Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 7-февралы № 64
Илимий жана илимий-техникалык
уюмдардын кызматкерлерине эмгек акы төлөө
шарттары жана штаттык саны жөнүндө
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 31-июлундагы № 461, 2026-жылдын 26-январындагы № 26, 2026-жылдын 30-апрелиндеги № 319, 2026-жылдын 10-июлундагы № 477 , 2026-жылдын 18-сентябрындагы № 624 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Илимий жана илимий-техникалык уюмдардын кызматкерлерине эмгек акы төлөө системасын өркүндөтүү жана ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу максатында, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 18-декабрындагы № 368 "Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын кызматкерлерине жана "Илим" бөлүмү боюнча каржыланган илим жана илимий тейлөө кызматкерлерине эмгек акы төлөө шарттарын өркүндөтүү жөнүндө" Жарлыгын аткаруу үчүн, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Төмөнкүлөрдүн кызматтык маяналарын эсептөө үчүн негиз болуп саналуучу минималдуу базалык ставка 7040 сом өлчөмүндө белгиленсин:
1) Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын президиумунун аппаратынын кызматкерлеринин;
2) Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын илимий мекемелеринин кызматкерлеринин;
3) Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин Илим фонду аркылуу жана тиешелүү мамлекеттик органдар тарабынан каржылануучу илим жана илимий тейлөө кызматкерлеринин;
4) илимий жана илимий-техникалык уюмдардын техникалык тейлөөчү персоналынын;
5) илимий жана илимий-техникалык уюмдардын кенже тейлөөчү персоналынын.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 31-июлундагы № 461 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын президиумунун аппаратынын кызматкерлеринин, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын илимий мекемелеринин кызматкерлеринин, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин Илим фонду аркылуу жана тиешелүү мамлекеттик органдар тарабынан каржылануучу илимий жана илимий-техникалык уюмдардын кызматкерлеринин, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин Илим фонду аркылуу каржылануучу илимий жана илимий-техникалык уюмдардын системасында иштеген техникалык тейлөөчү персоналынын, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин Илим фонду аркылуу каржылануучу илимий жана илимий-техникалык уюмдардын системасында иштеген кенже тейлөөчү персоналынын кызматтык маяналары минималдуу базалык ставканы кызмат орду боюнча эселөө коэффициентине көбөйтүү жолу менен эсептелет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 31-июлундагы № 461 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Төмөнкүлөр бекитилсин:
1) Кыргыз Республикасынын илимий жана илимий-техникалык уюмдарынын кызматкерлеринин штаттык санынын чеги 1-тиркемеге ылайык;
2) Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын президиумунун аппаратынын кызматкерлеринин кызматтык маяналарына эселөө коэффициенттери 2-тиркемеге ылайык;
3) Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын илимий мекемелеринин кызматкерлеринин кызматтык маяналарына эселөө коэффициенттери 3-тиркемеге ылайык;
4) Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин Илим фонду аркылуу жана тиешелүү мамлекеттик органдар тарабынан каржылануучу илимий жана илимий-техникалык уюмдардын кызматкерлеринин кызматтык маяналарына эселөө коэффициенттери 4-тиркемеге ылайык;
5) илимий жана илимий-техникалык уюмдардын техникалык тейлөөчү персоналынын кызматтык маяналарына эселөө коэффициенттери 5-тиркемеге ылайык;
6) илимий жана илимий-техникалык уюмдардын кенже тейлөөчү персоналынын кызматтык маяналарына эселөө коэффициенттери 6-тиркемеге ылайык;
7) Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын президиумунун аппаратынын кызматкерлеринин кызматтык маяналарына иштеген жылдары үчүн пайыздык үстөктөрдүн өлчөмдөрү 7-тиркемеге ылайык;
8) илимий жана илимий-техникалык уюмдардын кызматкерлеринин кызматтык маяналарына иштеген жылдары үчүн пайыздык үстөктөрдүн өлчөмдөрү 8-тиркемеге ылайык;
