Загрузка документа…
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин 2025-жылдын 18-февралындагы № 89-чуа буйругу менен бекитилди) |
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН КУРУЛУШ ЧЕНЕМДЕРИ
___________________________________________________
Курулуштагы ченемдик документтер тутуму
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНДА АЙЫЛДЫК КАЛКТУУ
КОНУШТАРДЫН АЙМАКТАРЫН ПЛАНДАШТЫРУУ
ЖАНА КУРУУ БОЮНЧА
Планировка и застройка территорий сельских населенных
пунктов в Кыргызской Республике
Planning and development of rural settlements in the Kyrgyz Republic
Кыргыз Республикасында айылдык калктуу конуштардын аймактарын
пландаштыруу жана куруу боюнча
ЭРЕЖЕЛЕР ТОПТОМУ
жаңыртылган редакция
_________________________
Киргизүү датасы – 2025.__.__
1 Жалпы жоболор
1.1 Ушул “Кыргыз Республикасындагы айылдык калктуу конуштардын аймагын пландаштыруу жана куруу” Кыргыз Республикасынын Курулуш ченемдери (мындан ары – Курулуш ченемдери) айылдык калктуу конуштарды, дыйкан (фермердик) чарбаларды пландаштырууга жана курууга коюлуучу талаптарды белгилейт.
1.2. “Кыргыз Республикасынын шаар куруу жана архитектурасы жөнүндө”, “Кыргыз Республикасындагы жеке турак жай курулушу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдары, Кыргыз Республикасынын Жер Кодекси, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрациясы жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”, “Дыйкан (фермердик) чарбасы жөнүндө” Мыйзамдары, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Токтому менен бекитилген “Жер жана агрардык реформа жөнүндө” Жобосу, ошондой эле Архитектура, шаар куруу жана курулуш тармагындагы мыйзам актылары, шаар куруу, курулуш боюнча ченемдер жана эрежелер, стандарттар, нускамалар, көрсөтмөлөр жана шаар куруу тармагына тиешелүү чыгарылып жаткан башка актылар ушул Курулуш ченемдеринин курамдык бөлүгү болуп саналышат жана биргеликте колдонулушат.
1.3 Ушул Курулуш ченемдери айылдык калктуу конуштардын жаңыларын долбоорлоодо жана мурункуларын кайрадан калыбына келтирүүдө, ошондой эле дыйкан (фермердик) чарбалардын аймактарын уюштурууда сакталууга тийиш. Алар менчигинин түрүнө карабастан, айылдык калктуу конуштардын, дыйкан (фермер) чарбаларынын аймагында долбоорлоо, куруу жана көрктөндүрүү иштерин жүргүзгөн бардык юридикалык жактар, жеке жактар, уюмдар жана мекемелер, ошондой эле жеке курулушчулар үчүн милдеттүү болуп саналат.
1.4 Ушул курулуш ченемдерин колдоонуда ошол мезгилде колдонулуп жаткан башка ченемдик-техникалык документтерге таянуу керек.
2 Ушул курулуш ченемдеринде пайдаланылуучу негизги түшүнүктөр.
Бул документте тиешелүү аныктамалары менен төмөнкү терминдер колдонулат:
2.1 архитектуралык документтер (архитектуралык долбоор): Курулуш объектисинин документтерин андан ары иштеп чыгуу үчүн керек боло турган көлөмдө объектиге коюлуучу социалдык, экономикалык, функционалдык, инженердик, техникалык, өрткө каршы, санитардык-техникалык, экологиялык, архитектуралык-көркөм жана башка талаптарды комплекстүү түрдө эсепке алган, архитектуралык чечимдерди камтыган долбоордук документтин бөлүгү;
2.2 шаар куруу корутундулары (ШК): шаар куруу жана архитектура боюнча аймактык органдын жетекчиси тарабынан бекитилүүчү укук белгилөөчү документ, долбоордук документтерди макулдашуу менен объекттин негизги шаар куруу жана функционалдык параметрлерин, шарттарын жана талаптарын аныктайт;
2.3 айылдык калктуу конуштардын башкы планы: калктуу конуштардын аймактарынын өнүгүүсүн, келечектүү шаар курууну пландоо жөнүндө шаар куруу документи;
2.4 объектинин башкы планы: объектинин (имараттын, курулманын, комплекстин) курулушунун аймактагы (жер тилкесиндеги) жайгашышын, транспорттук коммуникациялардын, инженердик тарамдардын тартылышын, комплекстүү абаттоону, жашылдандырууну, чарбалык тейлөөнү уюштурууну жана башка долбоорлонуучу объектинин жайгашуу орду менен байланышкан иш чараларды комплекстүү чечүү маселелерин камтыган долбоордун бөлүгү;
2.5 башкы долбоорчу: инвестор же тапшырык берүүчү менен түзүлгөн келишимдин негизинде долбоордук документтин айрым бөлүмдөрү боюнча субподрядчыларды жана адистерди тартуу менен долбоордук документти иштеп чыгуучу, долбоордук (долбоордук-изилдөөчү) ишмердиктин түрү боюнча уруксаттамага ээ болгон долбоордук уюм;
2.6 шаардык агломерация: шаар-борбор менен ургаалдуу өндүрүштүк, эмгектик, маданий-тиричилик жана рекреациялык байланыштары аркылуу бир бүтүнгө бириккен калктуу конуштардын (негизинен шаардык) мейкиндиктеги чакан тобу;
