Загрузка документа…
|
| 1-тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 5-февралындагы № 58 токтомуна) |
Кыргыз Республикасында баалуу металлдардан жасалган зер жана башка буюмдарды пробалоо жана эн тамгасын басуу тартиби жөнүндө ЖОБО
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 4-февралындагы № 59 токтомунун редакциясына ылайык)
1-глава. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасында баалуу металлдардан жасалган зер жана башка буюмдарды пробалоо жана эн тамгасын басуу тартиби жөнүндө жобо (мындан ары - Жобо) Кыргыз Республикасында баалуу металлдардан жасалган зер жана башка тиричилик буюмдары үчүн пробалардын түрлөрүн, пробалардын минималдуу маанилеринин өлчөмдөрүн жана Кыргыз Республикасында баалуу металлдардан жасалган зер жана башка тиричилик буюмдарын пробалоо жана эн тамга салуу тартибин белгилейт.
2. Жободо төмөнкүдөй терминдер колдонулат:
1) баалуу металлдардан жасалган зер жана башка буюмдар - баалуу металлдардан жана алардын эритмелеринен жасалган, белгиленген минималдык пробадан төмөн эмес пробасы болгон, анын ичинде декоративдик иштетүүнүн ар кандай түрлөрүн пайдалануу менен, асыл таштардан, табигый же жасалма тектеги башка материалдардан чөгөрүлгөн же аларсыз (эмиссиядан өткөн тыйындарды жана статусу Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктар жөнүндө мыйзамдарга ылайык аныкталган мамлекеттик сыйлыктарды кошпогондо) жасалга, тиричилик предмети же табынуу жөрөлгөлөрүн жана каада-салттарды аткаруу үчүн предмети катары колдонулуучу буюмдар, ошондой эле юбилейлик жана эстелик медалдар жана белгилер, баалуу металлдардан жасалган тыйындар;
2) проба - баалуу металлдын эритмесинин 1 (бир) миңдик массалык үлүшүнө химиялык таза баалуу металлдын массалык үлүшүнүн саны;
3) мамлекеттик пробалык эн тамга - баалуу металлдардан жасалган зер жана башка буюмдарга коюлуучу жана мындай буюмда камтылган баалуу металлдын пробасын күбөлөндүрүүчү, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген үлгүдөгү белги;
4) баалуу металлдар - ар кандай түрдөгү жана абалдагы: чийки заттагы, эритмелердеги, жарым фабрикаттардагы, өнөр жай продуктуларындагы, химиялык кошулмалардагы, зер жана башка буюмдардагы, сыныктардагы жана калдыктардагы алтын, күмүш, платина жана платина тобундагы металлдар (палладий, иридий, родий, рутений, осмий);
5) асыл таштар - табигый алмаздар, изумруддар, рубиндер, сапфирлер, александриттер, ошондой эле чийки зат (табигый) жана иштетилген түрдөгү табигый бермет жана белгиленген критерийлерге ылайык өзгөчө янтардык түзүлүштөр;
6) баалуу металлдын эритмеси - жок дегенде бири баалуу болуп саналган, эки же бир нече металлды эритүү менен алынган бир өңчөй катуу аралашма;
7) баалуу металлдарга экспертиза жүргүзүү - баалуу металлдардын сапаттык жана (же) сандык мүнөздөмөлөрүн аныктоо;
8) асыл таштарга экспертиза жүргүзүү (идентификациялоо) - белгиленген классификаторлорго жана прейскуранттарга ылайык асыл таштардын сапаттык-түстүк, сандык жана нарктык мүнөздөмөлөрүн аныктоо;
9) баалуу металл менен каптоо (плакировкалоо) - баалуу металлдан жасалган бүтүндөй буюмга же анын бөлүгүнө химиялык, электрохимиялык, механикалык же башка физикалык ыкма менен жалатылган баалуу металлдын же баалуу металлдын эритмесинин катмары;
10) пробалоо - зер жана башка буюмдарда баалуу металлдардын эритмесинин пробасын аныктоо же тастыктоо;