9) илимий жана илимий-техникалык уюмдардын техникалык тейлөөчү персоналынын кызматтык маяналарына иштеген жылдары үчүн пайыздык үстөктөрдүн өлчөмдөрү 9-тиркемеге ылайык.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 31-июлундагы № 461 токтомунун редакциясына ылайык)
4. Техникалык жана кенже тейлөөчү персоналды кошпогондо, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын президиумунун аппаратынын кызматкерлерине, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын илимий мекемелеринин кызматкерлерине, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин Илим фонду аркылуу жана тиешелүү мамлекеттик органдар тарабынан каржылануучу илимий жана илимий-техникалык уюмдардын кызматкерлерине төмөнкүлөр төлөнөт деп белгиленсин:
- календардык жылдын аягында орточо айлык эмгек акы фондунун өлчөмүндө он үчүнчү эмгек акы;
- өргүүгө чыгууда эки айлык эмгек акы фондунун өлчөмүндө ден соолукту чыңдоого жөлөкпул.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 31-июлундагы № 461 токтомунун редакциясына ылайык)
41. Ставкага (маянага) төмөнкүдөй президенттик компенсациялык төлөм белгиленсин:
административдик-башкаруучу, негизги персонал категориясына кирген кызматкерлерге 15 000 сом өлчөмүндө;
техникалык жана кенже персонал категориясына кирген кызматкерлерге 5 000 сом өлчөмүндө.
Президенттик компенсациялык төлөм өргүүлөрдү, жөлөкпулдарды жана Кыргыз Республикасынын бийик тоолуу жана алыскы зоналарында жашагандыгы жана иштелгендиги үчүн эмгек акыга кошумча төлөмдөрдү эсептөөдө эске алынбайт, иш жүзүндө иштеген убакыт үчүн төлөнөт(бирок бир ставкадан ашык эмес).
Эгерде кызматкер ставкадан аз жүктөмгө ээ болсо, анда илимий уюмдун кызматкеринин эмгек акысына президенттик компенсациялык төлөм бар болгон жүктөмгө пропорционалдуу белгиленет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 30-апрелиндеги № 319, 2026-жылдын 10-июлундагы № 477 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
5. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги:
- 2025-жылга республикалык бюджетте илим системасынын кызматкерлеринин эмгек акысын көбөйтүүгө кошумча ассигнованиелерди карасын;
- "Кыргыз. Республикасынын 2025-жылга жана 2026-2027-жылдардын пландык мезгилине республикалык бюджети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун иштеп чыгууда ушул токтомдон келип чыгуучу өзгөртүүлөрдү карасын.
6. Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы:
- бир айлык мөөнөттө ушул токтомго ылайык ведомстволук таандыктыгы боюнча илимий жана илимий-техникалык уюмдар боюнча штаттык санды бекитсин;
- иштен бошотулган кызматкерлерди иш менен камсыз кылуу боюнча чараларды көрсүн;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кыскартылган кызматкерлерге бошотуу жөлөкпулдарын төлөөнү камсыз кылсын;
- 2025-жылдын 1-июнуна чейин Кыргыз Республикасынын министрликтеринде жана административдик ведомстволорунда илимий-изилдөө иштерин жүргүзүү тартибин иштеп чыксын;
- 2026-жылдын 1-январынан тартып Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигинин системасында мамлекеттик заказдын алкагында конкурстук негизде программалык-максаттуу каржылоо формасында илимий долбоорлорду жана илимий изилдөөлөрдү каржылоону ишке ашырсын;
- өз чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин.
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 10-июлундагы № 477 токтомунун редакциясына ылайык)
7. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
1) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-апрелиндеги № 244 "Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын кызматкерлерине жана "Илим" бөлүмү боюнча каржылануучу илим жана илимий тейлөө кызматкерлерине эмгек акы төлөөнүн шарттары жөнүндө" токтому;
2) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-январындагы № 17 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-апрелиндеги № 244 "Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын кызматкерлерине жана Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан "Илим" бөлүмү боюнча каржылануучу илим жана илимий тейлөө кызматкерлерине эмгек акы төлөөнүн шарттары жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому.
8. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
9. Бул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2025-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.