2.7 шаардын, кыштактардын чеги, калктуу конуштардын чеги: шаардын жана башка калктуу конуштардын жерлерин жердин башка категорияларынан жана жер фондуларынан бөлүп туруучу сырткы чек арасы;
2.8 мамлекеттик ченемдер (мамлекеттик ченемдик документтер): адамдын жашоо тиричилигин жана башка жашоо шарттарынын жагымдуу коопсуздугун камсыз кылууга сөзсүз керек жана башка милдеттүү талаптардын, шарттардын, чектөөлөрдүн, ченемдик укуктук актылардын, шаар куруу жана техникалык регламенттердин, ченемдик-техникалык документтердин тутуму;
2.9 шаар куруу: коомдук-экономикалык, курулуш-техникалык, архитектуралык-көркөм, санитардык-гигиеналык жана экологиялык татаал комплекстүү көйгөйлөрдү чечүүнү камтыган жана монотондуу типтүү курулуштан качууга багытталган, өлкөнүн улуттук өзгөчөлүгүн эске алуу менен мурунку курулуштарды илимий негизде кайра курууга, анын ичинде кооптуу өндүрүш объектилерин, суу тогоондорун жана курулмаларын, почта жана электр байланыштарынын объектилерин, электр чордондорун жана көмөк чордондорду, ушул сыяктуу башка түрдөгү имараттарды жана курулмаларды долбоорлоого жана курууга багытталган калктуу конуштарды жана өзүнчө аймактарды пландоо жана куруу чөйрөсүндөгү юридикалык, жеке жактардын ишмердиги;
2.10 аймактын шаар куруу сыйымдуулугу: шаардын пландалуучу түзүмүндөгү аймактын ролуна жана ордуна ылайык келген курулуштун көлөмү;
2.11 шаар куруу долбоорлору: аймактарды (калктуу конуштарды) жана түйүндөрдү же алардын бөлүктөрүн комплекстүү аймактык шаар курууну пландоону, уюштурууну, өнүктүрүүнү, курууну камтыган долбоорлор;
2.12 шаар куруу документтери: муниципалдык түзүлүштөрдүн аймактарындагы шаар курууну өнүктүрүү чөйрөсүндөгү башкаруу чечимдерин кабыл алууга жана жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын тиешелүү ыйгарым укуктарын ишке ашырууга керектүү болгон аймактарды өнүктүрүүнү жана курууну шаар куруучулук мерчемдөө боюнча документтердин комплекси жана шаардын, башка калктуу конуштардын башкы планы, шаардын чегинин долбоору, мерчемдөө, куруу долбоорлору, жана башка документтер;
2.13 аймактарды шаар курууга баалоо: аймакты баалуулугу боюнча баалоо жана чөлкөмдөө жыйынтыгы катары саналган комплекстүү, көп факторлуу талдоо;
2.14 шаар курууну (укуктук) чөлкөмдөө: аймактык чөлкөмдөрдүн чек араларын жана мындай чөлкөмдөрдүн чегинде капиталдык курулуш объектилерин, жер тилкелерин пайдалануунун шаар куруу регламенттерин тактоо максатында калктуу конуштардын аймактарын чөлкөмдөө; шаардын айрым бөлүктөрүн функционалдык пайдаланууга (функционалдык чөлкөмдөө), курууга (курулуштук чөлкөмдөө) жана ландшафты уюштурууга милдеттүү талаптарды, чектөөлөрдү аныктоо;
2.15 шаар куруу регламенти: аймактарды жана башка кыймылсыз мүлк объектилерин пайдалануунун шарттамдары, уруксаттамалары, чектөөлөрү (убаракерчилик, тыюу салуу жана сервитуттарды кошкондо), ошондой эле мыйзам чегинде аныкталган алардын абалдарынын мүмкүн болгон өзгөрүүлөрү;
2.16 шаар куруу ресурстары: жер, кен байлыктары, суу, аба мейкиндиги, энергетикалык, эмгек, инвестициялык жана башка ресурстар, ошондой эле адам баласынын жашоосун, ишмердигин калыптандыруунун ажырагыс компоненттери болгон калктуу конуштардын аймактары жана алардын тутуму;
2.17 турак жай, аралаш турак жай курулушунун тобу: турак жайлардын, аралаш турак жайлардын жер тилкелери жана жалпы колдонулууга жаткан аймактар: квартал же кварталдын бөлүгү катары калыптандырылуучу жашылдандырылган аймактар (скверлер, бульварлар), күнүгө жана мезгилдүү колдонулуучу объектилер, бала бакчалары, унаа коюучу жайлар, өтмөлөр, унаа токтоочу жайлар жана башкалар;
2.18 турак жай аймактары: тиричилик чөйрөсүн уюштуруу үчүн калыптанган жана турак жай фондун түзүүчү, шаар курууну пландоо объектилеринин төмөнкү түрлөрүндө калыптануучу, заманбап социалдык, гигиеналык жана шаар куруу талаптарына жооп берген турак жай чөйрөсүн уюштуруу үчүн аймак:
1) коомдук чөлкөмдөрдүн, турак жай топторунун жана кичи райондордун курамдарындагы турак жай, аралаш турак жай курулушу;
2) коомдук чөлкөмдөрдүн, кичи райондордун, кварталдардын курамындагы же комплекстер жана башка функционалдык дайындалыштагы чөлкөмдөр менен жанаша автономдуу түрдө жайгашкан турак жай, аралаш турак жай курулушу;
3) турак жай райондорунун курамындагы же комплекстер жана башка функционалдык дайындалыштагы чөлкөмдөр менен жанаша автономдуу түрдө жайгашкан кичи райондор;
4) турак жай райондору.
