Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 25-декабры № 792
Кыргыз Республикасынын Министрлер
Кабинетинин ишкердик иш чөйрөсүндөгү айрым
чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 18-февралындагы № 119, 2026-жылдын 17-апрелиндеги № 259 токтомунун редакциясына ылайык)
Жөнгө салуучу таасирин талдоону даярдоо жол-жобосун жөнөкөйлөтүү, ишкердик иш чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актыларды оптималдаштыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 10-августундагы № 444 "Ишкердик субъекттеринин ишине ченемдик укуктук актылардын жөнгө салуучу таасирин талдоо методикасын бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) төмөнкүдөй мазмундагы 21-пункт менен толукталсын:
"21. Жөнгө салуучу таасирин талдоо жүргүзүүнүн маалыматтарынын аныктыгы үчүн жеке жоопкерчилик иштеп чыгуучу органдын жетекчилерине жүктөлөт деп белгиленсин.";
2) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Ишкердик субъекттеринин ишине ченемдик укуктук актылардын жөнгө салуучу таасирин талдоо методикасында:
- төмөнкүдөй мазмундагы 121-пункт менен толукталсын:
"121. Жумушчу топтун мүчөлөрү ЖТТны жүргүзүүдө негиздүүлүк, объективдүүлүк, ачыктык, ырааттуулук, өз ара байланыш жана айкындык принциптерин жетекчиликке алат.";
- 15-пункттун төртүнчү абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;
- төмөнкүдөй мазмундагы 151-пункт менен толукталсын:
"151. Ачык консультациялар жыйналыштарга, кеңешмелерге, жумушчу жолугушууларга, семинарларга, тренингдерге жана башкаларга бөлүнөт.";
- 33-пункттун төртүнчү абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;
- 5-глава күчүн жоготту деп таанылсын;
- жогоруда аталган Методиканын 3-тиркемеси ушул токтомдун 1-тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын;
- жогоруда аталган Методиканын 4-тиркемеси ушул токтомдун 2-тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.
2. (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 18-февралындагы № 119 токтомуна ылайык күчүн жоготту)