11) эн тамгасын басуу - баалуу металлдардан жасалган зер жана башка буюмдарга механикалык, лазердик жана электручкун методдору менен мамлекеттик пробалоо эн тамгасынын изин түшүрүү;
12) күбөлүк белгиси (литер "А") - зер жана башка буюмдарга эн тамгасын басууда негизги пробалык эн тамгасы (литер "Б") (зер жана башка буюмдардын пробасын, анык пробалык эн тамгасын (литер "Б") тастыктоодо) жана (же) алардын бөлүктөрүнүн негизинде негизги пробалык эн тамгасын (литер "Д") басууга мүмкүн болбогон тиешелүү пробадагы зер жана башка буюмдарга эн тамгасын басууда кошумча пробалык эн тамгасы (литер "Д") менен айкаштырууда колдонулуучу пробалык эн тамгасы;
13) негизги пробалык эн тамгасы (литер "Б") - зер жана башка буюмдарга басууда өз алдынча мааниси бар пробалык эн тамгасы;
14) кошумча пробалык эн тамгасы (литер "Д") - зер жана башка буюмдарга эн тамга басууда өз алдынча же пробалык эн тамгасынын бири менен айкаштырып колдонулуучу пробалык эн тамгасы;
15) зер буюмдарын өндүрүүчүлөр - баалуу металлдардан жана асыл таштардан зер жана башка буюмдарды жасоо боюнча ишти жүзөгө ашыруучу юридикалык жактар жана жеке ишкерлер;
16) энчилүү белги - изи даярдоочу тарабынан өзү даярдаган бардык баалуу металлдардан зер жана тиричилик буюмдарына коюлуучу, ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда катталган жана шифрленген түрдө анын даярдоочусу жөнүндө маалыматты камтыган атайын белги;
17) талдоо - буюмдар даярдалган баалуу металлдардын жана алардын куймаларынын химиялык курамын, анын ичинде бул буюмдун бүлүнүүсү каралуучу методдорду колдонуу аркылуу аныктоо;
18) каңдооч - даярдалган бөлүктөрдү бириктирүү үчүн каңдоодо колдонулган жана эрүү температурасы бириктирилип жаткан металлдардыкынан төмөн болгон металл же эритме.
3. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган Кыргыз Республикасынын мамлекеттик пробалык эн тамгасынын сактоочусу жана пайдалануучусу болуп саналат.
4. Кыргыз Республикасында жасалган жана Евразия экономикалык бирлигине (мындан ары - ЕАЭБ) кирбеген өлкөлөрдөн ташып киргизилген баалуу металлдардан жасалган зер жана башка буюмдарды сатуу үчүн ушул Жобонун 9-пунктунда белгиленген пробаларга ылайык келүүгө жана ушул Жобонун тиркемесинде каралган Кыргыз Республикасынын мамлекеттик пробалык эн тамгасы басылууга тийиш.
ЕАЭБге кирбеген өлкөлөрдөн сатуу үчүн ташып киргизилген баалуу металлдардан жасалган зер жана башка буюмдар ички керектөө үчүн чыгаруу бажы жол-жобосуна товарлардын жайгаштырылгандыгын тастыктаган тиешелүү документтер алынган күндөн тартып 5 календардык күндүн ичинде ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга пробалоого, талдоого жана эн тамгасын басууга тапшырылат.
Тергөө иш-чараларынан кийин кайтарып берилген баалуу металлдардан жасалган зер жана башка буюмдар мамлекеттик контролго алынууга, проба коюлууга жана эн тамга басылууга тийиш.
Пробалоо жана эн тамга басуу үчүн пробалык жыйымдын бекитилген ставкаларына ылайык өлчөмдө пробалык төлөм алынат.
41. Кыргыз Республикасынын аймагынан аталган товарларды кийин экспорттоо шарты менен баалуу металлдардан жасалган зер жана башка буюмдарды импорттоодо, импорттоочу төмөнкү шарттарды сактаса, эн тамгасын басуу жол-жобосун жүргүзүү талап кылынбайт:
– Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 324-беренесинде белгиленген КНС шарттуу эсептөө режими колдонулганда;
– пробалык жыйым төлөгөндүгү жөнүндө квитанция болгондо.
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 4-февралындагы № 59 токтомунун редакциясына ылайык)