2.19 турак жай району: аянты 60 га дан ашкан аймак. Турак жай райондун калкы өзүнүн аймагынын чегинде, күнүмдүк жана мезгилдүү тейлөөчү объектилердин комплекси менен камсыз болот;
2.20 долбоорлоого тапшырма: пландаштыруучу, архитектуралык, инженердик жана технологиялык чечимдерге жана шаар куруу объектилеринин касиеттерине, анын негизги параметрлерине, курулушунун наркына жана уюштурулушуна негизделген талаптар камтылуучу жана шаар куруу шарттарына жана чектөөлөрүнө ылайык түзүлүүчү жана тапшырыкчынын негизги талаптарын камтыган документ;
2.21 жер участкасы: жабык чектердеги жер аянты;
2.22 жашыл сызык: жалпы пайдалануудагы өсүмдүктөрдү (сейилбактар, бактар, скверлер, бак көчөлөр, жашылдандырылган жээк жолдор) жана атайын багыттагы өсүмдүктөрдү (питомниктер, коргоочу токой тилкелери ж.б.) башка аймактардан (турак жай, өндүрүш), ошондой эле көчөлөр менен жолдордон бөлүп туруучу чек ара;
2.23 инженердик-техникалык, унаалык жана социалдык инфраструктура: калктуу конуштардын жана конуш аралык аймактардын туруктуу өнүгүүсүн, жашоо шартын камсыз кылуучу унаанын, байланыштын, энергетиканын, суу чарбасынын, ирригациялык тарамдардын, инженердик жабдуулардын курулмаларынын жана коммуникацияларынын, ошондой эле калкты социалдык жана маданий-тиричилик жактан тейлөөчү объектилердин комплекси;
2.24 курулуш үчүн инженердик изилдөөлөр: райондун, аянттын, жер тилкесинин, долбоорлонуучу курулуш трассасынын жаратылыш шарттарын комплекстүү изилдөө үчүн жүргүзүлгөн, жергиликтүү курулуш материалдарынын жана суу менен камсыздоочу булактардын, жаратылышты коргоону жана рационалдуу колдонууну эске алуу менен объектилерди куруу жана долбоорлоодо техникалык жактан негиздүү жана экономикалык жактан максаттуу чечимдердин матриалдарын камтыган жумуштар, ошондой эле мекемелерди, имараттарды жана курулмаларды куруунун жана пайдаланууга берүүнүн таасири алдында жаратылыш чөйрөсүнүн өзгөрүүсүнүн божомолун түзүүчү үчүн маалыматтарды алуу;
2.25 квартал: магистралдык жана турак жай көчөлөрүнүн, жолдордун кызыл сызыктары, ошондой эле шаар курууну жөндөөнүн башка регламенттери менен чектелген, аянты 10 га чейинки, шаарды, калктуу конуштарды пландоо курамынын негизги элементи;
2.26 кызыл сызыктар: пландаштырылуучу түзүмдүн кварталдарынын, кичи райондорунун жана башка элементтеринин аймактарын калктуу конуштардагы көчөлөрдөн, жолдордон жана аянттардан бөлүп туруучу чек аралар;
2.27 аймакты комплекстүү абаттоо: тигил же бул аймакты курулуш үчүн жарактуу жана багыты боюнча ченемдүү пайдалануу, калк үчүн таза, ыңгайлуу, коопсуз жана маданий шарттарга келтирүү максатында жүргүзүлө турган курулуучу аймакты инженердик даярдоо жана жолдорду салуу боюнча; суу менен камсыздоонун, суу агындылоонун, энергия жана газ менен камсыздоонун, байланыштын, ирригациялык, нөшөрлүк жана башка коммуникациялык курулмаларды жана тарамдарды өнүктүрүү боюнча; аймакты жыйноо, кургатуу жана жашылдандыруу, санитардык тазалоо боюнча; микроклиматты жакшыртуу, аба мейкиндигин, ачык суу кыртыштарын булгануудан коргоо, ызы-чуунун деңгээлин төмөндөтүү жана башкалар боюнча жүргүзүлүүчү жумуштардын жана иш чаралардын жыйындысы;
2.28 дыйкан (фермердик чарба): дыйкан чарбанын мүчөлөрүнө таандык болгон же пайдаланууга (ижарага) алынган жер участогуна жана башка мүлккө - турак-жай жана чарбалык курулуштарга негизделген жеке менчик укугундагы же пайдалануу үчүн (ижарага) алынган тиешелүү өнүктүрүү багытындагы өз алдынча чарба жүргүзүүчү субъект.
2.29 чек коюу: чек коюу долбоорлорун, кыймылсыз мүлк катары калыптанган жана кайра калыбына келтирилген жер тилкелеринин чек араларын өзгөртүү жана бекитүү, калыбына келтирүү, белгилөө боюнча шаар куруу жана жерге жайгаштыруу иштеринин комплекси;
2.30 конуш аралык аймактар: калктуу конуштардын чек араларынан (чектеринен) сырткаркы аймактар;
2.31 шаар куруу объектилерине байкоо жүргүзүү: шаар куруу ишмердигинин объектилеринин абалына, пайдалануусуна жана өзгөрүүсүнө жүргүзүлгөн байкоолордун тутуму;
2.32 ченемдик-техникалык документ: белгилүү бир ишмердиктин түрлөрүнө эрежелерди, жалпы принциптерди же мүнөздөмөлөрдү аныктаган же алардын жыйынтыктарына тиешеси бар жана керектөөчүлөрдүн кеңири чөйрөсүнө жеткиликтүү документ;
2.33 коомдук аймактар: бийликтин органдарынын, өкүлчүлүктөрдүн жана элчиликтердин; илим-изилдөө жана долбоордук-конструктордук уюмдардын; маданий, билим берүү (жогорку жана орто кесиптик окуу жайлары, мектептер, мектепке чейинки жана мектептен сырткаркы билим берүү уюмдары); дин уюмдарынын; соода, тейлөө; спорт, эс алуу; саламаттык сактоо; мейманкана; социалдык кызматтар объектилерин жайгаштырууга дайындалган аймактар;
2.34 курулуштун ырааттуулугу: долбоорлоо документтеринде аныкталган, имараттан же анын бир бөлүгүнөн, имараттардын, курулмалардын, инженердик тармактардын, түзүлүштөрдүн тобунан турган, эксплуатацияга киргизилиши максаттуу багыты боюнча автономдуу иштешин камсыз кылган курулуш объектисинин бөлүгү;
