Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН КУРУЛУШ, АРХИТЕКТУРА ЖАНА ТУРАК ЖАЙ-КОММУНАЛДЫК ЧАРБА МИНИСТРЛИГИНИН БУЙРУГУ
2026-жылдын 4-февралы № 119-чуа
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин 2025-жылдын 10-февралындагы № 87-чуа «КР КЧ 40-04:2025 «Имараттардын ички суу түтүгү жана канализациясы» Кыргыз Республикасынын курулуш ченемдерин бекитүү жөнүндө» буйругуна № 1 өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Суу менен жабдуу жана саркынды сууларды чыгаруу жаатындагы Кыргыз Республикасынын курулуш ченемдерин өркүндөтүү, Кыргыз Республикасынын «Айлана-чөйрөнү коргоо жөнүндө» Мыйзамынын 17-беренесинин талаптарын, «Кыргыз Республикасынын шаар куруу жана архитектура жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5, 6, 20, 21, 23 жана 38-беренелерин аткаруу максатында, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы № 115 «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына өткөрүп берүү жөнүндө» токтомун жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 22-апрелиндеги № 221 токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги жөнүндө» жобону жетекчиликке алуу менен, буйрук кылам:
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин 2025-жылдын 10-февралындагы № 87-чуа «КР КЧ 40-04:2025 «Имараттардын ички суу түтүгү жана канализациясы» Кыргыз Республикасынын курулуш ченемдерин бекитүү жөнүндө» буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган буйрук менен бекитилген курулуш ченемдерине:
- 7.9-пункттун эскертүүсү 2-пункт менен толукталсын жана төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«Э с к е р т ү ү л ө р
1 Суунун агымы 4 л/с чейин болгон өрт агымын алуу үчүн диаметри 50 мм; жогорку өндүрүмдүүлүктөгү өрт агымын алуу үчүн – диаметри 65 мм болгон өрт крандарын жана жеӊдерди колдонуу керек. Техникалык-экономикалык негиздемеде диаметри 50 мм, өндүрүмдүүлүгү 4 л/с жогору өрт крандарын колдонууга жол берилет. Өрт кранынын басымын өрт жеӊдериндеги жоготууларды эске алуу менен аныктоо керек.
2 Статикалык бийиктиктин маанисин аныктоодо санитардык-техникалык прибордун бийиктигин эске алуу менен имаратка ички суу менен жабдуучу өткөргүч түтүктү киргизүү огунун белгисинен имараттын акыркы кабатынын полунун белгисине чейин багыт алуу керек.»;
- А тиркемесинин «Керектөөчүлөр тарабынан суунун эсептик чыгымдары» А.2-таблицасынын 1-пунктунун акыркы сабы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
Суу керектөөчүлөр | Өл-чөө бир-диги | Суунун эсептик чыгымдары, л | Прибордун суу чыгымы, л/с (л/саат) | Т, саат | ||||
орточо суткалык | сууну эң көп пайдаланган саатта | жалпы ысык жана муздак (
| муздак же ысык , (,) | |||||
жалпы | ысык | жалпы | ысык | |||||
1 | 2 | 3 | 4 | 5 | 6 | 7 | 8 | 9 |
1. Батир тибиндеги турак үйлөр: | 1 жа-шоо-чу |
| ||||||
- борборлоштурулган ысык суу менен, 1500 ммден 1700 ммге чейин ванналары бар, душ менен жабдылган | -//- | 270 | 100 |
13,0
|
10
|
0,3 (270)
|
0,2 (170)
| 24 |
- А.2-таблица төмөнкүдөй мазмундагы пункттар менен толукталсын:
1 | 2 | 3 | 4 | 5 | 6 | 7 | 8 | 9 |
28. Айланма суу менен жабдуу системасы менен унаа жуучу пункттар: | 1 автоунаа |
| ||||||
- унаа жуучу жайлар *) | -//- | 250 | -- | 100 | -- | 0,3 (250) | -- | 24 |
29. Сауналар | 1 кардар |
| ||||||
-душ жана ванна кабиналары менен | -//- | 340 | 250 | 340 | 250 | 0,3 (340) | 0,2 (280) | 3 |
30. Барлар жана ресторандар: | 1 шарттуу тамак, анын ичинде жууганга 2 л |
| ||||||
- Ашкана залында иштетилүүчү | -//- | 65 | 15 | 18 | 6,8 | 0,2 (80) | 0,14 (50) | 24 |
31. Көп кабаттуу имараттар (20 кабат жана андан жогору), анын ичинде көп функционалдуу имараттар | 1 имарат | Атайын техникалык шарттардын негизинде (АТШ). АТШ архитектура жана курулуш боюнча мамлекеттик орган тарабынан ыйгарым укук берилген жер титирөөгө туруктуу курулуш боюнча адистештирилген уюмдар тарабынан иштелип чыгат | ||||||
- А.2-таблицасынын эскертүүсү төмөнкүдөй мазмундагы 14-пункт менен толукталсын:
«14*) Жеңил автомашиналар жана микроавтобустар үчүн.».