Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН САЛАМАТТЫК САКТОО МИНИСТРЛИГИНИН
БУЙРУГУ
2025-жылдын 31-январы № 103
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн Бирдиктүү реестрине киргизилген Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан медициналык кызмат көрсөтүү жаатында көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттарын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы №115 “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына өткөрүп берүү жөнүндө” токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарына жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына өткөрүп берилген Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарынын тизмесинин 2-пунктунун ишке ашыруу максатында, буйрук кылам:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 12-июнундагы № 304 токтому менен бекитилген мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн Бирдиктүү реестрине киргизилген, медициналык кызматтарды көрсөтүү жаатында Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги менен көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн төмөнкү стандарттары бекитилсин:
1) бул буйруктун 1-тиркемесине ылайык Мамлекеттик саламаттык сактоо уюмдарынын патологоанатомиялык бюросунун же бөлүмдөрүнүн өлүкканасынын муздаткычында каза болгондордун сөөгүн сактоо (кызмат көрсөтүүлөрдүн Реестринин 2-главасынын 22-пункту);
2) бул буйруктун 2-тиркемесине ылайык Мамлекеттик органдарды кошпогондо, жеке жана юридикалык жактардын суроо-талаптары боюнча соттук-медициналык, соттук-психиатриялык, соттук-психологиялык жана соттук-наркологиялык экспертизаларды жүргүзүү (кызмат көрсөтүүлөрдүн Реестринин 5-главасынын 57-пункту).
2. РСМЭБ, РПНБ, РПАБ жетекчилери (Касымов С.Ж., Токубаев Р.Б., Пахман В.Г.):
2.1.буйрукту аймактык башкармалыктарына жеткирсин жана мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бекитилген стандарттарын иш жүзүнө ашырысын.
3. Бул буйрук катталган күндөн тартып беш жумуш күндүн ичинде МЖУ жана ДСБнын жетекчиси (Ибраева Н.С.):
1) анын Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин расмий сайтында расмий жарыяланышын камсыз кылсын;
2) буйруктун кагаз жана электрондук көчүрмөлөрүн алып жүрүүчүлөргө аталган ченемдик укуктук актыны жарыялоо булагын көрсөтүү менен ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн.
4. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо министрдин орун басары К.К. Байдавлетовго жүктөлсүн.
5. Бул буйрук расмий жарыяланган күндөн тартып жети жумушчу күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Министр | А.С. Бейшеналиев |
2025-жылдын 31-январындагы № 103
КР ССМ буйругуна
1- тиркеме
1 | Кызмат көрсөтүүнүн аталышы | Патологоанатомиялык бюролордун же мамлекеттик саламаттык сактоо уюмдарынын өлүкканасындагы муздаткычта өлүктөрдү сактоо Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн Бирдиктүү реестринин 2-главасынын 22-пункту. |
| Кызмат көрсөтүүчү мамлекеттик органдын (мекеменин) толук аталышы | Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жаатында мамлекеттик саясат жүргүзгөн жана башкарган мамлекеттик борбордук органы (мындан ары - жарандардын саламаттыгын сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган): Республикалык соттук-медициналык экспертиза борбор; Облустук соттук-медициналык экспертизалар бюролору; Республикалык патологоанатомиялык бюро; Ош облустук патологоанатомиялык бюро; Аймактын ооруканалардын патологоанатомиялык бөлүмдөрү. Аймактын ооруканалардын соттук-медициналык же патологоанатомиялык бөлүмдөрүнүн тизмеси, алардын байланышуу маалыматы жана мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарты менен бирге алардын маалымат стенддеринде жана жарандардын саламаттыгын сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын расмий сайтында: www.med.kg жайгаштырылат |