2.35 тарыхый жана маданий эстеликтерди коргоо чөлкөмү: тарыхый жана маданий эстеликтерге кирген, жерди колдонуунун катуу тартибиндеги коргоо чөлкөмүнүн долбоору менен аныкталган, тарыхый жана маданий эстеликтердин сакталуусун бузууга алып келүүчү иштердин түрлөрүнө, ошондой эле анын кабыл алуу шарттарын жана баалуу шаар куруу айланасынын салттуу параметрлерин бузууга тыюу салуучу аймак;
2.36 короо жайга танапташ участок: үлүш эмес, жеке үй куруу үчүн мамлекеттик бийлик органдары же же өз алдынча башкаруу органдары тарабынан жарандарга бөлүнүп берилген жер участогу, танапташ жери менен;
2.37 өзгөчө кооптуу объектилер: башка объектилердин туруктуу иштөөсүнө кооптуу, техногендик жана экологиялык кырсыктардын пайда болуусуна, ошондой эле сөзсүз экологиялык жана санитардык-эпидемиологиялык, мамлекеттик баа берүүнү жүргүзүүнү талап кылган өрт жана жарылуу боюнча талаптарды аткаруу керек болгон объектилер;
2.38 укуктук шаар курууну чөлкөмдөө: калктуу конуштардын жана шаарлардын курулушу жана жер пайдалануу эрежелеринде жазылган, аймактарды куруу жана шаар курууну пландоонун өнүгүү долбоолорунун курамында же негизинде аткарылган долбоордук иштер;
2.39 калктуу конуштардын жерлерин куруу пайдалануу эрежелери: Кыргыз Республикасынын Өкмөтү же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы тарабынан бекитилүүчү шаар куруу долбоорлорун жана аймактарды өнүктүрүү долбоорлорун ишке ашыруу максатында иштелип чыккан калктуу конуштарды өнүктүрүү жана көрктөндүрүү боюнча курулуш нормалары;
2.40 долбоор алдындагы документ: шаар куруу жана архитектуралык-курулуш долбоорлорун иштеп чыгууга өбөлгө түзүүчү документтерди иштеп чыгууга керектүү болгон программаларды, отчетторду, курулуштун техникалык-экономикалык негиздемелерин, техникалык-экономикалык эсептөөлөрдү, илимий изилдөөлөрдүн натыйжаларын, инженердик изилдөөлөрдү, технологиялык жана конструктивдик эсептөөлөрдү, эскиздерди, макеттерди, объектилерди ченөө жана текшерүүлөрдүн жыйынтыктарын, ошондой эле долбоордук документтерди иштеп чыгуу жана андан ары ишке ашыруу жөнүндө чечимдерди кабыл алууга керектүү болгон алгачкы маалыматтарды жана материалдарды камтыган документтер;
2.41 долбоор: шаар куруу, архитектуралык жана курулуш документтери (чиймелер, графикалык жана текст түрүндөгү материалдар, инженердик жана сметалык эсептөөлөр) формасында берилген, адамдардын жашоосуна жана ишмердигине керектүү болгон шарттарды камсыз кылуу боюнча жеке жана юридикалык жактардын, мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын көздөмдөрү;
2.42 долбоордук документ: курулушту, кайра калыбына келтирүүнү же курулуш объекттеринин жана/же алардын бөлүктөрүнүн башка өзгөртүүлөрүн камсыз кылуу үчүн керектүү, архитектуралык, функционалдык, технологиялык, конструктивдик жана инженердик-техникалык чечимдерди аныктоочу графикалык, долбоордук жана тексттик документтердин жыйындысы;
2.43 аймакты жашылдандыруу долбоору: аймакты жашылдандыруу планын камтуучу долбоордук документ (дендрологиялык план, отургузуу чиймеси, пландоонун бөлгүч чиймелери, жумуштардын көлөмүн жан сметасын эсептөө менен түшүндүрмө кат);
2.44 архитектуралык чыгармачылык, шаар куруу искусствосу: жеке жактардын кесиптик ишмердүүлүгүндөгү чыгармачылык процесстин жыйынтыгы болгон автордун (авторлордун) автордук укугунун жана интеллектуалдык менчигинин объектиси. Алар шаар куруунун, архитектуралык жана техникалык чечимдердин жогорку денгээлине жеткен, ишке ашырылган накта долбоор (долбоордун бөлүгү), долбоордук документтин, айрым чийме, макет же эскиз түрүндө автордук көздөмдү камтыган архитектуралык объектини же шаар куруу мейкиндигин калыптандырууну түзүүгө багытталган ишмердүүлүк;
2.45 куруу аянты: сырткы көрүнүшү, бош орундары жана босогосу менен имаратты же курулманы куруу үчүн жер тилкесинин аянты;
2.46 өндүрүш аймактары: өндүрүштүк-ишкердик (тажрыйбалык участоктору жана өндүрүштөрү менен ИИИ, техникалык тейлөө цехтери менен соода ишканалары, басма-типографиялык бөлүмү менен маалыматтык борборлор), өнөр жай (тамак-аш жана жеңил өнөр жай, алет куруу, машина куруу, курулуш материалдарын өндүрүү), коммуналдык-кампалык (ЖЭМдин (ТЭЦ) аймактары, тазалоочу курулмалар, отканалар, электр чордондору, газ бөлүштүрүүчү түйүндөр, шаардык инженердик инфратүзүмдүн башка курулмалары, кампалык курулмалар, аймактарды механикалык жыйноо үчүн машиналардын турук жайлары, көрүстөндөр), унаа жана инженердик объекттердин жайгашышына арналган аймактар;
2.47 курулуштун эсептик наркы: айрым жумуштун түрлөрүнө же айрым объектилерге ирилештирилген эсептик наркы боюнча аныкталган курулушка же калыптанган объектилерди өзгөртүүгө инвесторлордун же тапшырык берүүчүлөрдүн толук чыгымдарынын болжолдуу наркы;
2.48 кайра калыбына келтирүү: имараттардын, курулмалардын көлөмдүк-пландаштыруучу жана конструктивдик чечимдерин (бийиктигин, кабаттардын санын, аянтын, сырткы көрүнүшүн, чөйрө сызыгын), технологиялык жана инженердик жабдууларын, өндүрүштүк кубаттуулуктун көрсөткүчтөрүн, инженердик-техникалык камсыздоонун сапатын жана көлөмүн өзгөртүү;
