын ресурстук наркын баалоо (мындан ары - ресурстук наркын баалоо) 5 жана 6-тиркемелерге ылайык бекитилсин.
4. Пилоттук долбоорго мониторинг жана талдоо жүргүзүү боюнча ведомстволор аралык жумушчу топтун курамы 7-тиркемеге ылайык бекитилсин.
5. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги белгиленген тартипте:
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитети менен макулдашуу боюнча программаларды жана иш-чаралар пландарын ишке ашырууга республикалык бюджеттен зарыл каражаттарды карасын (бөлсүн);
- "Кыргыз Республикасынын 2025-жылга жана 2026-2027-жылдардын пландык мезгилине республикалык бюджети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун иштеп чыгууда ушул токтомдон келип чыгуучу өзгөртүүлөрдү эске алсын.
6. Пилоттук долбоорду ишке ашырууга катышкан Кыргыз Республикасынын министрликтери жана ведомстволору жана алардын райондук/региондук бөлүмдөрү жана өкүлчүлүктөрү, Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Ош жана Чүй облустарындагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдары (макулдашуу боюнча) бир айлык мөөнөттө 2025-жылга карата ведомстволук пландарды тиешелүү тартипте кабыл алсын жана алардын аткарылышын камсыз кылсын.
7. Программалардын жана иш-чаралар пландарынын натыйжалуу ишке ашырылышын камсыз кылуу максатында Кыргыз Республикасынын министрликтерине жана ведомстволоруна төмөнкүдөй милдеттер жүктөлсүн:
1) 2024-жылдын 31-декабрына чейин министрликтердин жана ведомстволордун пилоттук райондордогу райондук/региондук бөлүмдөрүн жана өкүлчүлүктөрүн пилоттук жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын убактылуу жетектөөсүнө белгиленген тартипте өткөрүп берүү;
2) программалардын жана иш-чаралар пландарынын ишке ашырылышына ай сайын мониторинг жүргүзүп туруу, мониторинг жүргүзүүнүн жыйынтыктарын ай сайын отчеттук мезгилден кийинки айдын 5ине чейин Кыргыз Республикасынын региондорун өнүктүрүү боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга (мындан ары - ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган) берип туруу;
3) ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга пилоттук долбоордун ишке ашырылышына талдоо жүргүзүү жана ай сайын отчеттук мезгилден кийинки айдын 15ине чейин тиешелүү сунуштарды жана маалыматты Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына берип туруу;
4) Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги менен биргеликте:
- министрликтердин штаттык санына тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүү;
- 2024-жылдын 31-декабрына чейин пилоттук райондордо ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын убактылуу райондук бөлүмдөрүн уюштуруу;
- убактылуу райондук бөлүмдөрдү министрликтердин 2025-жылга каралган бюджеттик каражаттарынын алкагында техникалык жана финансылык каражаттар менен камсыз кылуу.
8. Пилоттук долбоорду ишке ашыруу мезгилинде төмөнкүлөр белгиленсин:
- пилоттук райондордун жергиликтүү мамлекеттик администрация башчыларынын жана алардын орун басарларынын эмгек акысына аткарылуучу иштердин көлөмүнүн көбөйгөндүгү үчүн эмгек акынын өлчөмүндө кошумча акы;
- пилоттук жергиликтүү мамлекеттик администрациянын басма сөз-катчысынын кызматтык маянасы жергиликтүү мамлекеттик администрациянын сектор башчысынын деңгээлинде.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 30-июнундагы № 377 токтомунун редакциясына ылайык)
9. Пилоттук райондордун жергиликтүү мамлекеттик администрация башчыларына - акимдерге райондук деңгээлде мамлекеттик бюджеттин аткарылышын контролдоо жана анын натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча сунуштарды киргизүү укугу берилсин.