3 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүлөр | Саламаттык сактоо мекемелери; Жеке жана юридикалык жактар |
4 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуунун укуктук негиздери | Кыргыз Республикасынын мыйзамдары: - "Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө"; - "Айлана-чөйрөнү коргоо жөнүндө"; - "Экологиялык экспертиза жөнүндө" |
5 | Көрсөтүлгөн мамлекеттик кызматтын акыркы жыйынтыгы |
Кызмат көрсөтүү жөнүндө күбөлүк |
6 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн шарттары | Кызмат көрсөтүү төмөнкүдөй шарттарда жүргүзүлөт: - белгиленген санитардык ченемдерге жооп берген бөлмөдө; - өлүкканада +3, +5°С температура режиминдеги муздатуучу камералардын болушу; Туугандары үчүн: уюмдардын күтүү жайлар, ажатканалар (региондордо борбордук суу түтүгүнө жана канализацияга кошулуу мүмкүн болбосо - сырткы жайга), жылуулук, суу түтүктөрү, телефону бар |
7 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн мөөнөтү | Документтерди кабыл алуу - 1 саатка чейин. Кызмат көрсөтүүнүн жалпы мөөнөтү - 20 күндөн ашык эмес. Жыйынтыгын чыгаруу - 1 саатка чейин |
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүлөргө маалымат берүү | ||
8 | Керектөөчүгө көрсөтүлүүчү кызматтар (керектүү маалыматтын тизмеси) жана аларды стандартташтырууга жооптуу мамлекеттик орган жөнүндө маалымат берүү | Маалыматты төмөнкүлөрдөн алууга болот: - Бишкек ш., Сүйөркулов көчөсү, 3 дареги боюнча Республикалык соттук-медициналык экспертиза борборунда, Республикалык патологоанатомиялык бюронун өзүнөн; - sud.med2016@mail.ru жана RPAB-2011@mail.ru электрондук дарегине; - жарандардын саламаттыгын сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын коомдук кабылдамасынан жана сайтынан: www.med.kg; - адиске оозеки кайрылууда же жеке байланышууда; - сөөк коюу бюродо. Маалымат мамлекеттик жана расмий тилдеринде берилет |
9 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматтарды жайылтуунун ыкмалары (бардык мүмкүн болгон ыкмаларды тизмелеп же мүнөздөп берүү зарыл) | Көрсөтүлүүчү кызмат жөнүндө маалымат төмөнкүлөр аркылуу жайылтылат: - жарандардын саламаттыгын сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын сайтынан: www.med.kg: - сөөк коюу бюродо. Республикалык соттук-медициналык экспертизалар мекемлердин жана патологоанатомиялык бөлүмдөрдүн даректери, телефон номерлери жана тизмелерин Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин маалымат стенддеринде жана расмий сайтында: www.med.kg берилген |
Тейлөө жана мамлекеттик кызмат көрсөтүү | ||
10 | Келүүчүлөр менен пикир алмашуу | Саламаттык сактоо уюмдарында кызмат көрсөтүүгө тийиштүү кызматкерлердин кабинеттеринин эшиктеринде маалымат тактачалары жайгаштырылат. Калк менен иш алып барган бардык кызматкерлердин аты-жөнү, кызмат орду көрсөтүлгөн жекелештирилген тактачалары (таанытмалары) болот. Келүүчүлөр менен пикир алмашууда кызматкерлер төмөндөгү негизги этика принциптерин сакташат: адептүү, ак ниет, сыпайы, сабырдуу, принциптүү болуу, маселенин маңызын терең түшүнүүгө умтулуу, маектешин уга билүү жана анын позициясын түшүнүү, ошондой эле кабыл алынуучу чечимдерди далилдөө. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузууга жол бербеген, этикалык ченемдердин сакталышын, көз карандысыздыкты жана объективдүүлүктү камсыз кылган, кызыкчылыктардын кагылышын болтурбаган кызматтык нускамалар (функциялык милдеттер) жана кесиптик-этикалык ченемдер бардык кызматкерлер тарабынан сакталууга тийиш. Медициналык жана социалдык көрсөткүчтөрү боюнча өзгөчө муктаждыктарга ээ болгон адамдар (ДМЧА, улгайган пенсионерлер, согуштун жана эмгектин ардагерлери, кош бойлуу аялдар) менен пикир алмашуу алар үчүн түшүнүктүү жана жеткиликтүү түрдө жүргүзүлөт |
11 | Купуялуулукту камсыздоо ыкмалары | Керектөөчү жана ага көрсөтүлгөн кызмат жөнүндө маалымат Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган негиздер боюнча гана берилиши мүмкүн |