2.49 рекреациялык аймактар: шаар токойлорун, токойлуу сейил бактарын, коргоолуучу токой чөлкөмдөрүн, көлмөлөрдү, айыл чарба багытындагы жерлерди жана башка чарба жерлерин камтыган, сейил бактар, бакчалар, скверлер жана баккөчөлөр менен селитебдик аймакта жайгашкан жана адамдардын эс алуусу (эмгектенүүсү) үчүн ачык мейкиндик системасын түзгөн аймак;
2.50 санитардык ажырымдар: зыяндуу таасир этүүчү булактарынан (өнөр жай, кампа объектилери, инженердик курулмалар, автомагистралдар, темир жол линиялары, магистралдык өткөргүч түтүктөр ж.б.) турак жай курулушунун, ландшафтык-рекреациялык чөлкөмүнүн, эс алуу чөлкөмүнүн, курорттун чек арасына чейинки минималдык аралык менен аныкталуучу ажырымдар. Санитардык ажырымдар санитардык-коргоочу чөлкөлм режимине ээ, бирок аны уюштуруунун долбоорун иштеп чыгууну талап кылат;
2.51 санитардык коргоочу чөлкөм: атайын дайындалыштагы чөлкөмдөрдү, ошондой эле өнөр жай ишканаларын жана калктуу конуштардагы башка өндүрүштүк, коммуналдык, кампалык объектилерди жакынкы селитебдик аймактардан, турак жай-жарандык багытындагы имарат жана курулмалардан, аларга жагымсыз факторлордун таасирин азайтуу максатында бөлүп туруучу аймак;
2.52 айыл чарба жерлери: айыл чарба продукциясын өндүрүү үчүн пайдаланылуучу жер участоктору, атап айтканда: айдоо жерлер, кайрак жерлер, көп жылдык көчөттөр ээлеген жерлер, чабындылар жана жайыттар;
2.53 селитебдик аймак: жайгашуусу жана ишмердиги атайын санитардык коргоочу чөлкөмдү талап кылбаган турак жай, коомдук жана рекреациялык аймактарды, ошондой эле инженердик-техникалык айрым бөлүктөрдүн жана унаалык инфратүзүмдүн, башка объектилерди жайгаштыруу үчүн арналган калктуу конуштардын аймагынын бөлүгү;
2.54 жайгаштыруу схемасы: калктуу конуштардын түрлөрүнүн бирдиктүү жайгаштыруу мүнөзүн жана айыл аралык байланыштардын өнүгүү деңгээлин аныктоочу схемалар;
2.55 курулуш объектилеринин сейсмикалык туруктуулугу: тиешелүү сейсмикалык таасирлерди эске алуу менен курулуш объектилеринин эсептик-техникалык жана курулуштук-конструктивдик коопсуздугун камсыздоо;
2.56 жалпы колдонуудагы аймактар: чексиз сандагы адамдардын тобу эркин пайдалануучу аймактар, ошону менен бирге кварталдардын (кичи райондордун) аймактарынан сырткары жайгашкан аянттар, көчөлөр, жээк жолдор жана кварталдардын (кичи райондордун) аймактарындагы өтмөктөр жана скверлер;
2.57 жаратылыш комплексинин аймактары: турак жай, коомдук, өндүрүштүк курулуштун жер тилкелеринин курамындагы сейилбактар, бактар, скверлер, бак көчөлөр, тигилген өсүмдүктөр түрүндө көрсөтүлгөн шаар курууну долбоорлоонун объектилери;
2.58 аймактык пландаштыруу: аймактарды колдонуунун өзгөчө шарттары менен чөлкөмдөлгөн мамлекеттик же муниципалдык муктаждыктар үчүн аймактарды өнүктүрүүнү, функционалдык чөлкөмдөөнү, капиталдык курулуштун объектилерин пландуу жайгаштыруу чөлкөмдөрүн аныктоону пландаштыруу;
2.59 өрткө каршы ажырым (өрткө каршы аралык): өрттүн жайылуусун алдын алуу үчүн белгиленген имараттардын жана (же) курулмалардын ортосундагы белгиленген аралык;
2.60 көчө-жол тарамы: калктуу конуштардын функционалдык-пландаштыруу уюштурулуусу менен өз ара байланышкан, жалпы шаардык бир тутумга бириктирилген көчөлөрдүн, аянттардын жана жөө жол мейкиндиктеринин тарамы;
2.61 көчө, аянт: шаардын (калктуу конуштун) көчө-жол тарамынын кызыл сызыктары менен чектелген аймак;
2.62 турак жай, аралаш курулушунун тилкеси: аянты 1,5 гектарга чейин, үй алдындагы жер тилкеси менен ар кандай кабаттуулуктагы турак үйлөр жайгашкан аймактар;
2.63 функционалдык-пландаштыруучу түзүлүш: аймактын функционал-дык багытына жараша ишмердиктин социалдык-кепилденген шарттарынын комплексин камсыздаган, чек арасы, аймактык регламенттери, шаар куруу ченемдери жана эрежелери аныкталган, бүтүндөй бир шаар куруу түзүлүшүн берген шаардын (калктуу конуштун) аймагынын бөлүгү;
2.64 функционалдык чөлкөмдөр: аймактык пландаштыруу документтери менен чек аралары жана функционалдык багыты аныкталган чөлкөмдөр;
2.65 эскиздик долбоор: шаар куруу документинин курамындагы долбоорлоонун алдындагы концептуалдуу архитектуралык-шаар куруу сунушу.
3 Айылдык калктуу конуштардын аймактарынын өнүгүү концепциясы жана жалпы уюштурулушу
3.1 Айылдык калктуу конуштарды куруу жана реконструкциялоо райондук пландоо схемасынын жана долбоорлорунун, жайгаштыруу схемаларынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун айыл аймагынын башкы планынын, аймактар менен кыштактарды кооптуу геологиялык жана гидрогеологиялык процесстерден коргоо схемаларынын негизинде иштелип чыккан жана бекитилген пландаштыруу жана куруу долбоорлору боюнча жүзөгө ашырылуусу керек.
3.2 Пландаштыруу жана куруу долбоорлору жаратылыш, улуттук, регионалдык, тарыхый жана башка жергиликтүү өзгөчөлүктөрдү эске алуу менен иштелип чыгууга тийиш.
3.3 Жаңы айылдык калктуу конуштарды куруу жана айылдык калктуу конуштарды реконструциялоо учурунда жаңы аймактарды өздөштүрүүгө тиешелүү негизде уруксат берилүүсү керек.
