Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 7-февралындагы № 64 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2022-жылдын 30-апрели № 244
Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын кызматкерлерине жана Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан "Илим" бөлүмү боюнча каржылануучу илим жана илимий тейлөө кызматкерлерине эмгек акы төлөөнүн шарттары жөнүндө
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-январындагы № 17 токтомунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын кызматкерлерине жана "Илим" бөлүмү боюнча каржылануучу илим жана илимий тейлөө кызматкерлерине эмгек акы төлөө системасын өркүндөтүү жана алардын ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-январындагы № 17 токтомунун редакциясына ылайык)
1. Төмөнкүлөрдүн кызматтык маяналарын эсептөө үчүн негиз болуп саналуучу минималдуу базалык ставка 7040 сом өлчөмүндө белгиленсин:
1) Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын президиумунун борбордук аппаратынын кызматкерлеринин;
2) Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын илимий-изилдөө мекемелеринин кызматкерлеринин;
3) "Илим" бөлүмү боюнча каржылануучу илим жана илимий тейлөө кызматкерлеринин;
4) Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын, "Илим" бөлүмү боюнча каржылануучу илим жана илимий тейлөө системасында иштеген техникалык тейлөө персоналынын;
5) Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын, "Илим" бөлүмү боюнча каржылануучу илим жана илимий тейлөө системасында иштеген кенже тейлөө персоналынын.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-январындагы № 17 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын президиумунун борбордук аппаратынын кызматкерлеринин, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын илимий-изилдөө мекемелеринин кызматкерлеринин, "Илим" бөлүмү боюнча каржылануучу илим жана илимий тейлөө кызматкерлеринин, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын, "Илим" бөлүмү боюнча каржылануучу илим жана илимий тейлөө системасында иштеген техникалык тейлөө персоналы жана Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын, "Илим" бөлүмү боюнча каржылануучу илим жана илимий тейлөө системасында иштеген кенже тейлөө персоналы үчүн кызматтык маянасы минималдуу базалык ставканы кызмат орду боюнча эселөө коэффициентине көбөйтүү жолу менен эсептелет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-январындагы № 17 токтомунун редакциясына ылайык)