12 | Керектүү документтердин жана/же мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүлөрдүн иш-аракеттеринин тизмеси | Кызматты алуу үчүн төмөнкүлөр керек: - өлүктү муздаткычта сактоого соттук-медициналык эксперттин жазуу жүзүндөгү жолдомосу; - саламаттык сактоо уюмунун катоочу жайына оору тарыхы же саламаттык сактоо уюму тарабынан берилген өлүм тууралуу күбөлүк менен кайрылуу; - кызматтын наркын мекеменин кассасына төлөө |
13 | Акы төлөнүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн наркы | Мамлекеттик кызмат акы төлөмө негизде көрсөтүлөт. Баалардын прейскуранты жарандардын саламаттыгын сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жана монополияга каршы саясат чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча саламаттык сактоо уюмунун жетекчилиги тарабынан бекитилет. Кызмат көрсөтүүнүн наркы баалардын прейскурантында чагылдырылат, ал мекеменин каттоочу жайында жана Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин расмий сайтында жайгаштырылган: www.med.kg |
14 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапатынын параметрлери | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапаты төмөнкү критерийлер менен аныкталат: - кызмат көрсөтүү стандартында айтылган кызмат көрсөтүү шарттарына жана мөөнөттөрүнө ылайык ишенимдүүлүгү жана өз убагында берилиши; - жынысы, расасы, тили, майыптыгы, этностук таандыктыгы, диний ишеними, курагы, саясий жана башка ынанымдары, билими, теги, мүлктүк жана башка абалы, ошондой эле башка жагдайлар боюнча басмырлоого жол бербөө; - кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн жарандардан стандартта көрсөтүлгөн документтерди гана талап кылуу, жеткиликтүүлүгү; - кызмат көрсөтүү шарттарынын ылайык келүүсү: имаратка, бөлмөгө ден соолугунун мүмкүндүгү чектелген адамдардын кирүү мүмкүндүгү, коммуналдык-тиричиликтик ыңгайлуулуктун болушу, жарандар үчүн ыңгайлуу график, температуралык шарттардын ылайык келиши; - көмүлгөнгө чейин өлгөндөрдүн сөөгү сакталгандык; - мамлекеттик кызмат көрсөтүүдө кызматкерлердин сыпайылыгы жана сылыктыгы, зарыл документтерди толтурууда, кызматкерлердин жардамы жана кызмат көрсөтүүнүн бардык процедурасынын жүрүшүндө кеңеш берүүсү; - жарандардын даттануу жана сунуш китебинин жеткиликтүү жерде болушу |
15 | Электрондук форматта кызмат көрсөтүү | Берилбейт |
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу жана даттануу тартиби | ||
16 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу | Керектөөчү ушул стандарттын 12-пунктунда келтирилген зарыл болгон документтерди бербеген учурда кызмат көрсөтүүдөн баш тартылат |
17 | Даттануу тартиби | Кызмат талаптагыдай эмес көрсөтүлсө, керектөөчү саламаттык сактоо уюмунун жетекчилигине, ал эми маселе чечилбесе, саламаттыкты сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга оозеки же жазуу жүзүндө даттанууга укуктуу. Жазуу жүзүндөгү арыз эркин формада берилет жана анда кызмат көрсөтүүнү керектөөчүнүн аты-жөнү, жашаган дареги, телефон номери, ошондой эле доо-талабынын маңызы, кызмат алуучунун колу жана датасы камтылат. Ыйгарым укуктуу кызматкер даттанууну 1 жумушчу күндүн ичинде каттайт жана аны жетекчиликке кароого жөнөтөт. Даттанууларды жана доолорду кароону белгиленген тартипте жарандардын саламаттыгын сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчилиги жүргүзөт. Жазуу жүзүндөгү кайрылууну кароо жана керектөөчүгө жообун жиберүү мөөнөтү ал катталгандан тартып 14 күндөн ашпоого тийиш.
Керектөөчү даттануу боюнча кабыл алынган чечимге канааттанбаган учурда саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чечимине сот тартибинде даттанууга укуктуу. |
18 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандартын кайра карап чыгуунун мезгилдүүлүгү | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарты үч жылда бир жолудан кем эмес мезгилдүүлүктө дайыма кайра каралып турууга тийиш |