3.4 Калкынын санына жараша айылдык калктуу конуштар төмөнкүдөй болуп бөлүнүшөт:
ири - 5 миң адамдан өйдө;
орто – 5 миң адамга чейин;
кичи – 1 миң адамга чейин.
3.5 Айылдык калктуу конуштарды өнүктүрүүнүн келечеги учурдагы абалынын жайгаштыруу системасындагы абалын талдоонун жана баалоонун, социалдык экономикалык, аймактык өнүгүүнү, инженердик-транспорттук инфраструктураны, ошондой эле жаратылыш ресурстарынын болушун болжолдоону эске алуу менен аныкталат.
Айылдык калктуу конуштардын башкы планын колдонуунун жана жүзөгө ашыруунун эсептик мөөнөтү 25-30 болжолдуу жылга 15-20 жыл.
3.6 Айылдык калктуу конуштарды жайгаштыруунун топтук системасынын курамдык элементи катары кароо керек, алардын ар бири ар кандай чоңдуктагы отурукташуунун жыйындысын жана эл чарба тармагын, аймактык жана өндүрүштүк байланыштар, инженердик-транспорттук инфраструктуралар менен туруктуу биргелешкен отурукташууну билдирет.
3.7 Отурукташтыруу системасынын жергиликтүү борборлорунда алардын функцияларын жүзөгө ашырууну камсыздоочу иш чаралардын комплексин кароо керек. Калган калктуу пункттарда калктын күнүмдүк жана узак мөөнөттөгү керектөөлөрүн канааттандыруу маселелери чечилет.
4. Дыйкан (фермердик) чарбалардын аймактарын пландаштыруу жана куруу
4.1 Дыйкан (фермердик) чарбаларды пландаштыруунун жана куруунун долбоорлору (чарба жүргүзүүчү субъекттердин бир нече уюштуруучулук-укуктук формаларынын болуусу менен) чарба жүргүзүүчү субъекттердин өзүлөрүнүн табыштамаларынын негизинде жана өзүлөрүнүн объектилеринин капиталдык курулушуна гана иштелип чыгат.
4.2 Дыйкан (фермердик) чарбаларды пландаштыруу жана куруу төмөнкү бөлүмдөрдөн турууга тийиш:
социалдык-маданий багыттагы жана калктын жалпы колдонуусундагы (өзүмдүк малдарды жаюу, чөп чабуу үчүн, жамааттык бакча жана огород ж.б. үчүн) объекттерди куруу боюнча территорияларды жерге жайгаштыруу (ишкананын жер колдонуусунун юридикалык чектерин тактоо, аянтын аныктоо жана жер участокторунун, калктуу пункттардын чектерин там арка жер фондусунун аянтын жана чек араларын аныктоо);
мүлк (өндүрүштүк фонддорду инвентаризациялоо, активдерди жана пассивдерди баалоо, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдардынын өндүрүштүк ишине жана финансылык-экономикалык абылына анализ жүргузүү жана социалдык инфраструктура);
калк жана эмгек ресурстары (калктын категориялар боюнча саны, короолордун саны, эмгек ресурстарынын балансы);
кайрадан уюшулуп жаткан чарба жүргүзүүчү субъекттердин өнүгүү келечеги ((чарбалык ишмердиктин негизги багыттары, жаңы өндүрүүчүлөрдүн кооперацияларынын мүмкүн болгон формалары, өндүрүштүк тейлөө, айыл чарба продуктыларын сактоо, кайра иштетүү жана социалдык инфраструктураны өнүктүрүүнү).
4.3 Кыргыз Республикасынын жарандарына менчикке же пайдаланууга берилген жана калк жашаган пункттан жөө барууга алыс болгон айыл чарба багытындагы жерлерди пайдалануу үчүн айыл чарба жерлеринде пайдаланууга жарактуу болбогон жер участокторун же түшүмдүүлүгү аз айыл чарба жерлеринде имараттарды жана курулуштарды куруу үчүн жер участокторун менчикке же пайдаланууга берүүгө жол берилет, ошол жердин шааркуруу документине ылайык.
4.4 Айыл чарба багытындагы объекттерди жана башка объекттерди куруу үчүн түшүмдүүлүгү аз жер участкалары (мал чыгаруучу жай, кайрак, түпкү кыртыштардын жер үстунө чыгып калуусу ж.б.) же жамааттык түрдө колдонуусу кыйынчылык жараткан чарбакер субъекттердин участкаларына жанаша жатышкан айдоо жерлер бөлүнүп берилет. Андай жерлер жок болсо курулуш үчүн тилке азыраак өндүрүмдүү жерлерден бөлүнөт.
4.5 Жерколдонуучунун жашаган жеринен жөө жүрүүчү үчүн 5 кмге чейин жакын болгон чөлкөмдөрдө айдоо үчүн жарактуу жерлерде турак жай имараттарын курууга тыюу салынат.
4.6 Турак жай жана өндүрүштүк имараттарды жана курулмаларды Кыргыз Республикасынын Жер кодексинде каралган суулардын, көлдөрдүн жана башка суу топтогучтардын коргоо зонасынын, жер алдындагы жана жер үстүндөгү коммуникациялардын жерлерине курууга жол берилбейт.
4.7 Курулуш үчүн участокторду тандоодо 1-Тиркемеде келтирилген нормаларга жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 11-апрелиндеги №201 токтому менен бекитилген «Санитардык коргоо зоналары жана ишканалардын, курулуштардын жана башка объектилердин санитардык классификациясы» санитардык-эпидемиологиялык эрежелерине жана ченемдерине ылайык иш жүргүзүү керек.
5. Айылдык калктуу конуштардын селитебдүү жана өндүрүш чөлкөмдөрүн уюштуруу
5.1 Калктын долбоордук саны конуштун өнүгүүсүнүн отурукташуу системасындагы келечеги жөнүндөгү маалыматтарды эске алуунун негизинде демографиялык прогнозду эске алуу менен аныкталат.
5.2 Калктын долбоордук санын табигый өсүү формуласы боюнча миграцияны эске алуу менен аныктоого болот.
