Загрузка документа…
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин 2025-жылдын 10-февралы № 87-чуа буйругуна |
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН КУРУЛУШ ЧЕНЕМДЕРИ
Курулуштагы ченемдик документтер тутуму
ИМАРАТТАРДЫН ИЧКИ СУУ ТҮТҮГҮ ЖАНА КАНАЛИЗАЦИЯСЫ
Внутренний водопровод и канализация зданий
Internal water supply and sewerage of buildings
КЧжЭ 2.04.01-85*
жаңыртылган редакция
(Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинин 2026-жылдын 4-июнундагы № 119-нпа буйругунун редакциясына ылайык)
Киргизүү датасы – 2025.02.26
1 Колдонуу чөйрөсү
1.1 Бул курулуш ченемдери жаңы курулуп жаткан жана реконструкцияланып жаткан өндүрүштүк, бийиктиги 50 метрден ашпаган коомдук жана бийиктиги 75 метрден ашпаган турак жай имараттарында, көп функционалдуу имараттарды жана бир функциялык арналыштагы имараттарды кошкондо, суу менен камсыздоо жана суу агындылоочу ички тутумдарын долбоорлоо талаптарын белгилейт.
1.2 Бул курулуш ченемдери төмөнкүлөргө колдонулбайт:
- ички суу түтүк жана канализация тутумдарына, жарандык коргонуунун коргоочу курулмаларынын өрткө каршы суу менен камсыздоо тутумдарына; радиоактивдүү заттар, иондоштуруучу нурлануу булактары менен иштөө үчүн арналган курулмаларга жана жардыргыч заттар өндүрүлүүчү, сакталуучу же колдонулуучу жайларга;
- ички суу түтүк жана канализация тутумдарына талаптар технологиялык талаптар менен коюлуучу айыл чарбалык жана өндүрүштүк багыттагы имараттарга жана жайларга, ошондой эле өзгөчө кооптуу объекттерге киргизилген имараттарга жана курулмаларга;
- автоматтык суу менен өрт өчүрүү тутуму;