10. Пилоттук долбоорду ишке ашыруу мезгилинде акимдин биринчи орун басарын жана орун басарларын кызмат ордуна дайындоо жана бошотуу жөнүндө сунуштарды Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасына киргизүүдө жергиликтүү мамлекеттик администрация башчысына - акимге акимдин иштеп жаткан орун басарларынын, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин аймактык бөлүмдөрүнүн, райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгынын жана райондук билим берүү бөлүмүнүн жетекчилеринин же тиешелүү квалификациялык талаптарга шайкеш келген талапкерлердин арасынан талапкерлерди тандоо укугу берилсин.
11. Жергиликтүү мамлекеттик администрацияларга Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин пилоттук райондордогу агрардык өнүктүрүү бөлүмдөрү штаттык саны, техникалык каражаттары жана эмгек акы фонддору менен алардын аппараттарынын түзүмдүк бөлүмдөрү катарында өткөрүп берилсин.
12. Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттик пилоттук райондордун жергиликтүү мамлекеттик администрациялары менен өз ара аракеттенүүдө министрликтердин жана ведомстволордун райондук/региондук бөлүмдөрүнүн жана өкүлчүлүктөрүнүн милдеттерин жана түзүмдөрүн оптималдаштыруу боюнча иштерди жүргүзсүн, пилоттук долбоордун жыйынтыктары боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына тиешелүү сунуштарды киргизсин.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 30-июнундагы № 377 токтомунун редакциясына ылайык)
13. Пилоттук райондордун жергиликтүү бюджеттерине каралган киреше салыгынын суммасынан 30 пайызды районду өнүктүрүү фонддорунун эсебине чегерүүгө жана ушул каражаттарды жергиликтүү коомдоштуктун демилгелерин колдоо үчүн мамлекеттик субсидия катары пайдаланууга уруксат берилсин.
14. Пилоттук райондордо көп тармактуу мамлекеттик ишкана ачуу жана аны тиешелүү техника менен камсыз кылуу үчүн жалпы суммадан алгачкы салым катары 2025-жылдын республикалык бюджетинен каражат бөлүү каралсын.
15. Пилоттук долбоордун алкагында пилоттук райондордун жергиликтүү мамлекеттик администрацияларына райондорду өнүктүрүү фонддорунун каражаттарын райондорду өнүктүрүү бюджети катары пайдаланууга уруксат берилсин.
16. Пилоттук долбоордун алкагында пилоттук райондун жергиликтүү мамлекеттик администрация башчысына квалификациялык талаптарга шайкеш келген талапкерлердин арасынан министрликтердин жана ведомстволордун номенклатурасында турган райондук/региондук бөлүмдөрүнүн жана өкүлчүлүктөрүнүн жетекчилерин жана кызматкерлерин кызмат ордуна дайындоо жана кызмат ордунан бошотуу укугу берилсин.
17. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги пилоттук райондордун жергиликтүү мамлекеттик администрациялары менен биргеликте Кыргыз Республикасынын министрликтеринин жана ведомстволорунун райондук/региондук бөлүмдөрүнүн жана өкүлчүлүктөрүнүн ишине талдоо жүргүзсүн, борбордоштурулган бухгалтердик эсеп системасындагы отчеттук маалыматтарына жеткиликтүүлүктү камсыз кылсын.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 30-июнундагы № 377 токтомунун редакциясына ылайык)
18. Пилоттук долбоорду ишке ашыруу мезгилинде Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Кант шаары Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Ысык-Ата районунун жергиликтүү мамлекеттик администрациясынын убактылуу жетектөөсүндө болот деп белгиленсин.
19. Пилоттук райондордо жергиликтүү мамлекеттик администрацияларга мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн негизинде ишкердикти өнүктүрүү максатында тиешелүү инфратүзүмү менен өнөр жай зоналарын, анын ичинде кайра иштетүү ишканаларын уюштуруу милдеттендирилсин.
20. Пилоттук райондордун административдик борборлору болуп саналган Өзгөн жана Кант шаарлары 2025-жылы өсүштүн таяныч борборлору катары аныкталсын жана алардын мастер-пландарын ишке ашырууга республикалык бюджеттен максаттуу трансферттер бөлүп берилсин.
21. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары - Кыргыз Республикасынын суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрине жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын уюштуруу иштери жана аймактар менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнө жүктөлсүн.
22. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.