мында Нр-калктын күтүлүүчү саны;
Н-аталган мезгилде жетишкен саны;
Р-табигый өсүштүн жылдык орточо өсүшү;
n- жылдардын саны (эсептик мөөнөтү);
М-калктын миграциясынын пайызы.
5.3 Пландаштыруу жана куруу долбоорлорунда айылдык калктуу конуштардын өз ара байланыштуу пландуу курамын түзүү үчүн аймактардын пайдалануу түрү боюнча чөлкөмдөлүшү, функционалдык чөлкөдөрдүн селитебдик жана өндүрүштүк болуп бөлүнүүсү зарыл.
5.4 Селитебдик чөлкөмгө төмөнкүлөр кирет: турак жай аянты, коомдук борбор, көчөлөр, бульварлар, автожолдор, унаа токтотуучу жайлар, парктар, аянттар, көлмөлөр жана башка элементтер.
Өндүрүш чөлкөмүнө кирет:
Өндүрүштүк зонага төмөнкүлөр кирет: мал чарба комплекстеринин жана фермаларынын аймактары, айыл чарба продукциясын кайра иштетүү жана сактоо боюнча ишканалар, айыл чарба машиналарын жана транспорт каражаттарын оңдоо, тейлөө жана сактоо ишканалары, сактоочу жайлар жана башка объекттер, жолдор, өтүүчү жолдор жана транспорт каражаттарын токтотуучу жайлар жана башкалар.
Ошол эле учурда: айылдык калктуу пункттардын территориясына калктуу пункттун чек арасында жана чек арасынан сырткары жайгашкан коммуналдык обьектилердин там арка жерлери жана аянттары (суу тосмолору, тазалоочу жабдуулар (сооруж), таштанды төгүүчү жайлар жана мүрзөлөр)) да кирет.
5.5 Жаңы курулуштарды жайгаштырууда төмөнкүлөр эске алынууга тийиш:
мурдатадан турган имараттардын жана курулмалардын максималдуу түрдө пайдалануу;
санитардык-гигиеналык, зооветеринардык жана өрткө каршы талаптардын сактоо;
калктуу пункттун отурукташкан жана өндүрүштүк чөлкөмдөрү менен тышкы магистралдын ортосундагы ыңгайлуу байланышты;
калктуу пунктту инженердик жабдуунун бардык түрү менен камсыздоону;
жерди аяр пайдаланууну, топуракты, аба бассейнин, суу менен жабдуу булактарын булгабай турган шарттарды түзүүнү;
отурукташуучу аймактарды суу агуучу арыктардын жана көлмөлөрдүн өндүрүштүк жана чарбалык тиричилик агынды суулардын өйдө жагына жайгаштыруу, буларды көрсөтүлгөн чыгуулардын төмөн жагына жайгаштыруу Кыргыз Республикасынын 11-апрель 2016-жылдагы № 201 токтому менен бекитилген “Ишканалардын, курулмалардын жана башка объекттердин санитардык-коргоочу чөлкөмдөрү жана санитардык классификациясы” санитардык-эпидемиологиялык эрежелери жана ченемдери сактаган шартта гана жол коюлат;
өндүрүштүк чөлкөмдөрдү шамал жагына жана отурукташкан территорияга караганда төмөн жакка жайгаштыруу.
5.6 Өндүрүштүк, турак жай-жарандык жана коммуналдык курулуш обьектилерин жайгаштырууга төмөнкү учурларда жол берилбейт:
пайдалануу калдыктар чыккан аянтка геология жана минералдык ресурстар маселелери боюнча ыйгарымдуу органдын макулдугусуз;
шахт тектеринин урандысынын кооптуу чөлкөмдөрүндө жана ошондой эле байытуучу фабрикаларда;
көчкү, сел агымдары, кар көчкү аймактарында;
катастрофалык суу каптоонун деңгээлинен төмөн;
сейсможаракага жакын жайгашкан аймактарда;
суу менен камсыздоо булактары аймагынын биринчи тилкесинде;
гидрометереорлогиялык станцияларды коргоо чөлкөмдөрүндө;
курортторду санитардык коргоонун биринчи чөлкөмүндө, эгер долбоорлонуп жаткан обьект курортту пайдалануу менен байланыштуу болбосо;
калктын эс алуучу жайы болгон токой, токойпарктар жана жашыл бактар зонасында;
органикалык жана радиоактивдик калдыктар менен булганган участокторго, эгер санитардык-эпидемиологиялык бейпилдиги жаатындагы ыйгарым укуктуу орган тарабынан белгиленген мөөнөт өтө элек болсо;
мал көмүүчү жайлардын санитардык-коргоо чөлкөмдөрүнү аймактарында;
корук жайлардын жерлеринде жана алардын айланасындагы белгиленген корголуучу жерлерде;
тарыхый жана маданий эстеликтерди коргоо зоналарында.
5.7 Курулуш үчүн чөлкөмдү тандоодо жаратылыш чөйрөсүнүн сакталышын камсыздоо, эрозиялык процесстердин, топурактын жана суу булактарынын булганышынын алдын алуу боюнча чараларды көрүү зарыл. Курулуш үчүн аянтча жайгаштырылуучу обьектилердин келечекте өнүгүүсүн эске алуу менен жетишээрлик өлчөмдө болууга тийиш.
5.8 Айылдык калктуу жайларды реконструкциялоодо, калыптанган функционалдык зоналаштырууну санитардык-гигиеналык шарттарды жакшыртуу максатында каралат:
айыл чарба ишканаларын отурукташкан чөлкөмдөн, өндүрүштүк чөлкөмгө алып чыгуу;
транзиттик автожолдорду алып чыгуу же санитардык коргоо зоналарын түзүү, ошондой эле суу ташкындоодон, көчкүдөн, селден, топурак алдындагы суулардын каптоосунан коргоо боюнча иш чаралар ж.б.;
түзүлгөн пландаштырылган түзүмдөрдү максималдуу сактоо менен көчөлөрдүн тармактарын жана өтмөктөрдү иреттештирүү;
колдо болгон капиталдык жана узакка колдонулуучу имараттарды сактап калуунун негизинде, эскирген турак жай фондуларын ырааты менен алмаштыруу;
бардык тургундарга жекече көмөкчү чарбасын жүргүзүү үчүн ыңгайлуу шарттарды камсыздоо;
бош жаткан жана айыл чарбасын жүргүзүү үчүн жараксыз жерлерди өздөштүрүүнүн эсебинен айылдык калктуу конуштардын аймактарын алда канча натыйжалуу пайдалануу;
территорияны инженердик жабдуу жана сырттан көрктөндүрүү боюнча иш чараларды жүргүзүү.
Айылдык калктуу конуштарды келечектүү өнүктүрүү аймактарын аныктоо.
5.9 Санитардык-коргоо зоналарынын чегинде жайгашкан турак үйлөрдү курууга жана капиталдык оңдоого жол берилбейт; буга чейин колдонуудагы турак жай фондусу амортизациялануу деңгээлине жараша бул максат үчүн резервделген территорияларга чыгарылат.
5.10 Айылдык калктуу пункттардын архитектуралык-пландоо түзүмүн жакшыртуу жана жол тармактарын жакшыртууда төмөнкүлөр зарыл:
көчөлөрдү жана өтмөлөрдү эки тарабынан куруу керек (бир тараптуу куруу көлмөлөргө жана жашыл массивдерге жанаша турган же татаал рельефтин шартындагы, негизги подьезд тарабынан четки көчөлөрдө) бир тараптуу курууга уруксат берилет.
көчөлөрдүн жана өтмөктөрдүн кеңдигин алардын функционалдык ролун жана транспорттун жана жөө жүрүүчүлөрдүн кыймылынын интенсивдүүлүгүн эске алуу менен алынат (6- таблицаны караңыз);
там арка курулуш участокторунда көчөлөрдүн созулуусун жана кеңдигин минимумга алып келүүчү пландаштыруу ыкмаларын колдонуу.
5.11 Тийиштүү негиздемеге ылайык чарбалык өтмөлөрдү жана малдарды айдап өтчүү жерлерди долбоорлоого жол берилет.
5.12 Калктуу жердин коомдук борбору анын маанилүү структуралык элементи болуп саналат, ал жерде башкаруу органдары, маданий-тиричилик багытындагы негизги мекемелер концентрацияланып, массалык коомдук иш чараларды өткөрүү үчүн аянт уюштурулат.
Коомдук борбордун территориялык өлчөмдөрү сейил бакты жана жайык спорттук курулмаларды эске алганда ар бир тургунга 6-10м2. эсепте аныкталат.
5.13 Коомдук борборду жагымдуу кабылдоо шарттарынан улам (1-4 кабат) жана имараттын бийиктиги менен аянттын узундугунун оптималдуу катышы (1:6 - 1:8) ачык мейкиндик калктуу чакан пункттарда 0,15, ал эми ири калктуу пункттарда 0.5 - 0.6 га болушу керек.
Катуу төшөлмө төшөлгөн аянттардын өлчөмү 1000 адамга 700-750 м2 түзүшү керек.
5.14 Айылдык ири калктуу пункттардын коомдук борборлорунда айыл ичиндеги эле эмес айылдар аралык мааниге ээ болгон маданий-тиричилик мекемелеринин имараттары, күнүмдүк тейлөө мекемелери жөө жүрүүчүлөрдүн кыймылынын өндүрүштүк зонага жана коомдук борборго кеткен жолдогу борборчолорго жайгаштырылат.
Тосмолордун конструкцияларынын түрлөрү архитектуралык кызмат менен макулдашуу боюнча эстетикалык талаптарды (көркөм-композициялык принциптер, формасынын, конструкциясынын жана түсүнүн талаптары, конструкциянын сырткы көрүнүшү менен анын багытынын ылайык келүүсү), участоктун багыттуулугун, участокко ыктай жайгашкан кошуналардын макулдугун эске алуу менен алынат.
5.15 Айылдык калктуу жерлерде турак жай курулушунун негизги тиби болуп бир-эки кабаттуу курулуштар, там арка участоктору жана жекече көмөкчү чарбасын жүргүзүү үчүн чарбалык курулуштар эсептелет.
Там арка жер участокторунун өлчөмү Кыргыз Республиасынын аракеттеги мыйзам актыларына ылайык кабыл алынат.
Там арка участогунун тосмосунун бийиктиги 2 метрден ашык болбоосу керек.
5.16 Айылдык калктуу пункттарда көп кабатуу турак үйлөрдү курууга тиешелүү негиздемелерге ылайык жол берилет.
5.17 Короонун жанындагы участогу бар бир-эки батирлүү үйлөрдүн арасындагы аралык бир жуп үйдүн чегинде ченемге алынбайт; бул жуп үйлөрдүн жана алардын чарбалык курулуштарынан кошуна үйлөргө жана кошуна жер участогундагы чарбалык курулуштарына чейинки аралык 1-таблицада көрсөтүлгөндөн аз болбоого тийиш.
1-таблица |
| ||
№ п/п | Ажырымдын тиби | Кабаттардын саны | Ажырымдын чоңдугу, м |
1 | Имараттардын узатасынан кеткен жактарынын арасы | 2-3 | 15 |
2 | Имараттын узатасынан кеткен жактары менен капталынын арасы | 2-4 | 20 |
3 | Имараттардын капталдаранын арасы, жашоочу бөлмөдөн терезе чыкса | 2-4 | 10 |
4 | Имараттардын капталдарынын арасы, жашоочу бөлмөдөн терезе чыкпаса | 2-4 | өрткө каршы ажырымдардын ченеми боюнча |
5 | Турак жайдын терезесинен чарбалык курулмаларга чейин (сарай, гараж, мончо) кошуна жайгашкан жер тилкелеринде |
| 6дан кем эмес
|
6 | Турак үйдүн дубалынан тартып кошуна үйдүн чек арасына чейин |
| 2 |
7 | Чарбалык курулмалардан кошуна жер тилкесинин чек арасына чейин |
| 2 |
8 | Кошуна участканын чек арасынан: жоон сөңгөктүү дарактарга чейин орто сөңгөктүү дарактарга чейин бадалдарга чейин |
| 3 2 1 |